Шайлообек Дүйшеев

d188d0b0d0b9d0bbd0bed0bed0b1d0b5d0ba-d0b0d0b3d0b0d0b9

Шайлообек Дүйшеев жана анын чыгармалары тууралуу

Шайлообек Дүйшеев (Уикипедия)

Бөтөнзордук (ой толгоо)

Теңир колдогон талант

Шайлообек Дүйшеев "Кыргыз маданият борборунда"

Улуттук эгемендүүлүктүн Гомери
 

Макалалары. Чыгармалары

Сөз дайра

Сөз дайра. 26.07.2011

Сөз дайра. 03.08.2011

Сөз дайра. 08-16.08.2011

Сөз дайра. 26.08.11

Сөз дайра: 23.09.2011

Агындылар (үзүндүлөр)
 

Ырлары

Эки дөөнүн күрөшү

Отко чуркаган бала


 
* * *
Көңүл канап, өң алеттен азабыз,
күндө бөлөк жолго түшүп басабыз.
Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн
биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдөп шапар тебишет,
бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма
Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,
биз байларга шайланарда керекпиз.
"Эл" деген - биз, макулук да, маймыл да,
Эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз.

Ата-Журтта ач жылаңач, араң жан,
аялга окшоп зордукталган, таланган.
Өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.2010-ж.

 

БИШКЕК
Бишкек, Бишкек... Билбегенге биздин шаар,
Бирге - чылбыр, экисине - тизгин шаар.
Бир карасаң калдай каалга, кан сарай,
Бир карасаң кара баткак, мискин шаар.
Көдөөсү көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,
Көздүү жактан келип түшсөң "өлүк" шаар.
Байкушуна - базар, мазар, баш паанек,
Байларына - байлык, айлык, өрүкзар.
Милийсасын тизип алып таңгактап,
Бир көчөсүн жууп-жуктап, ардактап.
Өйүз-бүйүз эл шыкалган ал жерден
Өкмөттүк колонна өтөт дардактап.
Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,
Маршрутка көп, машина көп чымындан.
Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,
Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.
"Артис тамдар" салынганы салынган,
Антсе деле шаар болуудан жаңылган.
Белден өйдө келе бакан кыштактар,
Белден ылдый ала бакан айылдар.
Уркуюшуп арасынан муз-кардын,
Варикозу сыяктанып буттардын.
Ташын-кумун тээп салып асфальттын
Тамырлары качып барат дубдардын.
Тиштериңдин баары металл коронка,
Бишкегиңдин баары бензоколонка.
Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,
Бир жиндинин колундагы воронка.
Ээсиз үйүн кытайларга толтурган,
Эри да жок, эли да жок кол сунган.
Бишкек мага кемпир болуп элестейт
Эски-ускусун сатып бурчта олтурган...

"Айат пресс" (12-февраль 2009-жыл)

 

КЫРГЫЗ ТАҢЫ
Кылаңгыр нурга жык толуп,
булуттар булайт үлбүрөп.
Атка окшойт бул таң нык тоюп,
акырда турган үргүлөп.

Жылгалар аздан агарып,
«жылт» этет тоого төнүп жол.
Арчалар белди таянып,
адырлар чубайт өгүз жон.

Жашыл төр. Жалбыз аңкыган,
бел, бейит көзгө жай жылат.
Жылкылар түшөт кайкыдан
туяктар көктө шаңгырап.

Жээгине мел-калт шыкалып,
жең болуп жерде агат сай.
Чала уйку көздөй кызарып
чарчаган чычырканактар...

Жалгыз там. Бешик сырдалган,
ээр токум. Жалгыз сарай тур.
Ашкана. Керме кир жайган,
аш үстөл. Жаайт таранчы...

 

ЖАЗГЫ ТАҢ
Аруу жел агып көктөмгө,
агарып жылдыз өчкөндө.
Мөңгүдөн түшкөн өзөндүн
мөлт этти жашы чөптөргө.

Агыш нур аздан тарап жай,
ачылып айыл барактай.
Тарбаңдап чуркап келатат
таш жолду бойлоп дарактар.

Жөжөдөй алсыз, уяң да,
жөө келип бул таң туманда,
Жөөлөсөң кулап кетчүдөй
жөлөнүп турду тулаңга...

 

ЖАМГЫР
Көл-шал түшүп жамгыржан,
көнөктөттү калбырдан.
Булут басты тоо башын,
бурганактап кар кылган.

Кыян жүрүп заматта,
кырды-кырдай чабат да.
«Чарт» дей түшөт асмандын
чагылганы чала аткан.

Желеленип аңыздар,
жер - деңиздей, алыстан
Агындыдай чайпалат
агыш сарай, агыш там.

Көк чылгый жол кенебей,
көктү тиктейт теребел.
Кылыч окшоп кыяк чөп
кыткылыктайт беделер.

Даалдап суулар чапкылап,
дарак жыргап аптыгат.
Санаасы жок кашкаңдап,
сайдын ташы каткырат.

Көшөрдү күн көшөрдү,
көзү ачылбай нөшөрдүн.
Өйүз менен тең болуп,
өңү албырат өзөндүн.

Ээн талаа. Бар атчан,
эрбең-эрбең бараткан.
Эмне издеди бейубак,
агат, агат, агат жаан...

 

ТҮШ
Кеберсийт талаа. Чөккөн күн,
чөл сүйрөп келет аптабын.
Өрөөнгө түшкөн өрттөгү
өзөндүн онтойт таштары.

От жаккан мештей ысылап,
үйлөр үп. Үймөк чөп жошо.
Кызыл ат - кырга кызыл от,
төө өркөч тоого - көз бото.

Арыктын суусу балдырттап.
айыл тынч өткөн түндөрдөй.
Жалгыз бак - жалгыз балмуздак,
жамгырсыз күндөр, күйгөн жер.

Закымды жиреп унчукпай,
желесин тартат зым мамы.
Учалбай турат чымчыктар,
шишкебек болуп зымдагы.

Коруктан түшпөй кыйкырган,
короздун үнү түгөнүп.
Кол чалгы чарчап шылкыйган,
короодо талды сүйөнүп.

Таранчы чоктой бүркүлгөн,
жалбырттап жатат бул аңыз.
Ак түтүн болуп илкиген
жол гана алсыз чубалып...

 

КҮЗ
Алыстап аптап көздөгү,
ала бел. Айдын чөккөнү.
Аштоону тиктеп алаят,
ак торпок үймөк чөптөгү.

Арыктап токой, тал жүдөп,
айыл суз. Аста сай күлөт.
Агарган бейит алдында,
акырын оттоп мал жүрөт.

Жон жатат боздоп "ЗИЛ" аккан,
жол бойлоп турат бир ак там.
Жомокпу, малбы, сүйүүбү,
жок издеп барат бир атчан.

Саргарып аңыз күндү өрүп,
сары кыр жондор сүйрөйүп.
Өтүктөн түшкөн чулгоодой
жол келет бутка сүйрөлүп.

Кабар жок кайткан куштардан,
кан-сөлсүз асман сустайган.
Кагаздай талаа... Зым мамы -
карандаш өңдүү учталган...

 

БИШКЕК
Бишкек, Бишкек... Билбегенге биздин шаар,
бийлегенге бизнес шаар, тизгин шаар.
Билим саткан, тилин саткан, бит саткан,
бир карасаң бир бечара мискин шаар.

Бир карасаң көр-жер тарткан көлүк шаар,
бир карасаң капкараңгы "өлүк" шаар.
Шодокондун бүркүттөрү тыткылап,
шордуу журту жашап жаткан көнүп саал.

Бир көчөсүн жылда кумдайт ардактап,
милийсасын боо-боо кылып таңгактап.
Өйүз-бүйүз элин жерге түкүртүп,
өкмөттүк колонна өтөт дардактап.

Миң көчсүн жылда жамайт жырыйган,
машина көп, маршрутка көп чымындан.
Үйгө келип чөнтөгүңдү аңтарсаң,
МАИлердин колу чыгат шымыңдан.

Мээси - базар, колу -Кокон, ою - акча,
мен дегендин баары - бензоколонка.
Бишкек бүгүн махабаттын шаары эмес,
бир жиндинин колундагы воронка.

Уркуюшуп арасынан муз, кардын,
варикозун элестетип буттардын.
Таш жолдорун тешип чыгып асфальтын,
тамырлары ыйлап турат дубдардын.

Бийик тамдар салынганы салынган,
бирок Бишкек шаар болуудан жаңылган.
Тең жарымы келе бакан кыштактар,
тең жарымы келе союл айылдар...

 

КАРГАЛАР
Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
каркылдаган үнүңдө айтылбаган,
Тагдыр бар ээ таңды-кеч силер жүргөн,
таштандынын ичинде дарты ырбаган.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
каркылдаган үнүңдө айтылбаган.
Чындык бар ээ чырылдап силер жүргөн,
чыла-кыктын ичинде жалтылдаган.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
каркылдаган үнүңөр айкын маган.
Тааныйт белек өзүңөр болбогондо,
талга конгон булбулду шаңкылдаган...

 

х  х  х
Айылдарың ойдон-түздөн, койнуңдан
мечиттерге чейин салып жолдорун.
Созот тоодон, аргыл-таргыл коргулдан
тарамышы көпкөк болгон колдорун.

Жайыттарың эшектер жүр тебелеп,
картаң айыл малын кайда аркандайт?
Дамбал кийген даабат жерди желелеп,
дамбалсыздар ач талааңды майкандайт.

Кузгун кумдап, куюн кускан бул жолдон,
кудай да өтпөйт, жок шоораты, карааны.
Кыргыздарды өз жеринде кул болгон
каргап согот кайгы-муңдун шамалы.

Милийсалар аргамжыдай салаңдап,
акүй сайын абийрди аскан даргалар.
Жарыгы жок калаалары караңдап,
кайырчыдай каптап барат каргалар.

Билет алар таштандыда кык барын,
таштандылар Мекени го карганын.
Таштандыдай таштап жатат кыштагың,
таштап жатат кыргыз арын, арманын.

От табалбай оңду-солду оролуп,
орустардын үйрүн көздөй көчкөнү.
Сейитбектин Сергей болуп жоголуп,
Тейитбектин теги тездеп өчкөнү.

Койдун көзү оюлганы оюлган,
Мааникердин Манас кеткен артынан.
Казактарга хандын колу коюлган
кагаз кеткен... «Кара кагаз» - Каркыраң.

Улуп түшөт мөңгүлөргө аккан чаң,
дүжүрлөрдүн сөөгү күйөт ашууда.
«Мурункунун» ою менен аткан таң,
«кийинкинин» колу менен батууда...

«Journalist news», 20.06.2009-ж.

 

САГЫНДЫМ, САРГЫН ТАЛАА
Булаңгыр баскан тоодон
Буурул таң тоздоп келет.
Булуттар булактарга
Бурулуп токтоп келет.
Буулуккан сезимдерди
Бул дүйнө коштоп келет.
Караган, чийди аралап,
Кара мал оттоп келет.
Калкылдап, кайран жерлер,
Канымды козгоп келет.
Алыста жүргөн атчан
Атама окшоп келет.
Арманым аласалып,
Ал күндү жоктоп келет...

Жашыл дөң, жалбыз, адыр,
Жайлоолор төрү кенен.
"Жарк" этет жалгыз айыл,
Жазыксыз өңү менен.
Сүзүлүп түтүн булайт,
Сүт жыттуу көңү менен.
Шыбырайт шыраалжындар,
Шыбактар дөңү менен.
Адашкан жамгыр жылат,
Арзуунун чөлү менен.
Коштошуп келе жатам,
Өмүрдүн көбү менен...

Сагындым, саргын талаа,
Сагындым аптабыңды,
Чалгыңды чөбү менен!

 

* * *
Айнекти аяз саймалайт,
Апакем көңүн жай калайт.
А кыштын көңгө тиши өтпөй
Азуусу отту аймалайт.

Үй ичин кактап меш нуру,
Үшүгөн тышта кеч туру.
Чаалыккан күндү баяндайт,
Чайнектин созгон эски ыры.

Үйүнө сууктан жалынган,
Үн катпайт. Эшик жабылган…
Таштекте жатат "Эне тил"
Тамызгы болуп жагылган.

 

* * *
Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй таңдар атып, Күн  батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.

Кеттиң Мелис, бир жаап өткөн ак кардай,
Бактар калды, сен аралап баскан жай.
Тоонун, суунун көрбөй, туйбай элесин,
Азап жоктур өлүп алып жаткандай.

Кадырлашкан достор менен үйүңдө,
Каалагандай каткыралбай түнүндө.
Кандай арман кайтпай калган ушинтип,
Каалгасы жок кара жердин түбүндө.

Балаң калды, жарың калды ак маңдай,
Баары калды... Сен өлүмгө шашкандай,
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол көрдөн тапкандай.

Көргөн-билген өлүптүр деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көналышпай туугандар,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл, китеп... Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт.

А сен болсо, кол-бутуңду чече албай,
“Ала-Арчадан” Асанбайга жете албай.
Кум жамынып кунсуз жайда жатасың,
Курган башты курттан алып кете албай.

“Өлгөндөр” көп, тирүү жүрүп жөн эле,
Өзүңдү эстеп сөз кыларбыз дөбөдө.
Бул жазмышта канча болсо досторуң,
Душманың да ошончолук көп эле.

Ыйман элең ыйманы аз аз элге,
Ыраазы бол, коркпой жаткын “жат элде”.
Балдар эмне, көнөт, көнөт акыры,
Баарынан да кыйын болор Аселге.

Аздап, аздап тараар жалган, тараар чын,
Ал жакта эми түбөлүккө каларсың.
Сен чындыкты издечү элең тозоктон,
Балким аны тигил жактан табарсың...
18.09.11

 

ЧӨПЧАБЫК
Токтогул. Толук. Толгон жай,
топудай жерде чөмөлө.
Ак мөңгү тоолор - тоңгон май,
аңыздын баары чөбөгө.

Араба, чийне агылган
адырда жатат жол түтөп.
Жарк эткен чалгы - чагылган,
жаныңа жашыл сол түшөт.

Козу түш. Күчөйт чөп чабык,
чама жок чалап жутканга.
Күн эрип келет өрт тамып
талаага, гүлгө, кыздарга.

Булутсуз асман. Теребел
боз закым басып ныкталат.
Ашпозчу бийкеч, беде, жел,
беде эмес кесме жыттанат.

Чарчашты чалгы чапкандар,
чарчады көктө Күн дагы.
Чапжондо жалгыз атчанга
чапкылап барат бригадир…

 

ЧАК ТҮШ
Аттайбыз деп арыктан
сууга түшүп калышкан
Асман менен Жер экөөн
аптап кылып агызган.

Адырдагы булакта
чалгыларды чыңайт чал,
чапкан беде. Ат жатат
чалкуйругун сырайткан.

"Чыңк", "чыңк" эткен чыңоордон
"чырт" деп жанып ыр ойго,
чымчык болуп чырлыйттап
чыгып барат кыр-ойго.

Ох, Күн санын чапкылап,
он жаш келин аптыгат,
ортого алып бир кызды,
оңду-солду каткырат.

Чаңкаган жол суналган,
чалкасынан куланган.
жан дүйнөсү алоолоп
чарчап турган уландын,

чалкыйт жаштык көзүнөн,
чар тарабы көшүгөн,
чабалактап туралбай
чак түш жатат дөшүдө…

 

ТҮН
Ак-Сай мелт-калт аязда,
жылдыз калкыйт алмадай.
Ит. Жөлөнгөн таякта.
илген чырак - жанган Ай.

Короо, кары күрөлгөн,
кой көң, чийне, акыр, ат
Жеми, чөбү түгөнгөн,
бир боо саман акыят.

Коктулардын колтугун
шамал жатат өпкүлөп.
Түнү бою койчунун
түшүнө чөп, чөп кирет.

 

“Сүйлөшкөнгө чейинки сөз” ырлар китебинен, “Адабият”, 1989

* * *
Кар түшүптүр. Шамал улуп өзөндө,
кыш да сүйрөп өттү бүгүн жүгүңдү.
Качан келдиң? Жан көрүнбөйт көчөдө,
өчүп турган терезелер үйүңбү?

Тосуп чыккан итиң кана? Балдарың
отту таштап, кууп кеткен өз күнүн.
Тарт атыңды? Ошол жакка айдагын,
бул жамгырың эмес али... өткүнүң.

Көңүл далай өрттө калды, ок жеди,
талкаланды, кайттың бирок майдандан.
Аңыраят өмүрүңдүн бош жери,
жолуң сыздайт өтүгүңдү айланган.

Кошкун жаштык? Жүрөк сенде калалбайт,
мындан ары болбойт чогуу барууга.
Күн – бычактай көз алдымда жалаңдап,
жыл – аёосуз көкүрөктөн агууда.

Жашоо кымбат! Кымбат андан жоготууң,
баш көтөрбөй баса берер кез гана.
Бата тилейм! Бакыт тилейм жолоочум,
жолуң шыдыр! Жолдош болсун эс сага!

 

БИЙИКТИК
Учат куштар, казат жерди чычкандар,
уктап туруп, кайра отуңду жагасың.
Учуш керек дешет сага учкандар,
учуш керек, бирок жок да канатың?

Учуш керек! Ураалашат, учасың,
дарек-дайның өтөт колдон колдорго.
Ким-бирөөдөн мамилеңди бузасың,
ким-бирөөнүн буту керек конгонго.

Ким-бирөөнүн күчү керек басканга,
каалагандай ыргытууга ташыңды.
Сайга түшүп аңыраңдап акканга,
сансыз жолу даңктаганга атынды.

Акыйкаттык! Сага канча чакырым?
Жолдосуңбу? Көктөсүңбү көгөргөн?
Кимдин башы? Сеникиби? Акырын
ким-бирөөнүн ийинине жөлөнгөн.

О, бийиктик! Сага канча аткан таң,
дагы канча жылдыз күйгөн бар ашууң?
“...бийиктикти издебегин асмандан,
бийиктикти жерден гана табасың”.

“...Жерден гана?”
“Селт” этесиң куштардай,
мейкиндикте чагылгандын талашы.
Учуш керек дешет сага учкандар,
учуш керек! Бирок барбы канатың?

 

ЖАЛГЫЗДЫК
Оттор өчөт. Кулайт жылдар акырын,
келесиң сен азың калып көбүңдөн.
Ойлор сансыз, сансыз, сансыз чакырым,
жолдор дагы сансыз жолго бөлүнгөн.

Коломтоңо башка бирөө жылынган,
ачалбайсың өз үйүңдүн эшигин.
Чагылгандар каршы-терши жыгылган,
капчыгайда калган түндөй сезимиң.

Бейтааныштай кайдыгердик, жымжырттык,
көкүрөктү тепсеп жылат калаалар.
Көздөрүңдө кош из болуп жылжыйт суу,
чегирткелер сайрап учкан талаалар,

тоолор, таштар, чийлер, гүлдөр, шыбактар,
чийне тарткан жондор каштай чийилген.
Атаар таңдар уктап кеткен убактай,
батаа кечтер таштап кеткен иңирдей.

Кайда жылдар көлөкөңдөй ээрчиген,
күлүп жанган достор кана, кайда алар? -
тилегиңе жетиш үчүн берчү дем,
күйүш үчүн күчтү берчү кайрадан?

 

ЧИРКЕЙЛЕР
Чийлүү жондо чийне тартым бараттым,
чиркейлердин арасында калат ким?
Жабалактап жаап чыгып алдыман,
жайнап турган асманымды талашты.

Чий түбүнөн бүтөп жолду куш уччу,
чиңилдешип тынчтыгымды бузушту.
Апам баштан айландырган чыныдай
так төбөмдөн айланышты, учушту.

О, чиркейлер тумандаган көздөрү,
өз уулуна өгөйлөбө өз жерин?
Дүйнө жалаң чиркейлерден турбайт деп
тилиң билсем айтаар элем көпкө бир.

О, чиркейлер, уюлгуган асманда,
колум барбайт коруганга, чапканга.
Ата Журттун чиркейи да алтын деп
айтаар элем тилим болсо айтканга.

Асыл калкым, акын болуш коогалуу,
акын болуш санжыра да, доо дагы.
Өткөнүңдү табыш үчүн келген соң
өлүм да жок, жок анан да соо калуу.

 

* * *
Кой сарай. Короо. Шамалдын
койну таш, тамы чабандын,
коктудан чыккан боз түтүн
колундай жылуу аялдын.

Аппак, дөн, андан арыда
аз калган кеч тур агууга,
адырда көздөй алкынган
ат эмес, аяз мамыда.

Асман – из, төмөн өрүлгөн,
атчан, ит төштөн көрүнгөн,
алдыда чуурган ак койлор
ак мөндүр болуп төгүлгөн.

Эзилет койчу ойлордон,
элетке сиңген о жолдор...
эстесе эсил күндөрү
эскирген жыгач ноолордой

туш-тушта жатат күнсүрөп,
тумчуккан бир үн күрсүнөт,
ылымта таппай кирээрге
ызгаарга ыза бүркүлөт.

Оңдонот кайрып жакасын
отуна өрттөп капасын,
желбиреп турат Каныкей
жем салган кармап чакасын...

 

* * *
Эх жигит, неге бук болдуң
жамгыр тыңдап тыштагы.
Тобун кууп жүргөн футболдун
түштүбү эске кыштагың?

Сарайда сары топ турат
санааңды санга азгырган.
“Дарбаза...” дале бош турат,
бош турат күнсүп бастырмаң.

“Гол” кирсе жыргап сүйүнгөн
кыздар жок азыр баягы.
Чөөт дагы соолуп билинбей,
чөп басып калган талааны.

Секн сүйгөн бир кез күнү-түн
селкиде эми башка шаң.
Күтүүдөн үзүп үмүтүн,
Күйөө таап алган капкачан.

Эркек жок, урап дубалы,
эскирип жону оркоюп,
ээн калган тамың тур али
элетте жалгыз томсоруп.

Каймагын камдап дайыма,
камын жеп шаардан келет деп,
күйпөктөп күндө тамында
бир кемпир жүрөт сени эстеп...

 

* * *
С.Акматбековага
Актай жол...
Шамал жыгылган,
Ай турат үйгө жылынган.
Үй турат айдын жолунда
Акынга тагдыр буюрган.

О бул жер жамгыр өрттөгөн,
о бул чөп чөптөй өчпөгөн,
сагындым, Сагын, ырынды -
жашоону, жолду көксөгөн.

Жалгыздык кандай тездигин
сезгендей акын сезди ким?
Ай турат талдын түбүндө,
үй турат ырдап кечкурун.

 

АЙЫЛ КҮЗҮ
Жакага шашып күз жели,
жай тартып үйлөр мүштөгүн,
жалбырттап күйгөн аптаптын
жалбырак болуп түшкөнү

Угулат. Күндөр шуудурап,
уй тоскон дөндөн “чуу” жылат,
булаңгыр баскан талаада
буластап барат буурул ат.

Узун түн... кыска куюшкан,
убакыт жазды унуткан,
чакырып кышка жаткансып
чагылган учпайт булуттан.

Самандай аңыз сарала,
сай бойлоп аккан араба,
сапары бүтпөс жүрөктөн
сагыныч келет санаага.

Чөл окшоп өңдөн кыярган
чөмөлө салган кыраңдар,
чөп тарткан жолдо күз жатат
чөккөн төө мисал туралбай...

 

КИРГЕН КЕЧ
Жондун асты. Айдоо. Малдын чаңында
шапалактын чыгат үнү тажаган,
Күнсүгөн жер алып учат айылга,
күн да кошо келаткансып бададан.

Алыш бойлоп чакчыгайлар тызылдап,
кеч мышыктай жылып кирет иңирден.
Чийдин саргыч үкүлөрү ызылдайт
чиркейлердин салмагына ийилген.

Талаалардын талып барат кыны улам,
жел думугуп сайды жээктейт кечалбай.
Канаттарын сууга малып дымыган
аарылар тур арыктардан кеталбай.

О бул учур – бейкуттукту түшүнгөн!
Түндүн жылуу көшөгөсүн ачат кол.
Эски араба кетип-кетпей үзүлгөн
ээндикте чылым чегип жатат жол...

 

АСЫЛ АЙЛЫМ
Сайды кечип чыктым бүгүн жолуңа,
жүрөк ырдап сени көздөй жүгүрөт,
наристедей ала коюп колума,
көкүрөккө кыссам деймин сүйүп эх!

Асыл айлым!
Торгой талааң, желген жел
буудайыңдын сабагында кайкалап,
сары гүлдөр, сары топу эрмендер
арыктардын жээгин бербей чайпалат.

Ага-буга аккан күндөй жылды аяйм
камчыга окшоп каяккадыр түшүргөн,
кайран төрлөр, жылкы жыттуу жылгалар,
кеткен элем сага келиш үчүн мен.

Себеп эмес, шылтоо издеп кежилдеп,
миң ирекет үй-бүлөмдү алдадым,
Ата Журтуң ушул болот сенин деп,
асыл айлым, баламды алып барбадым.

Кайра айланып тапкычакты өзүңдү
канча кылым калыш керек калаада.
Кечир мени карай албай көзүңдү,
тиктеп турган тоолоруңа, талааңа...

 

ӨТКҮН
Келатам эгин – деңизден,
ак сарай – сүзгөн кайыктай,
жолоочу өтпөй зериккен
жол жарк дейт көзгө балыктай.

Трактор. Боз үй. Капталдан
аңыздан дойлоп түтүн жаайт,
агыш нур жылжып асмандан,
арпага Айдын сүтүн саайт.

Далай кыр ашкан жүрөктөй
дукүлдөйт аттын туягы,
чымчык “чыр” эткен түнөктөн
тууган жер демин туямын.

Сугаттан калган суу жатат
дыйкандын сөзүн шыбырап,
өлүмдү сезбей дуу жашап
өткөн күн бутка жыгылат.

Эх, бизге болбос кечирим,
жаз деген – жалган түш тура,
жапты жел жайдын эшигин,
жакындап калды күз мына?..

 

КҮЗ
Учат сенин жүрөгүңө каргалар,
шамал илкип барат аста аңыздан,
көпкөк бойдон түшүп калган алмалар
көз жашындай – эң акыркы агызган.

Ташыңдын да, талааңдын да табы жок,
тамды чертип жамгыр гана ыр ырдайт,
эгин төккөн кампалардын жаны бош,
бригадирдин тааныш үнү угулбайт.

Чатырына чыгып алып үйлөрдүн,
тоону тиктейт, тиктейт, тиктейт морулар,
жалгыз бактын жанындагы жүргөн ким -
жалбырагы кулап жерге колунан?

Сен белең, күз бутагындан үзүлгөн,
өңдөн азып күттүң кимди мынчалык,
бороон боздоп кыш кирдиби түшүңө,
чана тарткан көрдүңбү аяз зыркаарын?

Бакыт, сүйүү, чарчоо сиңген жолуңа
баштагыдай жакпайт эми үптү күн,
аял өңдүү бошоп турган боюнан
аялуу да, аруусуң да күз бүгүн...

 

ЧАК ТҮШ
Аттайбыз деп арыктан
сууга түшүп калышкан
Асман менен Жер экөөн
аптап кылып агызган.

Адырдагы булакта
чалгыларды чыңайт чал,
чапкан беде. Ат жатат
чалкуйругун сырайткан.

“Чыңк”, “чыңк” эткен чыңоордон
“чырт” деп жанып кыр ойго,
чымчык болуп чырлыйттап
чыгып барат кыр-ойго.

Ох күн санын чапкылап,
он жаш келин аптыгат,
ортого алып бир кызды,
оңду-солду каткырат.

Чаңкаган жол суналган,
чалкасынан куланган,
жан дүйнөсү алоолоп
чарчап турган уландын

чалкыйт жаштык көзүнөн,
чар тарабы көшүгөн,
чабалактап туралбай
чак түш жатат дөшүдө...

 

* * *
Тийген Күн,
салган Там калат,
балдарың калат калаада.
Мүрзөңдү тиктеп Ай калат,
мал калат сенсиз талаада.

Баскан Жол,
аткан Таң калат,
бир кабар келет алыстан.
Ырларың ыйга айланат,
айланат досуң таанышка.

 

* * *
Ат-Башыда чебеленип,
Алмашыңа берерге алма таппай турсаң,
Ош базарда тебеленип,
ой-тоого батпай турат...

 

ЖОМОК
Кыш шыбырап:
“пады-шахым, эгем” дечү,
“падышанын уулунан да
сени жакшы көрөм” дечү.

Кыз чын эле
сүйүчү дейт,
жигит болсо падышанын
уулу билбес
көп нерсени билүчү дейт.

Кыз шыбырап:
“кембагалым, кемем” дечү,
“кембагалдын уулунан да
сени жакшы корөм” дечү.

Кыз чын эле
сүйүчү дейт,
жигит болсо кембагалдын
уулу билген
көп нерсени билүчү дейт...

 

* * *
Жаныбектин гитарындай көңүлдүү
жашоо бүгүн жанга жагым көрүндү.
Жамгыр төккөн кечти тиктеп олтуруп,
жакын жерден көралбадым өлүмдү.

 

* * *
- Жолоочу болсоң жол кордойт,
жол болсоң баары тепселейт.
- Тепселиш үчүн жол болбойт,
жол болуш үчүн тепселет.

 

* * *
О Ысык-Көл, сен да калдың жөтөлүп.

Акырындык менен биздин жээктен да
кулат таштар,
“күр” деп бир күн көчөбүз.

Чабалдаев деген кыргыз ырчысын
бейитине келатабыз көтөрүп.

 

ӨМҮР
Өмүр – кыска, жыл – тешик,
өталбайсың “жылт” этип,
курсак тойгон дүйнөдөн
кулайт күндөр “былч” этип...

 

КҮТҮҮ
Айыксак, ооруганга,
оорусак айыкканга,
саргарып күндүр-түндур
күткөнгө,
зарыкканга
чылымга үйрөнгөндөй үйрөнөбүз.

Ана кетет...
Мына кетет...
Тил эмизген сөз да сөзбү,
автобустар кетип кетпей,
шаардагы автобекет
шайы ооп турат
канча элге шаасы жетпей...

А сенин аңырайып
Тишиң бүтпөй,
тишиң бүтсө
ишин бүтпөй,
кайда барсаң
күтмөй, күтмөй,
кайда барсаң
эсеп, эсеп,
кайда барсаң
кезек, кезек...

Күтпөй турган күн деги бүткөн өңдүү,
жадагалса өлүмдү да
арты ким деп күткөн өңдүү.
Күтүү бизди октоп, октоп,
так жүрөккө,
көзгө,
мээге
атып жаткан окшоп, окшоп...

Аэропортко -
асман, жерден,
аэропортко аккан элден,
баш айланат баскан элден,
уктап,
күтүп,
жаткан элден.

убакытың учат куштай,
убакытың учкан менен
самолётуң учпай, учпай...

А биз болсок
жон-жай гана
жаткан сазга баткан таштай
жөн-жай гана
чөгүудөбүз...

Ар күн сайын
аэропортто,
вокзалдарда,
горОНОдо,
сельсоветте,
кабинетте,
оорукана,
дүкөндөрдө,
же башкада,
же кассада
ар күн сайын
күткөнгө,
зарыкканга,
ооруганга,
айыкканга
чылымга көнгөн сымал көнүүдөбүз,
ар күн сайын,
акырындан “өлүүдөбүз”...

 

ЧАЛ. ҮЙ. ЖОЛ
Ушул жылдын кайсыл бир күндөрүндө
Пишпектин жепирейген камыш жапкан үйлөрүндө
коз жумду
өзүмдүк там-ташы бар
Матвей деген бир чал.

Чалдыкында жүргөндө бир да келишпеген,
чал төшөктө жатканда бир дагы көрүшпөгөн
аял
эркек келишип алып анан,
айкырышып,
талашып тамын анан,
Узатышты маркумду жайына араң...

Канча жыл чогуу турган,
үйлөнгөн,
турмуш курган – таштап жерди,
чий жон менен,
мүрзөгө бара жаттык чал экөөбүз
бир жол менен.
Жеткен кезде
бөлүнүп кеттик эки:
чал калды көр ичинде,
мен кеттим ижара издеп,
кайгымды болүшүүгө...

 

КАН ЖОЛ
* * *
Бүгүн жалгыз ырдап чыгам,
салып чыгам үнүмдү,
сагындым мен санаа төккөн
сай жээгинде үйүмдү.

Күндөр аттан түшө калып,
учат мезгил өзөктөн,
сай жээгинде турат бир үй,
чал, кемпирдин көзү өткөн...

* * *
Бас, баса бер, үмүтүңдү
өчүрбөсүн шамал, кар,
ушул жолдун аягында
сени сүйгөн аял бар.

Карай бербе каалгаң ачып
карда калган изиңди,
апкелтат тагдыр бүгүн
сен эңсеген кишини.

* * *
О тирүүлөр, өлгөндөрдүн
жерде жанган нурусуң,
о бейиттер көмкөрүлгөн,
жөнөкөйсүң, улуусуң.

Кереги жок сага даңктын,
жана таштын коргону,
достор салган бир ууч топо,
көз жаш болсо болгону.

* * *
Асман сайга түшкөн жерден
агат дайраң көгөрүп,
о тууган жер, турдум көпкө
көпүрөнү жөлөнүп.

Өз төрүмдө өздү билбей
өскөнүмө өкүнөм,
көпүрөңөн өттүм далай
болалбадым көпүрөң...

* * *
Жалбарбагын көзүн карап,
сооротпогун токтолоп,
ыр бар ыйдын өзүндө да,
кайгыда да от болот.

Ыйлап алсын жайына кой,
жылытпагын от сурап,
көкүрөктүн куса-муңун
коз жаш гана жок кылат.

* * *
Жалбырактар түштү жерге,
кечке, түнгө жашыруун,
мен да мына күздү жерде
тепсеп басып акырын,

карап турдум келгин кушту
кетип жаткан жылып жай,
о Ата Журт, келген кышты
чымчык, каргаң жылытаар...

* * *
Жалгыздыктын арабасын
тарттым анын атындай,
ат арыды, а жол дале
калды алиге басылбай.

Кайрыла кет үйүң муздап,
отуң өчкөн кезинде,
жалгыздык да, араба да
турат жолдун четинде.

* * *
Кезээр тообуз дагы канча,
ичээр суубуз көп, азбы,
бакыт издеп карыганча
баскан жолдон өң азды.

Кеткен элек гүлдөн, жерден,
сөздүн, оттун айынан,
балким тирүү жүргөндөрдөн
бардыр бизди тааныган.

* * *
Асман-жердин баары барик,
бакта баскан жолду гой.
- Качан кар жаайт? – деп сурадың, -
жалбырактар тоңду го?

Качан, кантип кар жаачу эле,
жол каткалаң, тышта Күз,
каргалардай көнүп бүттүк
кар жаабаган кышка биз.

* * *
Канат болгон элге дайым
жөлөк да бар, өнөк бар,
Манас болгон жерге дайым
Абыке бар, Көбөш бар.

Бардыгына көнгөн жерде
өчүрүшөт шамалды,
акылмандык өлгөн жерде
өнүп чыгат арамдык.

* * *
Ыр токудук кечтен кечке,
ый токудук күйүттүү,
о канча жыл үмүт жолдо
бизге жетпей күйүктү.

Бүгүн ошол терезелер
текши гүлдөп – алча, гүл,
от тамызып жүрөт шамал,
оту очтү экен канчанын?

* * *
О өлүм, жол азгырбагын,
ансыз деле келет күн,
ансыз деле бу жазмышта
сен да бизге керексиң.

Акыйкат деп азап чеккен
адам менен эсептеш,
дүнүйө кууп, шапар тепкен
ансыз деле кетет тез...

* * *
Жылдар, үндөр аккан көчө,
от – кыймылдан чарчаган,
түндү жээктеп кетип барат
түтүн жуткан арчалар.

Дарак таппай түнөгөнгө
шаар кезет жел гана,
сабагынан кулап түшкөн
алмага окшойт жер мага.

* * *
Балдары да, аялы да
көрөр жазмыш нурларын,
акын өттү, аягыла
жетим калган ырларын.

Аягыла баскан жерин
шамал, кыян жүргүчө,
жарык кылып жаткан көрүн
ыры кайра тиргизээр.

* * *
Мына кан жол, өмүр өттү
үнсүз, ыйсыз, коогасыз,
о бул күнгө жеткен элең
канча кылым жол басып,

Алдың оттой күйүп-жанып,
“тез, тез, тез” деп азгырат,
келсең даалдап, үмүт карып,
казылган көр... Ат турат...

Читайте также:

1 комментарий

  1. Канатбек Жакыпов:

    Шайлообек байке ишинизге ийгилик, чын ден-соолук каалайм. Кыргыз элин патриоттуулука багыттаган, намыстантткан ырларыныз учун чон Рахмат...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *