Нарын шаарында питомник жана сейил бак уюштурулат

Нарын шаарына питомник жана сейил бак уюштурулат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Кубан Нурманбетов «Naryn.kg» маалымат сайтына билдирген.

Анын айтымында, Нарын шаарынын «Батыш» чөлкөмүндөгү мурдагы ботоникалык бакчасына мөмө жемиштер питомниги жана шаардын кире беришине «Жаңы-Жер» сейил багын уюштуруу пландалууда.

"Бул боюнча КР нын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикттикке долбоор жазылып, мөмө жемиштер питомнигине 1 млн. 188 миң, ал эми «Жаңы-Жер» сейил багын куруу үчүн 1млн. 160 миң сом суралган. Аталган агенттик тарабынан берилген долбоорлор жактырылса бул иштер колго алынат", - деди вице мэр.

Ошондой эле мэрдин орун басары, шаардын «Теңир-Тоо» аянтына 91 «Тянь-Шань» карагайы, 36 кызыл карагай жана жалпы шаарга боюнча 620 ар кандай көчөттөр отургузулгандыгын белгиледи.

"Тянь-Шань" карагайынын ар бири 1300, ал эми кызыл карагайдын ар бири 500 сомдон шаардык бюджеттин эсебинен алынды. Мындан сыркары Нарын шаарынын 70 жылдыгына байланыштуу облустук,шаардык мекеме-ишканаларга милдеттендирилип тогуз миң көчөт тигүү пландалууда", - деп кошумчалады К.Нурманбетов.

«Zpress.kg» МА, 30.03.2009-ж.

Вам может также понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *