Ж.Касаболотов. Ли Бонун Ай менен арак ичкен ырына карата кыргызча нукта жиреме

Ар нерсени көрөсүң,
Алыс сапар жөнөсөң.
Арак ичтик үчөөбүз
Ай, мен жана көлөкөм.

Издешпестен табыштык,
Ичкиликтен алыштык.
Ысык-ынак сырдашып,
Ыстаканды кагыштык.

Жарык кылып дүйнөнү,
Жаштар экен сүйгөнү,
Ай жарыктык тамагын,
Аста кырып сүйлөдү.

"Бирде жигит толуучу,
Бийик көктө конуучу.
Бирде сынып, бөлүнгөн
Билериктей болуучу.

Жалгыз дарак чер болбойт,
Жалгыз баатыр эл болбойт.
Жандооч кийик аттырат.
Жалаң топо жер болбойт.

Кылымдардан кылым көп,
Кыйгач тийген нурум көп.
Ээй эмнесин айтайын?
Эстей турган сырым көп!

Арыбасын Жер жагы,
Айланайын мен дагы.
Акындардын тобунда,
Аман жүрчү сен дагы.

Көркөм гүлдөр буралсын,
Көрсөң көзүң кубансын.
Салам айтып кең дүйнө
Сапарыңар улансын!!"

Айдын сөзүн калтырбай,
Алып ийдик тартынбай.
Арабызда олтурду,
Ак таажысы жаркылдай.

Айды жакын көз көрүп.
Аалам бүтүн өзгөрүп.
Маңдай жара кубандым,
Мага дагы сөз келип.

"Айланайын Ай ага!
Ак жарыкка бай ага!
Анда-санда ушинтип
Ак тилегиң аяба!

Акылыңа кирели,
Айтсаң кулак түрөлү.
Сырдашканбыз бая деп
Сыймыктанып жүрөлү!"

Ысытмага толтуруп
Ыстыканга кол сунуп,
Тартып ийип үчөөбүз
Талый түштүк олтуруп.

Чылым чегип бир бастык,
Чын жүрөктөн сырдаштык.
Азыркылар укпаган
Абалкыны ырдаштык.

Анан, Өз боюмдан өнгөн кул,
Өнөрүмдү көргөн кул,
Өмүр бою жарыктан
Өсө түшүп көнгөн кул,

Жакындабас бөлөккө,
Жарабаган жөлөккө,
"Кебимди укчу экөөң" деп
Кезек алды Көлөкө.

"Адаштырбай жарымын,
Айтсам кептин аныгын,
Күмүш сакал Ай деле
Күндөн алат жарыгын.

Күндүн нурун Ай алып,
Күндө жаны жай алып.
Желип-жортот адамзат,
Жерге буту таянып.

Ай Күн калаар түбөлүк,
Адам кетээр түгөнүп.
Өңү-түсү билинбес
Өзүм гана тири өлүк.

Же Таштап кетип калгыдай
Мейкиндигим болсочу?
Же Тагдырымды чечкидей
Эркиндигим болсочу?

Көчкөн булут көңүлүм,
Көз каранды өмүрүм.
Жарык менен Аныкка
Жабыштырган Теңирим.

Баягысы баягы,
Башталгандын аягы,
Атаганат бир гана
Адамзатың аялуу.

Эгиз досу мен болуп,
Эртеңкиси кем болуп,
Ээрчип кетет өзүмдү
Элес менен тең болуп.

Жалган-чыны үч эли,
Жабышпасын ичеги.
Кайрылбаган түндөрдүн
Кадыры үчүн ичели!"

Айткан кеби төгүнбү?
Арман ээлеп көңүлдү
Агыл-төгүл ушул түн
Абдан кыска көрүндү.

Алкап Жарык тарапты,
Алдык дагы аракты.
Арабыздан коштошуп
Ай ордуна баратты.

Жалгыз өмүр кем болуп,
Жан-дүйнөсү кең болуп,
Адам турду ортодо
Аалам менен тең болуп.

Көрүнбөгөн аягы,
Көргөн түштүн аяны,
Уламыштан уланган
Узун түндүн баяны.

Табышмактуу Сөз ыйык,
Тамчы толгон көз ыйык.
Табыштырбай кетсе да
Тагдыр деген өзү ыйык.

Жоодураган көз ыйык,
Жомок айткан Сөз ыйык.
Жолуктурбай кетсе да
Жол дегендин өзү ыйык!

11.2015-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *