Жыргалбек Касаболотов

Китептери:

Самурай кылыч - жүрөгүм (word түрүндө)

Ырлары:

ЭРТЕ КЕТКЕН ТУРНАЛАР
(же кечиккен репортаж)

Жаан ыйлап, жашын тынбай төгүп турду.
Жамы журт жамандыкты көрүп турду.
Жаалына чыдабаган эр жигиттер
Жаныштын аткычтарын сөгүп  турду.

Эл келип, эки жактан чубап жатты.
“Элди аткан кыргызбы?” деп сурап жатты.
Жамгырдай жааган октор тийген сайын
Жанымдан жапжаш балдар кулап жатты.

Бирөө да элден качып бөлүнбөдү.
Бир тобун эл көзүнчө өлүм жеди.
Бийликти алмак болгон билермандар
Бирөө да жаныбыздан көрүнбөдү.

Шыпшайдар тукумдары кетпей турду.
Шыкаалап, маскаларын чечпей турду.
Үчөөнү үзө атканга көздөн учуп
Үч мылтык колубузга жетпей турду.

Айкырып ичте калган Манасыңар
Айыкпай ок жаңылган жаратыңар,
Каректер асман тиктеп кала берди
Кагылбай кайра баштан канатыңар.

Эх балдар, таңды тоспой, ок тостуңар.
Эл менен акыреттен достоштуңар.
Аянтта, апрелдин сегизинде
Асмандан турна болуп коштоштуңар.

Турналар, эрте кеткен турналарым!
Туу кармап окту көздөй чуркаганым.
Көздөрү шамга айланып күйүккөнүм,
Көйнөгү канга айланып кургаганым.

Тирүүлөр өз өмүрүн улап келет.
Тизилген кирпичтерин курап келет.
“Тайманбас ал балдардын арбагына
Татыктуу болдукпу?” деп сурап келет.

Кан менен жин аралаш сасып турат.
Калааны күүгүм туман басып турат.
“Кайрандар өчү алынбай калабы?” деп
Кара таш көөдөнүмө батып турат.

Бир күнү мен да күнүм бүтүп калат.
Бир азга көч токтолуп күтүп калат.
Акыры араңарга кошулганы
Арбагым артыңардан учуп барат.

Июнь, 2010-ж.

КАЙРЫЛУУ

Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшунун жеми болуп
Мекенибиз өксүүдө тең жетилбей.

Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.

Көкөй кесип манкурттун таралышы,
Көздөн учту көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.

Улуу сөзүн унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым.
Уйпаланган токолдой жалдырабай
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегедей сөз эмес, азыр бизге
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.

Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас алыскы күмбөздө эмес,
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң арта бербей
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!
Январь, 2010-ж.

Мөлт эткен дүйнө

ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ

Каректен Дүйнө чагылып турган,
Кайрылбас Өмүр агылып турган.
Бүктөлгөн далай иштердин баарын
Бүтүрчү маалы табылып турган.

Күндөрү күнгө уланып барчу.
Күлмүңдөп кээде кубанып калчу.
Мөөнөтү жетип, үзүлүп түштү
Мөлтүлдөп турган бир Өмүр-Тамчы.

Толтура киши топурап барды.
Толтуруп уучун, топурак салды.
Томсоргон көздөр тобуна кайтып,
Томпойгон гана топурак калды.


САПАРДАГЫ САПТАР

ТИЛЕК

Дал бүгүн менин жергем ооруп турат.
Далысы кашаң аттай жооруп турат.
Дарактай кайран элди туш тараптан
Дапдаяр далай көркоо тооруп турат.

Көңүлгө үмүт берген канат менен
Көчөсүн башка өлкөнүн карап келем.
Аталар калтырган күч бул дүйнөгө
Атылып чыгаар күнүн самап келем.

Ышкысы көчмөндөрдүн дилим болуп,
Ырлары Калчоронун тилим болуп,
Чоң ишке жарак камдап жүргөнсүймүн,
Чок тилдүү Чоюн байке пирим болуп.

Таң кала карап турмуш оюндарын,
Ташталкан далай өлкө жоюлганын,
Кылычы Эр Төштүктүн, кыялымда
Кыя чаап ажыдаардын моюндарын,

Көнө албай көөдөнүмө жат агымга,
Көрүнбөй көк жалдардын сапарында,
Мээримин төккөн менен ата мекен,
Мен келем көптүн бири катарында.

Жата албай жылуу-жумшак түнөгүмдө,
Жаалы бар көчмөндөрдүн жүрөгүмдө.
Кайран эл качантадан көксөп келген
Кабылан болгум келет бул өмүрдө.

Сагынчым салмак-күчүн жыйнап келет,
Саякбай түспөлдөнүп ыйлап келет.
Кылычтын өрттүү мизин шилтей албай
Кынжыйып жүргөндүгүм кыйнап келет.

Тирүүлүк! Уулуң болом, кулуң дагы.
Тилеймин тагдырымдын күнүн жаңы.
Араңжан жазмыш өтөй турган болсом
Ажалым тартып кетсин бүгүн дагы.

Эңсеймин улуу күндүн барактарын,
Элиме жаркын доордун таң атканын,
Бабалар, өзүң колдо!
Бар болсо жасай турган зор иштерим
Бар бойдон калтыра көр, Жаратканым.

Анкара, 1997-жыл

 

ИНДИЯДАГЫ ТУУЛГАН КҮН

Этегин кармап эртеңин күткөн мезгилдин
Элеси келет эл-журттун алыс жактагы.
Орошон учур от койгон табын сездирген
Оргуштайт бүгүн отуз бир жаштын аптабы.

Таң менен келип, күүгүмдө күчү билинген,
Таң калам, карап, табышмак сырдуу тагдырды.
Бейтааныш түндө эшитип турам бүгүн мен
Бөлөк жер мага белекке берген жамгырды.

Тамчыдай таза батасын арнап, ыраактан
Тапшырма жолдоп жөнөткөн эле зор Мекен.
Бүлбүлдөй жанып билиги чуурган чырактай,
Бүтпөгөн канча иштерим калган болду экен?

Жоогазын түсүн жоомарттык кылып көрсөткөн,
Жолуңда тураар миң түркүн дүйнө баягы.
Жадырай тиктеп, карекке батпай мөлт эткен
Жашоонун көркү, жапжалгыз Өмүр аялуу.

Кыйкырып сөзүн кайрылбас учур мизинде,
Кыйкуулап бүгүн асманда куштар учат бат.
"Толуп кал" дешет, "жаштыктын жайнап ичинде"
"Тосуп кал" дешет, "таңдагы Күндү кучактап".

Асманы башка, шашканы башка бул күндөр,
Артыңда калаар эскерме болуп жазылган.
Сүрөттөр калаар, биз тандап түшкөн миң гүлдөн,
Сүйүүлөр калаар, табышмак бойдон катылган.

Ким билет, балким тизгинин жашоо бургандыр,
Кирген суу мисал мезгилдер жаңы башталып,
...Эмчеги ийип, элжирей карап тургандыр
Энемдин дагы арбагы бүгүн баш багып.

Озунат мезгил. Оргуштайт күрөш бүтпөгөн.
Отуз бир жашта башталган узак жарыш бул.
Апамдай болуп артымдан күтүп тиктеген,
Аман бол, деги, Мекеним менин алыскы,
Аман бол, жаным, Мекеним менин алыскы.

Хайдерабад, 2002-жыл


ПРАГА

Толтура көчмөн булут
Топтошуп көрүшкөн жер.
Үшүгөн башын катып,
Үрпөйгөн көгүчкөндөр.

Күн тийбес көчөлөрдө
Күлкүсү шарактаган,
Дайрасын адамдардын
Дайыма шар акпаган,

Баамында байкап турат,
Баш чайкап күмөн менен,
Түнт кыял көккөм калаа,
Түйшүгү түгөнбөгөн.

Буюрса бир аз күндө
Бишкекке жетип калам.
Эски шаар, кечир мени,
Эртерээк кетип барам.

Тумандай кымгуут басып
Турса да кара чымын,
Мекенин унутпаган
Мен Күндүн баласымын.

Чайыттай жарык бизде
Чагылат тунук карга.
Күн дагы касиетин
Көп катпайт булуттарга.

Эзелки тоо койнунда
Эл дагы, мал да батат.
Биз жакта теңдеши жок,
Бир укмуш таңдар атат.

Ээси жок жүргөн сымал
Эл жокто кайык көлдө,
Самаган Күндүн көзүн
Сагынчым айып көрбө.

Түн катып эми кимдер
Түйшүгүң тартаар экен?
Үмүт чоң улуу жолдо,
Үлгүрүп калсам экен,
Үлгүрүп калсам экен...

Прага, 2004-жыл


ӨКҮНҮЧ

Жарыша чуркап жүрүп көсөмдөргө,
Жаштыгым агып кеткен өзөндөрдө.
Жалгыздык жанга батып, үч күн бою
Жалдырап ооруп жатам бөтөн жерде.

Жомоктор жоокердикке куштар кылып
Жол жүрдүм, кол жоорутуп, бут талдырып.
Энемден ажыраткан ушул жазмыш
Энелүү жетимдерге суктандырып.

Мен кылган эрдик калды, күнөө калды,
Мекенде мени күткөн бүлө калды.
Адашкан тамгалардын бүктөмүндө
Адашкан жылдарымдын бирөө калды.

Башкага байкалбаган жылыш болдум,
Батышка батпай турган Чыгыш болдум.
Тоңмоюн отунчулар баасын билбей
Токойдон жыгач кескен кылыч болдум.

Кайнаса канын кошпос бөтөн жердин
Кайдыгер калааларын нечен көрдүм.
Булутта жүргөн дилим пастай түштү,
Буюгуп ден соолугум аксай түштү,
Бу сапар Күн Батышка бекер келдим.

Прага, 2004-жыл


БАТЫШТА

Шайдоот баскан атындай мүнүшкөрдүн,
Шаар ичинде шашылбай жүрүп келдим.
Үлүлдөрдүн тышынан жасалгансып
Үлпүлдөшөт үйлөрү Брюсселдин.

Баарысында жаркырап кечки шамдар,
Байыркыны туурашат эски тамдар.
Жетпей жүрүп эми араң табышкансып
Жетелешет көчөдөн кемпир-чалдар.

Аралашып бул жакта баары жүрөт,
«Африканын агарбас тагы» жүрөт.
Карылыгын Батыштын жөн бүтүрбөй
Кайран кытай бул жерде дагы жүрөт.

Өз элинен көр оокат сууруп барган,
Өзгөлөргө тагдыры буулуп калган -
Ошолордун баарысын бул заманда
Оомал-төкмөл зор дүйнө жууруп салган.

Жактап келет сепилин, бөөдө жылгыс,
Жазып келет мыйзамын, өйдө кылгыс.
Көчмөндүгүң өчмөндөй бул заманда
Көргөн күнүң не болот, көөнө кыргыз?

Карабастан оң-солду, жаш-карыны,
Качан бүтөт жарышкан таскак уруу?
... Анын баарын ойлогон жалгыз барак -
Ат көрбөгөн кыргыздын жазган ыры.

Брюссель, 2005-жыл

 

ТЕҢИР ЖОЛУНДА ТЕГЕРЕНГЕН ЧЫНДЫК

(Желаледдин Руминин 800 жылдыгына карата эссе)

Айлана,
Айланайын,
Асман, Жер, касиеттүү,
Төрүндө чөп түлөгөн,
Төбөсү көк тиреген,
Теңирдин улуулугу,
Тереңи деңиз сымал
Тептегиз мелтиреген,
Жаңырып чыккан сайын
Жарык нур туш тарабын өпкүлөгөн.

Айланат жердин шары,
Айланат Ай менен Күн,
Айланат адам билген уламалар.
Азия Европага чөккөн жакта
Айланат аппак кийген дубаналар.
Айланат, Аалам жолун
Ар дайым улап алар.

Чыгыштан жарык келет,
Чырактай жанып келет,
Чындыгың ай-ааламды жарып келет.
Көчмөндөр негиз салган,
Көйкөлтүп тегиз салган Теңир жолу
Күрпүлдөп чоң Бээжинге агып келет.
Ааламды жууруп салган улуу билим
Ал жактан эки айрылыш багыт берет.

Бирөөсү салт-санаанын жолун айтып,
«Бирөөсү бирөөсүнө,
Зайыбы күйөөсүнө,
Баласы атасына
Баш бериш керек» деди.
«Күчтүүсү күчсүзүнө
Кам көрүш керек» деди.
Бирөөсү Акыйкаттын Оң менен Солун айтып,
«Аярлык өкүмдүктү жеңет» деди.
«Акыйкат ак пейилге айттырбай келет» деди.
«Айтпагын эч нерсени,
Айтылган Акыйкатың -
Акыйкат эмес» деди.

Арадан Теңир жалгап
Айтылуу Индиядан адамзатка
Акжолтой акылмандын бири чыкты.
Алты жыл сүкүт салган
Будданын тили чыкты.
«Артыкбаш напсилерден арыл» деди.
«Ааламга аралашып
Агыңдан жарыл» деди.
«Акылың тунуп калган учурунда
Акыйкат кабыл» деди.

«Өмүрдүн азгырыктуу
Өңүнөн түңүл» деди.
«Өйдө бол, арамыңдан,
Өрүктөй күбүл» деди.
«Өзөгүң кайда калган?
Өзүңө үңүл» деди.

Жарыгым, жалпы адамзат - жалаң гана
Жакынкы Чыгыш эмес.
Акыйкат - өзүң менен өзгөлөрдү
Так бөлүп туруш эмес,
Акыйкат - заңгыратып
Ак мечит, аппак чиркөө куруш эмес.
Акыйкат - «динге кир» деп
Айтылган сунуш эмес,
Акыйкат - моюндагы жоопкерчилик,
Ал тургай жоокерчилик,
А бирок уруш эмес.

Билген бар, билбеген бар.
Бирөөнүн айткандарын
Бир-бирден иргеген бар.
Бирөөнүн айтканына кирип алып
Билинбей кирдеген бар.

Өмүр бар, өнөрүң бар.
Өнөрүң өргө чапса
Өтө көп көрөрүң бар.
Өзүңө үңүлгөндө
Өмүрдүн түбөлүктүү болоорунан түңүлгөндө
Өзгөгө берээриң бар.
Өзүңдө тунуп жаткан
Өзөккө келээриң бар.

Сокурлар жашап турган бир калаага.
Соо киши пил жетелеп алып келсе
Аларың айтат имиш,
Тумшугун кармап көрүп «түтүк» дешип.
Кулагын «килем экен түзүк» дешип.
Куйругун «аркан» дешип,
Буттарын «мамы» дешип,
Тулкусун чапкылашып,
«Күмбөздүн тамы» дешип.

Ошонун сыңарындай
Ар кимди «пирим» дейсиң,
«Асмандан китеп түшкөн
Акыркы билим» дейсиң.
«Адамзат акыры өтөт,
Акыйкат диним» дейсиң.
Адамзат, айтчы деги,
Качан сен пилди көрүп
Жөн гана «пилим» дейсиң?

Сен өзүң Будда экениң эстегенде,
Чындыкты Лао Цзыдай беттегенде,
Актыкка Иса болуп чөмүлгөндө
Кагазга Хаям болуп төгүлгөндө
Баланын дили болуп
Агыңдан жарылганда,
Артыкбаш арамыңдан арылганда
Өзүңдө уктап жаткан
Өзөгүң табылганда
Ай-аалам сен аркылуу ырын айтаар,
Аялуу сырын айтаар.

Акыйкат кайда деги?
Абалкы акын салган чыйыр менен
Айланган дербиштердин изиндеби?
Салт үчүн жанын кыйган
Самурай кылычтардын мизиндеби?
А балким карап көрчү,
Акыйкат ичиңдеби?

Акыйкат, Теңир жолу
Ааламга чеги батпас деңиз беле?.
Ар дайым телегейи тегиз беле?.
Айрылбас ак-карасы эгиз беле?
Адамдар үстүндөгү толкун беле?
Ар бири өткөн өмүр
Акыркы жортуул беле?

Көп толкун жээкке жетип, жээкте калат,
Көк деңиз мурдагыдай көктү карап,
Ак толкундар
Агымга кабылганда
Агынан жарылганда
Ааламдын кереметтүү ырлары агат.
Сагынтып арттан аккан адамдарды
Сан кылым өткөндөрдүн шаары калат
Сайраган Өтө калат.
Саякбай жете барат,
Сап тизген Басе калат.
Сан жеткис асылдардын баары калат.

Акыйкат өйдө чыкпас,
Адамдын түпкүрүнөн кайнамайын,
Ааламдын жан-дүйнөсү,
Адамдын тили менен сайрамайын.
Мен дагы түшүп алып өз Жолума.
Сүкүттүн түбүндөгү
Сүйүүгө байыр алайын.
Анткени билесиңби?
Мен сени жакшы көрөм, Жарыкчылык,
Атыңдан айланайын,
Затындан айланайын,
Айланайын...

«Journalist news», 04.2009-ж.

* * *

КЫРКТЫН ЫРЫ

Айтканын окуп жүрүп акындардын,
Артынан ээрчип жүрүп закымдардын,
Кызыгын көрүп келип тирүүлүктүн
Кырк жаштын кыр белине жакын калдың.

Кырктан соң жаштык калбай, милдет калаар,
Кыялың көп нерседен кирдеп калаар.
Кыз-келин кылчайса да сөз айта албай
Кызыгып «Тигил байке ким?..» деп калаар.

Балдарың басканыңды түздөп калаар.
Башкалар «сен» дей албай «сиз» деп калаар.
Күзгүдөн көргөнүңө көөнүң толбой
Күбүлгөн күч-кубатын издеп калаар.

Мейкинде көздөн учкан бүркүт калаар.
Мезгилиң бел кырчоону түртүп калаар,
Сүрүңдү сүрөттөргө окшото албай
Сүйгөнүң көк түтүнүн бүркүп калаар.

Жоготуп жолдон далай асылдарды,
Жортуулдан жооруп кайткан атың калды.
Тур, жөнө, турмушуңдун кыйрын көздөй,
Тулпарым!.. Эшек жашың жакын калды.

 

БАТКАК ОЮН

Булбулдун тили так катты.
Бузуктар ишин башташты.
Ойрондор чыгып кыргыздан
Ойноду, чачып баткакты.

Башкага жукса сүйүндү,
Башына тийсе күйүндү.
“Жардам бер, утмак болдум” деп
Жат элге барып жүгүндү.

Чыккынчы болуп, сырдашты.
Чылада жатып, чырдашты.
Ыгы жок жерден сөз кылып
Ыйыктын баарын булгашты.

Чачылган жерин терген жок,
Чачканы жардам берген жок.
“Ордомду бузуп жатам” деп
Оюна такыр келген жок.

Өлкөбүз байкуш ээси жок,
Өзгөртө турган дөөсү жок.
Табактап чачкан ылайдан
Тазармак беле, мээси жок!..

Таймаша турган талаш жок,
Такташа турган кагаз жок.
Баарысын бирдей өз санап
Башкарып кетчү Манас жок.

Жарыгы жанган жылдыз жок,
Жарымы кеткен, кыргыз жок.
Карааны тоодой көрүнгөн
Кайраның эсил Чынгыз жок.

Камалып тыштан чеп калды,
Калың журт санаа жеп калды.
“Ишенип жүрсөк, буларың
Ит экен баары” деп калды.

Максатсыз элди камашып,
Мал кылып бирден санашып,
Көрүнгөн жакка сүйрөштү
Көкбөрү кылып талашып.

Башкача жолго барсакпы?
Баарысын жыйнап алсакпы?
“Арбашып жата берсин” деп
Ак Үйгө камап салсакпы?

Баарылап тышка куусакпы?
Башкабыз белди буусакпы?
Өзүбүз эле колго алып
Өлкөнүн ичин жуусакпы?

Оюмду жаздым, мен, кыргыз,
Ойлонуп көрчү, сен, кыргыз.
Эртеңки күндөн кечикпей
Эсиңе бүгүн кел, кыргыз.
Октябрь, 2010-ж.

 

МЕН ЖАНА МЕЗГИЛ

«Сердце мясом приросло к жизни»
В. Шукшин.

Мен ким элем?
Мейкиндин кеңдиги элем.
Шагында бутактардын ойноп турган
Шамалдай эркин элем.
Адамдар из сала элек
Ажайып мейкин элем.

Жан сырын казат элем.
Жарпымды жазат элем.
Жан-жагын элес албай басат элем.
Жүрөгүм күйүп турган
Жүзүмдөн күндүн нуру сүйүп турган
Жүгү жок аргымактай азат элем.

Ал кезде мен тоолорго
«Абаздуу булбул» эмес,
Айбаттуу бүркүт болуп конгум келчү.
Аябай кубат-күчкө толгум келчү.
Жай жаткан жазгыч эмес,
Жомокто жеңилбеген
ЖООКЕРДИН эң мыктысы болгум келчү.

Жанымда ким бар эле?
Жайнаган күн бар эле.
Жаштыгым жаңы күчөп турган эле.
Жароокер ашыгымдын
Жанында жаткан бойдон
Түбөлүк калгым келген
Түн бар эле.

Азыр мен ойлоп көрсөм
Ал кезде бардык жагым толгон экен.
Айтканын адамдардын элес албай,
Ар кимден кеңеш албай
Жетчүгө жете берсем болмок экен.
Кылычты бекем кармап
Кыялдын аркасынан
Кыр ашып кете берсем болмок экен.

Арадан жылдар өттү.
Адамдар жакындашты.
Ар бири бирден кирип
Эшигин жүрөгүмдүн такылдатты.
Этектен-жеңден тартып
Эски үйдүн желесиндей,
Эртеңдин белесиндей закымдашты.

Ар бирөө ар нерсени «келе» дешти.
Аз-аздан жүрөгүмө
Ар кими өз билгенин чегелешти.
Аларга белек кылган
Айдыңды менчик кылып тебелешти.

Жашырбай айткым келди,
Жакындар жан сырымды түшүнбөдү.
Мен сүйгөн, мен эңсеген
Мейкинге мээримдерин түшүрбөдү.
Күн сайын түшүнөөр деп
Күдөрүм үзүлбөдү.

«Өмүрдү жеңиш үчүн
Өзүңдөн утул» дешти.
«Кылычтын бул заманда пайдасы жок,
Кыялдан кутул» дешти.
Мизимди мокоткон соң, акырында
Көрсөтүп көр оокатты
«Милдетиң ушул» дешти.
Асылым адамдар ай,
Акылын айта берип
Азайтты азоо чалыш адатымды.
Бүктөштү китеп кылып «жомок» дешип
Бүтпөгөн дилимдеги Манасымды.
«Кыскартып, тегиз кылып берели» деп
Кыркышты канатымды.
Иштерин жөлөй албай
Ичимден таяп турдум.
Баарысын таштасам деп
Башкасын аяп турдум.
Кылчактап кылычтарга жүргөн менен
Кыялбай адамдарды карап турдум.

«Ал уят, бул күнөө» деп
Азайтып чабытымды.
Талаада жалгыз турам бүгүн эми
Табалбай багытымды.
Ооматсыз оодарылган
Ойлорум ойгото албай намысымды,
Күн сайын бир тамчыдан өлүп барам,
Күлмүңдөп көңүл үчүн камдап берип
Күн көрбөй өзүм жатчу табытымды.

Бул мага чоочун өмүр.
Бутактап чырмалса да милдет менен
Бул тагдыр эттей өсүп жүрөгүмө.
Кайтамбы, кайталбаймбы,
Кайрадан нак өзүмдүн түнөгүмө?
Айта албайм. Айтыш кыйын.
Анткени басып кетким келээр замат
Адамдар себеп болот күмөнүмө.

Жаш өттү. Жакындарды
Жарашпас кыйнаганым.
Жаштыктын демин самап
Жаныма сыйбаганым.
А бирок эмнеликтен
Адамдар уктап жаткан айлуу түндө
Абалкы көксөөм үчүн кыйналамын?
Адамдар уктай берсин.
Аларга жакпайт мунум.
А бирок бир күн келээр, бекингиле!
Ал күнү жанар тоодой
Асманга атып кетсем кечиргиле!
Байланбай чырмалышкан турмушума
Багытым чабытымды коштогондо
Баарынан басып кетсем кечиргиле.

Адамдар, кечиргиле,
Чым баскан отоо чөптү жоготкону
Чындык деп күйүп кетсем,
А балким ак дилимден ким бирөөнү
Астейдил сүйүп кетсем,
Болбосо болбогонду болтурам деп
Кындагы чаңын сүртүп
Кылычты сууруп барсам,
Ойлогон максат үчүн далайларды
От болуп кууруп салсам,

Өң карап жүз тайбастан
Өрт койсом чириктерге,
Качырдын баарын сүрүп улуу жолдон
Камчы урсам күлүктөргө,
Алыстап баарыңардан
Арбалсам адам жетпес бийиктерге,
Болбосо көз чаптырып мейкиндикке
Бошонсом өзүм сүйгөн эркиндикке.

Баарысын кечиргиле,
Башынан ташталуучу кадам сымал.
Баарысын түшүнгүлө,
Баарысы батып келген заман сымал.
Адамдар, айланайын адамдарым
Айтылган сөзүмдү эмес,
Ата элек дүрмөтүмдү кечиргиле.
Анткени силер дагы
Абалтан ошол үчүн Адамсыңар.

 

ДҮРМӨТ

Мен жашоодо мезгил менен көп актым,
Мээлебестен кур дүрмөттү көп аттым.
Кум үстүнө сууну бекер төккөндөй
Куу талаага билбейм, анча неге аттым?

Ок салсам да оолак учуп, тийбеди.
Он чактысы бир бучкагын чийбеди.
Аң-таң калып айланамда тургандар
Анча дүрмөт не болгонун билбеди.

Таамай тийсе таарып түшмөк бүт эле.
Так ошол күч - ташты жарган күч эле.
Ойноп аткан ошол кайран дүрмөттөр
От бүркчү эле барган сайын күчөнө.

Арт жагымда отуз тогуз жаз калды.
Азыр мына, кыркынчысы башталды.
Атаганат, арбын бута көрсөм да
Атышканга дүрмөттөрүм аз калды.

Талапташым кыт куюшкан түн кетти,
Тарсылдатып талаага аткан күн кетти.
Азыр таамай тийерине көз жетпей
Аяп турам бир аз калган дүрмөттү.

Эми көпкө жетпес… Мейли, жетпесин,
Эртең атсам туура жакты беттесин.
Эмне дейбиз? Октор бекер кетсе да
Эң башкысы - Өмүр бекер кетпесин.

 

САЗ

Эл жетпеген аска элем. Урчук болдум.
Ээ-жаа бербес дайра элем. Тынчып болдум.
Бүркүт элем, шаңшыса кийик үрккөн,
Бүгүн минтип, колдогу чымчык болдум.

Каалаганым көп эле. Азы калды.
Кайдыгерлик жашоомду басып алды.
Көңүлүмдө көк деңиз кирдеп бүтүп,
Көлчүктөрү көрүнгөн сазы калды.

Алыс болуп сырдашкан жакыным да,
Айтаар ойлор калган жок, акылымда.
Термелбеген жымжырттан мээнин ичи
Тегиз болуп калчудай, акырында.

Жүрөгүмдү жүткүнтөөр ысык болбой,
Жүрөм азыр бузук же түзүк болбой.
Жан-дүйнөмдү жалкоолук ээлеп барат
Жасай турган эч бир иш кызык болбой.

Максатым жок, астыга сүйрөй турган,
Мааниси жок сөзүмдүн, сүйлөй турган.
Бороондорго туруштук берээр бекен,
Бопбош жүрөк, эч нерсе сүйбөй турган?

Ташкыным жок. Көп болду тыйылганым.
Тагдыр эле, башынан сыйынганым.
Максатымды жолумдан күтөйүнчү,
Маңдайыма жазгандыр буюрганын.

 

ТҮН

Абалкысы табышмак тарых болуп,
Азыр бизге жеткен нур анык болуп,
Качанкы бир кылымда өчкөн жылдыз,
Каректерде чагылат жарык болуп.

Ай шашылбай акырын сүзүп барат,
Аппак таңдын атышын күтүп барат.
Далдаасында чубалган булуттардын
Дагы бир түн мөөнөтү бүтүп барат.

Эртели-кеч экран үңүлгөнүм,
Эки жакты көргөндөн түңүлгөмүн.
Асман бетин аңкайып тиктеп турам.
Айта турган сөзүм жок, бүгүн менин.

Булут-Дүйнө чыгыштан чубап келди,
Буурул түндүн сапарын улап келди.
Сөлөкөтүн тамганын көргүм келбей
Сөз-Дүйнөдөн чарчаган убак келди.
23/07/11

 

АНЫК-КАЙЫП

Айлампалуу көк ирим,
Азган булут көңүлүм.
Ак жолумду ача көр,
Айланайын Теңирим.

Айыкпаган жарасы,
Адамзааада баласы,
Анык менен Кайыптын
Ажырашкыс арасы.

Ойноктогон тайкүлүк,
Обологон Ой күлүк,
Чиркин дүйнө токтобой
Чимирилген дөңгөлөк.

Жакшы жагы табылган,
Жармачынан арылган,
Жаңдап койгон жагынан
Жанар тоосу жарылган.

Эзелтеден келишкен,
Элге жарык беришкен,
Эңсеп жүргөн тилеги
Эски музду эриткен,

Түбөлүккө үңүлгөн,
Түптү карай сүрүлгөн,
Түртүп койгон күчүнөн
Түмөн булут түрүлгөн.

Көбүк чачкан көк ирим,
Көчкөн булут көңүлүм.
Көксөгөнүм бере көр,
Көктө жанган Теңирим!
10.2011

КЫТАЙ

Жетпес кылып адам билген сөздөрдү,
Жер шарынын бир капталы өзгөрдү.
Алманбетке аалам сырын үйрөткөн
Ажыдаардын козголгонун көз көрдү.

Аска-зоону бөксө кылган тегиз бул,
Абалтадан Күн Чыгышка негиз бул.
Жер бетине желип чыккан кези экен,
Жээгин жалмап, жеп бараткан деңиз бул.

Чекесинен четке жылып жаткан жер,
Ченеп кирсе, чепке айланып каткан жер.
Байыртадан башын каткан сепилин,
Бабам көчмөн далай жолу баскан жер.

Эзелкинин эсил наркы сүйлөнбөй,
Элге чертсе, эч ким укпас күүлөрдөй
Салты барат унут калып бул дөөнүн
Салынса да сатылбаган үйлөрдөй.

Оңой менен эрибеген тоң өлкө.
Орун жетпес, опол тоодой чоң өлкө.
Он миң жылдык өнөр менен тарыхын
Ойлонууга... убактысы жок өлкө.

Тамырында тарых күүсүн эшитпей,
Таштан бүткөн дарбазасын бекитпей,
Тердеп-тепчип, шашып барат кайдадыр
Тереңирээк дем алганга жетишпей.

Таалайына жазып койгон багы бар,
Тамырында далай элдин каны бар,
Канат шилтеп, катуу жөнөп калыптыр,
Кайда барып токтоор экен, жаныбар?
Бээжин, сентябрь, 2012-жыл.

 

КҮЧ 

Сүйлөшсөң сөз учугун кызытканга,
Сүйүшсөң - кош жүрөктү ысытканга,
Күч керек, күндө кылган иштериңе,
Күч керек, бул дүйнөгө кызыкканга.

Ааламдын айтаар сөзү анык турат.
Агарып аткан таңда жанып турат.
Күн дагы, бул дүйнөнү нечен кылым
Күч топтоп келген үчүн жарык кылат.

Атаарда - дүрмөтүңдү октош керек,
Алыска аттанаарда - токтош керек.
Ааламга Күндөй болуп жаныш үчүн
Ааламдын асыл күчүн топтош керек.
Октябрь, 2012

 

ТЫГЫН

Кандай гана бурулуш!
Кадам сайын курулуш...
Шаар ичи бытылдап
Шашкан сайын тыгылыш.

Өйдө-төмөн жанашып,
Өчөгүшө карашып,
Өтөт автоунаалар
Өмүрүңдү талашып.

Тогуз жолдун уюлу -
Токсон багыт туюгу.
Курсагынын кулубу,
Кумурсканын уюгу?

Машинелер көп келди,
Маркалары төп келди.
Теңир сүйгөн жеримди
Темир басып кеткенби?

Автокөлүк батмандай,
Араң эле баткандай,
Талаш жолдо бүт аалам
Тарып бара жаткандай.

Жүрүп-жүрбөй дем алып,
Жүргүнчүдөн көп алып,
Бүрүштүрөт бусиктер
Бүткөн бойдон тер агып.

Жолду күтүп эзилип,
Жөөлөгөнүн кечирип,
Багыт алган жагыма
Баратамын кечигип...

28.12.13.

 

ӨМҮР-КИТЕП

Бала кезден баш сөзүнө үңүлгөн,
Бармактардан барактары сүрүлгөн,
Окуп жүрүп Өмүр деген китепти
Ортосуна жетип калдым бүгүн мен.

Оодарылган беттер улам аяктап,
Отурамын саптан сапка жай аттап.
«Баштаган соң бүтүп коюш керек» деп
Баш көтөрбөй тиктей берем барактап.

Тагдырымдын табышмактуу дептерин
Тапкым келип сабак болчу кептерин,
Үзүлгөндөр уланчудай көз албай
Үмүт менен улам ачам беттерин.

Ортосунда көк асаба, кызыл туу,
Окуясы оймо-чийме сызыктуу,
Далайлардын сырын каткан бул китеп
Дагы кимге болоор экен кызыктуу?..

05.01.14

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *