Рубрика: Жаңылыктар

0

Жолон Мамытовго – 75 жыл: “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга издөө үчүн келгенмин”

Кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүктүү акыны Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо ушул жылдын 1-апрелинде 75 жашка толмок. Кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы катары таанымал акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”,...

0

“Кыргыз Туусу” гезити 2015-жылга сынак жарыялайт

«Кыргыз Туусу» гезити 2015-жылга “Көз ирмемде туулган жер!”, “Сен ооруба, мен  ооруюн Ата журт!” деген болжолдуу темаларда фото сүрөт-баяндардын, ыр, кара сөз түрүндөгү, көлөмү гезиттин 0,5 бетинен ашпаган эссе, публицистикалык чакан чыгармалардын сынагын уюштурат....

0

Нурланбек Калыбековдун “Ирмемдер” китеби жарык көрдү

Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурланбек Калыбековдун “Ирмемдер” аттуу кара сөздөн жана ырлардан турган китеби жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл аралык “Нур борбор” чыгармачыл академиясынан кабарлашты. Аталган китептин негизги өзгөчөлүгү - Калыбеков өз замандаштарынын, калемдештеринин,...

0

Олжобай Шакирге "Супер-Инфо" миллион эмес, кечирим сурап 50 миң сом төлөп берди

Журналист, жазуучу Олжобай ШАКИР "Супер-Инфо" гезитин бир миллион сомго сотко бермей болгон.. Эмнеге мынча жаны ачып, аталган гезитти сотко бермей болгону туурасында өзүнөн билгибиз келип кепке тартсак, иш төркүнүн мындайча баяндаган эле: - Буга...

0

Майданга катышкан акын

Кыргыз Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин майданда жүрүп жазган "Алдыга жүргүн кыргыздар!" деген ыры "Ала-Тоо" журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган. Ал журналдын ошол кездеги башкы редактору, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин колдоосу менен...

0

«Манас» 4 тилде жарыкка чыкты

Коомдук ишмер, саясат талдоочу Темирлан Сарлыкбек уулунун жеке демилгеси жана жеке каржылоосу менен кыргыз элинин руханий туу чокусу болгон “Манас” эпосундагы жалпы адамзат үчүн маанилүү болгон баалуулуктарды камтыган үзүндүлөр жыйнагы Бишкектеги “Турар” басмаканасынан төрт...

0

Kyrgyz Translate жазгы акциясы

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! 2015-ж. 1-мартынан Kyrgyz Translate Жазгы акциясы башталат. Жазгы акциянын мөөнөтү: 01.03.2015 - 30.04.2015 (2 ай). Баш байге - Acer Aspire E5-511 ноутбугу. Экинчи байге - Kindle Paperwhite букридери. Үчүнчү орунга - Motorola...

0

Жүрөктө калган кара так

Өткөн жылдын аягында Роза эженин (Айтматова Розетта Төрөкуловнанын) «Тарыхтын актай барактары: (Менин эскерүүлөрүм)», орусчасы: «Белые страницы истории: (Мои воспоминания)» — Бишкек, 2013) деген китеби колума тийип калды. Эженин бул китебинин биринчи варианты 2009-жылы жарык...

0

Кыргызстанда Башкортостандын маданият жана илим күнү өткөрүлөт

3-марттан 6-мартка чейин Кыргызстанда алгачкы жолу Башкортостандын маданият жана илим күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу "Офис-группа ШОС БРИКС "Уфа-2015" массалык коммуникациялар жана басма сөз кызматы департаментинин ага эксперти Елена Арямнова маалымдады. Масштабдуу иш-чара башкыр киносунун...

0

Кыргыз балетинин жарк эткен жылдызы өчтү...

Кыргыз эл артисти, искусство таануу илиминин доктору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Роберт Уразгильдеевдин сөөгү 21-февралда жерге берилет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты шашкеге чейин Бишкектеги Опера жана балет театрында өтөт. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан...