"Кыргыз маданият борбору" улуу урматтуу Жаныбек Жанызак мырзадан кечирим сурайт
"Кыргыз маданият борбору" блогунун алып баруучулары улуу урматууу Жаныбек Жанызак мырзадан кечирим сурашат.
Блогду толтурууда Ж. Жанызак агай ачып, иштетип алып барган "Кыргыз гезиттер айылына" дайыма кайрылып турарыбыздан танбайбыз. Көп сандагы кыргыз тилдүү гезиттерибиздин өз сайттары болбогондуктан, бул сайт бизге керектүү маалыматтарды издеп табуу үчүн жакшы маалымат булагы болуп саналат. Биз башка бирөөнүн эмгегин өзүбүздүкү кылып көрсөтүүдөн алыспыз, ошондуктан ар бир макаланын алдында, ал кайсы гезитте, канчанчы күндө жарыяланганын башынан бери көрсөтүп турдук. Бирок бул жерде биз Ж. Жанызак агайдын эмгегин эске албай калыптырбыз. Аны үчүн кечирим сурайбыз.
Мындан ары "Кыргыз гезиттер айылында" жайгашкан гезиттерден макалаларды алып калсак, гезиттин өзүн гана эмес, бул сайттын дарегин да жарыялап турмакчыбыз. Бул жерде белгилеп кетүүчү жагдай, аталган сайттын дарегин биз блогдун оң жагында жайгашкан "Кыргыз тилдүү сайттар" рубрикасына эчак эле киргизип койгон элек.
Биздин "Кыргыз маданият борбору" блогубуз акча табуунун, же өз атыбызды чыгаруунун амалы эмес. Аны үчүн башка жолдор бар. Биздин негизги максатыбыз - бир маалымат булагынан кыргыз маданиятына байланыштуу бардык маалыматтар менен таанышып алууга мүмкүндүк түзүп берүү, ушуну менен кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу. Бул максатыбызды ишке ашырууда бардык тараптар менен кызматташууга жана ал кызматташтыктын бардык жолдорун ачык талкулоого даярбыз.
"Кыргыз маданият борборунун" алып баруучулары
Урматтуу «Кыргыз маданият борбору», маалыматыңар бираз туура эмес.
Эгер силер аталган гезиттердеги материалдарды ошол редакциянын өзүнөн алсаңар эч кимдин чатагы жок.
Бирок эгер силер биерге койгон материалыңарды ошо "Кыргыз гезиттери" айылындагы электрондук версиясынан көчүрүп алган болсоңор, анда так ошол көчүрүп алган дарегиңерди бергениңер жөн болор, себеби ошол интернет версияны ошол айылдын азаматы аракеттенип жасаганын унутпагыла.
Башка бирөөнүн эмгегин сыйлап койсо, эч нерсе болбойбуз, боордоштор...