Көк бөрү ЮНЕСКОго кирбей калабы?

turat_esenamanov

Өкмөт тараптан, Президенттик аппараттан да эч ким бул боюнча кызыгып, кабар сурап, кайрылган жок. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Эгер ушундай мамиле боло турган болсо, көк бөрүнүн өтпөй калышына 100 пайыз ишенсе болот, - деп күйүп-бышат Т.Эсенаманов.

Өткөн айдын соңунда коомдук активисттер ата-бабаларыбыздан келе жаткан улуттук ат оюндарыбыздын бири болгон көк бөрү Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирбей калышы мүмкүндүгүн айтып, коомчулукка коңгуроо кагып чыгышкан. "Улут уюткусу" программасында көк бөрүнүн ЮНЕСКОго кирбей калышына кандай тоскоолдуктар же себептер болуп жатат? Ушул суроолорго жооп издедик. Конокто көк бөрүнү ЮНЕСКОго киргизүүгө аркет кылып жаткан жаштар кыймылынын мүчөсү, коомдук активист Турат Эсенаманов болду.
- Турат мырза мына жогоруда айткандай сиздер көк бөрүнү ЮНЕСКОго кирбей калат деген маселени коомчулукка алып чыгып жатасыздар. Буга кандай тоскоолдуктар, себептер болуп жатат? Сиздердин аракеттериңиздерден бир майнап чыгып аракеттер көрүлүп жатабы?

- Көк бөрүнү ЮНЕСКОго кирбей калышы эки маселеде турат. Биринчиси, башка мамлекеттер, мисалга, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан өзүлөрүнүн атынан каттатып алууга аракеттерди көрүп жатат. Ошондуктан биз биринчиден болуп каттатууга сунуш бергенден кийин убагында каттатууга аракет кылбасак, кийинки муунга, балдарыбызга эмне деп жооп беребиз? Эгерде биздин атыбыздан быйыл өтпөй калса, экинчи орунда казактар турат, алардын атынан толук түрдө өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Анткени буга алардын каражаты жана башка нерселери дагы жетиштүү.

Буга мамлекет тараптан жетиштүү көңүл буруп азыр киргизип алсак, биздин тарыхыбыз үчүн жакшы болмок. Мисалга, Бразилия футболу менен мактанат. Дүйнөлүк деңгээлде ойнолуп жатат. Эгерде көк бөрү ЮНЕСКОго катталса, жок дегенде Азия жана олимпиада оюндарына кирип калмак жана көк бөрү деп аталып калмак. Болбосо казактар муну көк пар деп айтышат. Көк бөрү деп аталышынын себеби илгери биздин ата-бабалар бөрүнү тартышкан. Адамдарга чейин кол салган карышкырларга карата колдонулган чара болгон. Кийин карышкырлар адамдардан кача баштаганда, улак тартууга өткөн. Ал эми казактар көк пар аталышын чечмелеп бере алышкан эмес. Ошондой эле эл аралык деңгээлде биздин эрежелер менен ойнолуп калмак.

- Көк бөрүнүн Орто Азия мамлекеттеринин ортосунда бир топ айырмачылыктар барбы?

- Айырмачылыктар бар. Учурунда эл аралык федерациянын президенти Болот Шер-Нияз болгон. Кийин кандайдыр бир себептер менен казактарга өтүп кетти. Ошол киши убагында көк бөрүнүн эрежелерин картага түшүрүп, тактап эрежени түзүп койгон.

- Сиздер бул боюнча өкмөттүн тиешелүү министрликтерине кайрылдыңыздарбы? Алар кандай жооп кайтарып жатышат?

- Биз тиешелүү маданият министрлигине ММКлар аркылуу кайрылганбыз. Алардан аракеттер көрүлүп жатат деген жооп алдык. Бул иш боюнча маданият министринин орун басары гана жоопту алып атат. Бирок ишенимдүү түрдө эч ким жоопкерчилик албай эле. Буга аткаминерлер аябай кайдыгер карап жатат. Мен ойлоп атам казактар бул бийликти дагы сатып алганбы деп. Болбосо кыймылдаш керек болчу да.

- Мамлекет тарап конкретүү түрдө кандай чараларды көрүүсү керек болуп жатат?

- Ачык эле айтчу нерсе ЮНЕСКОдогу 24 мамлекеттин ар бири менен кол алышып сүйлөшүп, колдоп берүүсүн сураныш керек. Учурунда “Манас” кытайларга өтүп кетээрде Карганбек Самаков кайтарып келген. Бирок азыр үй камагында болгондуктан, ал киши менен жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Менин билишимче ЮНЕСКОнун жетекчиси менен жеке мамилеси бар. Самаковго үмүт арткам. Бирок ага деле бары бир болуп калгандай. Болбосо азыркы бийликтегилер деле башка өлкөлөр менен алака-берекесин кылып, барып сүйлөшүп келишсе, тарых үчүн чоң нерсе жасамак.

- Мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыгынан дагы сырткары оюндун өзүнө байланыштуу дагы себептери болушу мүмкүнбү? Маселен ал жерде жаныбарлардын дагы укуктары каралат экен.

- Ооба бул боюнча дагы мен атайын программа даярдагам. Илгертен биздин ата-бабалар бөрүнү, андан кийин улакты тартышкан. Ал эми азыр жаныбарларга зыян келтирбөө үчүн атайын чучила жасап тартып жатабыз деп атайын 10 мүнөттүк тасма тартып көргөзсөк, өтүп кетүүгө болмок. Ал эми чучиланы кадимки чынжырга аркан ороп, анын сыртына эчкинин же карышкырдын терисин коюп жасаса болмок.

- Көк бөрү Казакстандан сырткары дагы башка мамлекеттердин атынан кирип калышы мүмкүнбү?

- Толук мүмкүн. Афганистан, Өзбекстан, Түрмөнстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттер бизден кийинки орунда сунуштарын бергендиктен булар көрсөтө албай жатат. Эгерде алар өзүлөрүнүн аталышы менен киргизип алса, анда биз ошолордун эрежелери менен ойноого аргасызбыз.

- Бул ишке “Көк бөрү” федерациясы кандай аракеттерди көрүүдө же алар жардам бере албайбы такыр эле? Бул ишке дагы кимдер жүгүрүп аракет кылып жатат, же Самаковдон башка жүгүрө турган адам жок болуп жатабы башында турганга?

- Мен бул боюнча федерациянын президенти Канат Исаев менен сүйлөшүүгө аракет кылдым. Бирок майнап чыккан жок. Азыр ал партиясынын иши менен алек болуп, ишин убактылуу өткөрүп коюптур. Эгер ал киши чындап көк бөрүгө жаны күйгөн болсо аракет кылмак. Өкмөт тараптан, Президенттик аппараттан да эч ким бул боюнча кызыгып, кабар сураган жок. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Эгер ушундай мамиле боло турган болсо, көк бөрүнүн өтпөй калышына 100 пайыз ишенсе болот.

- Эгерде көк бөрү биздин атыбыздан ЮНЕСКОго катталса, кандай пайдасы оң жактары болот биз үчүн?

- Бул оюн Кыргызстандын атынан киргенден кийин эл аралык федерациянын президенти бизден болмок. Биздин эрежелер боюнча ойнолмок. Эң негизгиси кийинки муунга, балдарыбызга айтканга тарых үчүн жакшы болмок.

- ЮНЕСКОго каттатууга көк бөрүдөн башка биздин улуттук оюндарыбыз барбы?

- Ооба бар. Мисалга кыз куумай, тыйын эңмей, ат чабыш сыяктуу оюндарыбыз көк бөрүнүн арты менен кирип кете турган болсо, биз чоң жеңишке жеткен болобуз.

- Боз үй сыяктуу орток баалуулук катары казактар менен бирге киргизүүгө болобу?

- Кыргыздын атынан катталып калса деп күйүп-бышып жатканымдын себеби, биз биринчиден каттатууга кат жолдогонбуз. Ошондуктан, үстөмдүгү чоң болгон мамлекеттерди карабай, өзүбүздүн атыбыздан киргизүүгө аракет кылсак андан да жакшы болмок. Алар биздин тамакты кошо талашкандай болуп калып жатат. Бул боюнча ойлонуунун дагы кереги жок.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 10.08.2015-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *