Архив по дням: 25 марта, 2009

Көкбөрүнүн баш байгесин "Бөрүлүү" жеңип алды 0

Көкбөрүнүн баш байгесин "Бөрүлүү" жеңип алды

Ыңкылаптын 4 жылдыгына карата Бишкекте көкбөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Ат майданында күйөрмандар азыраак келишип, мелдештердин деңгээли начар болду деген пикирлер да айтылды.

Жаңырган жуманын маданий окуялары 0

Жаңырган жуманын маданий окуялары

24-мартта өлкөдө Элдик ыңкылап күнү белгиленет. Ага арналган салтанат улуттук филармонияда саат ондо өнөрпоздордун концерти менен башталат. Мындан тышкары эс алуу бактарында, маданий жайларда оюн-зооктор уюштурулат.

Ноорузду кыргызча атаса болбойбу? 0

Ноорузду кыргызча атаса болбойбу?

Нооруз - фарсы сөзү. Кыргызчалаганда "жаңы күн" деген маанини берет. Кыргыздар деле бул күндү абалтан "Улустун улуу күнү", "Улуу күн", "Жаз майрамы", "Жаңы жыл" же "Жыл ажыраш" деп атап келген.

Нооруздагы улуттук оюндардын деңгээли төмөн 0

Нооруздагы улуттук оюндардын деңгээли төмөн

Бишкектеги Нооруз майрамына арналган мелдештердин деңгээли жылдагыдан начар болду деген пикирлер бар. Мөөрөй талашууларга беш жүздөн ашуун спортчу катышты. Көк-Бөрү мелдешине 4 команда гана катышууда.

Аш-тойлорду жупуну өткөрүүгө депутаттар макул эмес 0

Аш-тойлорду жупуну өткөрүүгө депутаттар макул эмес

Аш-тойлордо бир нече бодо сойгон учурлар кыргызда салт болуп калган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун аш-тойлордогу эсепсиз чыгымды азайтуу боюнча токтомунун долбоору ушул аптада парламентте каралды. Бирок аны депутаттар колдогон жок.