Блог тууралуу

Блогду биз былтыр сентябрда ачкан экенбиз. Бирок аны иштеткенге мүмкүнчүлүк болбоду. Буга блог менен иштөөнү билбегенибиз бир себепкер болду. Биздин убакытыбыз да тар болуп (ар бирибиздин негизги иштеген жерибиз бар), кыргыз маданиятын өнүктүрүү боюнча жасагандарыбыз да аз болду. Биз алгач мектептеги башталгыч класстарда окуган балдарды алардын кабылдоосуна, окуу мүмкүнчүлүктөрүнө туура келген жомоктор менен камсыз кылууну максат кылган элек. Автордук укукту бузуп албайлы деген тейде биз дүйнөлүк элдик жомокторго кайрылдык. Бир нече жомокторду тандап алып, ар бирибиз аларды бөлүштүрүп алып, которуп чыктык. Биз бул блогго ошол которулган жомкотордун бир бөлүгүн гана чыгаралы деп чечтик. Анткени биз жомокторду өзүнчө китеп кылып чыгарып, мектептер арасында таратсак деген ойдо элек. Китеп болуп чыккандан соң жомоктордун баардыгы чыгарылат.

Учурда биз блогду ишибизге ылайыкташытырып жатабыз. Бирок аны толук кыргызчалаштыруу болбой жатат. Блогдун мүмкүнчүлүктөрү тоскоолдук кылууда. Бирок ошого да каниет кылып туралы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *