«Аталар сөзү – акылдын көзү» кайра басылып чыкты

atalar_sozu

Көптөгөн окурмандардын суранычы боюнча педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун «Аталар сөзү – акылдын көзү» деген китеби кошумчаланып кайра басылып чыккандыгын китепти басып чыгарган «Айат» басмасы кабарлады.

«Адам болуш – аста-аста...» дегендей бирөөлөргө жамандык кылбаган, сооптуу ишке барган, ак көңүл, сабырдуу, иштемчил, сөзү орундуу, чынчыл, улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат эткен, ата-энесине, туугандарына кайрымдуу, журтка алымдуу, илим-билимге умтулган, аманатка кыянат кылбаган, табиятка ырайымдуу, жакшы үй-бүлө күткөн, жаман жолдордон өзүн ала качкан АДАМ кайдан, кантип чыгат? Оор суроо, түбөлүктүү маселе. Бул китеп ошол жолго түшүүгө жардам берсе, анда автордун уйкусун бузуп, убактысын коротуп жазгандары өз өтөлгөсүн өтөр эле, - деп жазылат китептин аннотациясында.

Китеп бардыгы үчүн: карылар да, жаштар да, балдар да окуса, анын мазмунун бири-бирине айтып берсе, тарбиячылар иштеринде пайдаланса, АДАМ болуунун ар кандай жолдорун издешсе...

Читайте также:

комментария 2

  1. Саламатсыздарбы,Үркүн тууралуу окуялар болсо кошосуздарбы."Үркүндөгү кыз келиндердин абалы"- деген темада доклат керекиболуп атты эле.

    • kmb3:

      Кеч жооп берип жатканым үчүн кечирим сурайм. Учурда такай жаңыланып турган негизги сайт жаңы даректе - http://kmb3.hostenko.com/. Бул жердеги сайт жаңыланбай калган. Ошону үчүн суранычыңар менен кеч таанышып калдым. Биздеги Үркүнгө байланыштуу бардык материалдар бул жерде - http://kmb3.hostenko.com/tag/rk-n/.

      Алар дагы да толукталып турмакчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *