Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” аттуу китебинин 3-бөлүмүнөн үзүндү окуп жатасыздар. Эсиңиздерде болсо, “Агындылардын” 1-2-бөлүмү китеп болуп жарыкка чыгып, окурмандардын колуна жеткен. Ал эми 3-бөлүмї күз айларында китеп болуп чыгып калат, ага чейин биз үзүндүлөрүн окурман журтчулугуна сунуштай бермекчибиз. Аталган китепке жетпей жүргөндөр 0557 711 878 телефон номери аркылуу автордун өзүнө байланышсаңыздар болот.

БОЛОТ ШЕР

(Башы өткөн сандарда)

Болоттун идеясы ишке ашты. Айдын жарыгын көккө атылган фейерверктер менен музыка коштоду. Сахнада Байдылда Сарногоевдин жубайы Зина жеңе, кызы Карлыгач, уулу Бактыяр, салтанаттуу кеченин алып баруучусу, айтылуу актёр, атактуу обончу Асылбек Өзүбеков, Байдылданын элеси түшүрүлгөн алтын медалды тагып жаткан Болот Шер, гүлдөр, дүркүрөгөн кол чабуулар менен жакшылык деген нерсенин жагымдуу илеби өмүр бою эсимде калды!

 

* * *

Болоттун жигиттик мыкты сапаттарынын бири – бирөөлөргө жасаган жакшылыгын, бирөөлөр менен бөлүшкөн идеяларын айрымдарга окшоп, көрүнгөн жерге көтөрө чаап, “аны мен жасадым эле, ал менин идеям эле” деп эч качан милдет кылбагандыгы, кылган жакшылыгын кылары менен унутуп салганы го деп ойлойм.

 

* * *

Деги эле адамдардын адам катары жакшы жактарын көрүп-билип жүргөндөн кийин биз унутпай, биз эстеп, биз айта жүрүшүбүз керек экен. Мага саясаттагы Болотко караганда, саясаттын сыртындагы Болот жагат. Саясатка бир кирип алган адамды ал жактан Кудайдан бөлөк эч ким чыгаралбайт экен. Эгер Кыялбек, Асылбек үчөөбүздүн колубуздан келсе Болотту саясаттан “сууруп” алып алыс жактарга, сумкабызга кытайдын “Моутайы” менен Табылды-Шоронун “Максымын” салып алып, кыргыздын бир кездеги изи калган Чыгыш Монголиянын ат туягын талыткан шыбактуу талаалары менен, эрмендүү кокту-колотторун көздөй алып кетпейт белек атаганат...

 

* * *

Алтай Бөрүбаев спикер болуп турган Акаевдин маалында Кытайга кеткен Үзөңгү-Куушту апкалам деп, Бакиевдин маалында Каркыраны апкалам деп бийликтин катуу каршылыгына кабылып, ошондон оңбой келип Дооронбек кайтыш болгонун, ошондон оңбой келип Болот инсульт болгонун, ал эми Үзөңгү-Кууштун кытайга, Каркыранын казакка кетишине кош колдоп добуш бергендердин бирөөнүн да кылы кыйшайбай, баягыдайле элдин жон терисинен тилген кайыштан жасалган көк менен кетеринде аларды алып калалбай турган көр дүйнөнүн жана балдарынын “жыртык-тешигин” көктөп олтурганын эстейм.

 

* * *

Салижан Жигитов каза болору менен Жогорку Кеңештен Докени, анан “Жетименди” жыйнап барып көз көргөзүп, 100 миң сомдук жардамын берип кайтканы, Салижандын Алым Токтомушев баш сөзүн жазып, түзүп чыккан “Жаңырык” деп аталган тандалган ыр жыйнагын 1000 нуска менен “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Садык Шернияз чыгарып бергени эске түшөт.

 

* * *

Кийин кыргыздын таланттуу акын кыздарынын бири Шербет Келдибекова жүрөк оорусунан каза болуп, Алым айласын таппай айланып-тегеренип калганда Болот Шер “Жетимен” кайрымдуулук фондунун атынан көңүл айтып 100 миң сомун берди.

 

* * *

Ошондон бир жылга жетип-жетпей Алым өзү да кайтыш болду. Мага кабар берген досу Мукан:

– Алымды Жумгалга, Байзак айылына алып кетели деп чечтик, келип кал,–деди.

–Мен Болотко чалып, Мукандын оюн айттым.

Болот дароо эле:

–Шаке, Жумгалга апкетпесин, барып токтото туруңуз, кеңешчү кеп бар, азыр түшүп барам, шаардын четинде жүрөм,–деди.

Болоттун жардамы менен Алымдын сөөгү да аялы Шербет жаткан Бас Бөлтөккө коюлду. Союшун, чыгымын мында да Болот көтөрдү.

 

* * *

Алымды жайына узатып жатып ушул сөзүмдү сүйлөдүм. Ал сөзүм “Жаңы агымга” “Шербетсиз Алым” деген ат менен басылып чыккан эле.

 

ШЕРБЕТСИЗ АЛЫМ

Алыкенин өтүп кеткенин угуп, бул жалган дүйнөдө өтпөй турган жан болбостугун, Мукагалы акын айткандай, “көбү кетип, азы калган өмүрдө”, басыгыбыз акырындап, өлүмдүн шамалы ушинтип биздин короого да чаң ойнотуп жетип келгенин ойлодум.

Кыргыздын эркин журналистикасында Алымдын сөз кылып түгөталбай турган, жазып кеткен ар бир макаласына суктана турган, шыктана турган кеп эми алдыда. Анын журналистикадагы эрдиги - дайыма элдин ырын ырдап, эл тарабында болгондугу менен даңазаланат.

Биз, чыгармачыл адамдар эркин жүргөндү жакшы көргөн кишилербиз. Бирок, эркиндиктин барк-баасын да, эркиндиктин ыракаты менен ачуу-таттуусун да Алым татып-билгендей эч кимибиз билген эмеспиз.

Алыкени келбес сапарына узатып жатып, мен бүгүн али да сөөгү муздай элек Шербет эжени эстеп олтурам. Шербетти мен Сибирдин адам чыдагыс суугу менен азап-тозогуна кайыл болуп барып сүйгөн адамдарына баш кошуп жашаган декабристтердин аялдарына окшотом. Алым менен Шербет да так ошолордой болгон. Алым Баткендин таш кайнаган ысык чөлүндө кызматын өтөп жүргөндө Шербет болбой, укпай, сүйүп барып башын байлаган. Мындай эрдикти чанда бир аялзаты гана жасай алат.

Кудай Алымга аялдын эң эле мыктысын берген. Анткени, Алыкедей кежир, Алыкедей тээжик, кекчил, чыргоо, таланттуу адамга Шербеттен бөлөк эч ким жар болуп жашап бере алмак эмес. Алым сындуу адамдын бары-жогун да, азап-тозогун да Шербет сындуу аялзатындай эч ким чыдап көтөрө алмак эмес. Алым деген башына нокто салдырып, жүгөн каттырганды, жонуна ээр токум токутканды жек көргөн тескери күлүктөрдөн болчу.

Биз баарыбыз эле Шербетсиз Алымга кыйын болорун, айрыкча кыйын болорун билгенбиз. Балким, Шербети жок дагы 10-15, балким 20 жыл жашап берер деп ойлогонбуз. Бирок, Алымдын Шербетсиз мынчалык кыска жашарын, Алымдын баары бир Шербетсиз жашай албасын билген эмес экенбиз. Алымдын көзү өтүп кеткен досторуна арнап жазган бир мыкты ыры бар:

Тиленип тийбей калган бата сыңар,
Тирелип ар кай жерде жатасыңар.
Ар кимиң кеткен сайын ойлой берем,
Кудайдын тизмесинин катасы бар, – деген...

Бирок, Кудайдын катасы жок. Кудайда ката болбойт. Биз жаңылсак да, Кудай эч качан жаңылбайт. Кудай, айрыкча Алымга келгенде эў чоң калыстык жана айкөлдүк кылды деп ойлойм. Алымдын Шербетсиз кыйналып жашаганына, Шербетсиз жалгыз жашаганына Байтикте жатып алып да оорукчан жүрөгүн оорутуп, сыздаган жүрөгүн сыздатып жаткан Шербеттей эле, Кудай Тааланын да жүрөгү чыдай алган жок. Алым баягычылап жүдөп-какап келгенде, кыйналбас жерден кыйналып келгенде, ыймансыз жерден кирдеп келгенде жакасын агартып турсун, тамагын жайнатып, кирдеген көңүлүн тазартып турсун деп, Шербетсиз жашаган ар бир күнү азап менен тозок болорун билип туруп, көрөр күн, ичер суусун түгөтүп, Шербетти көздөй алып кете берди.

Кош, Алыке! “Жетимен” фондунун атынан сүйлөп аткан менен, сүйлөгөндөн бөлөк колдорунан кокон келбеген биздей досторуңа, бирок сен үчүн “Жетимендин” атынан, биздин атыбыздан баарын жасаган, сөөгүңдү туулуп-өскөн жериң Жумгалыңа алып кетерде токтотуп, Шербетинин жанына жатсын деп, бардык зыйнатыңды жалгыз өзү көтөрүп, кайтпас жолуңа кадырлап узаткан Болот Шерге ыраазы бол!

Болот Шердей дос күткөнүңө ыраазы бол!

Кош, Алыке, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

 

* * *

2014-жылдын 29-январында кыргыздын дагы бир таланттуу акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты Тургунбек Бекболотовду жерге берип, Кара-Буурадагы өзү туулуп-өскөн Ак-Жар айлынын мүрзөсүнө, атасынын жанына койдук. Союшун “Жетимендин” атынан чыгарган Болот мында да жардамын берди.

 

* * *

Андан бир жумадай мурда Болот мага чалып:

–Таласта сиз менен окурмандардын жолугушуусун өткөрмөй болдук. “Агындылардын” 250сүн белек кылабыз, кол тамга коюп бериңиз деп 250 кишинин тизмесин берип жиберген эле. Арасында акын Тургунбек да бар болчу. Мен ошондо Тургунбек менен аяшка каалоомду жазып, аягына 29.01.14. деп кол тамгамды коюп бергем.

 

* * *

Тургунбекти акыркы сапарга узатуу митингинде Болот сүйлөп жатып мына ушул “29.01.14”деген санга басым жасап, “Агындыларды” менин атымдан Тургунбектин уулуна тапшырды.

 

* * *

Мен ошондо китептин аягына эмне үчүн “29.01.14” деп жазганымды азыр да түшүндүрүп бералбайм. Балким, ушунун өзүндө Кудайдын мага акырын “шыбырап” турган купуя сыры бар болуп жүрбөсүн? Болбосо, адамдын өлөр күнүн Жараткандан башка ким билмек эле?

 

* * *

Таластын борборундагы адабий кечебиз жакшы өттү. Болот элдин суроолоруна жооп берди. 400гө жакын обондуу ыры бар Кыялбек кол чабуулардын коштоосунда өзүнүн ушул кезде “хит” болуп турган “Ак санат” деген ырын ырдады, ыр окуду. Мен да окудум. Анан эргип кеттимби, билбейм, сүйлөп жатып эле бир маалда ырдагым келип кетип, “секетбайларым” бар эле ошону ырдап салдым.

Жумшактыгың банандай,
Жумуштан кийин баралбай.
Бир көрүнүп жок болдуң,
Брежнев берген замандай.

Суу түбүндө чекенди,
Чекенди түбү бекемби?
Алтыным сенин айыңдан,
Апенди болуп кетемби?

Барскоондон көрүп сөйкөңдү,
Басылбай жүрөк өйкөлдү.
Цыгандай сулуу сен үчүн,
Цианид ичип өлсөмбү?

Акылың бар, эсиң жок,
Айдаганың чесинок.
“Алтүндө келем” деп коюп,
Алдадың неге бети жок?деп...

 

* * *

Деги эмне деген касиети бар экенин ушул кезге дейре билбейм, Таласка келсем эле ырдагым келип турат. Илгери да ырдагам, стадион толо элдин алдында. Ал мындайча болгон. Бир маалда эле ошол салтанатты алып барып аткан Асылбек жетип келип:

–Шаке, ырдап бербейсиңби? –дегенинен:

–Мейли, ырчы болбосом да ырдап берейин, элдин шагын сындырган, айрыкча Таластын шагын сындырган жакшы болчу эмес эле деп, ыгы келгенде ырдай калып жүргөн:

“Ат-Башы биздин калаабыз,
Автобус менен барабыз.
Жаш кезде ойноп күлүп кал,
Бир күнү өлүп калабыз...” –деген ырымды ырдап бергем. Ошондо ыр баалаган Таластын эли Асылбекке кол чапкансып, дүркүрөтө кол чаап узатканда жаным бир жыргаган. Көрсө, адамдын жаны элге жакшылык кылган жерде жыргайт экен.

 

* * *

–Шаке, “неберем” деген сөз эмне маани берерин билесизби? – деп сурап калды Болот.

Мен бул сөздүн эмне маани берерин табалбай буйдала түштүм:

–Баладан да баланын баласы ысык болот дейбиз го, ошондо аны жакшы көргөндүгүбүздөн “эми, не берем?” деп, берерге эч нерсебизди табалбай калгандан улам “неберем” болуп калган турбайбы, – деген эле.

 

* * *

Бир ирет Болоттун апасы менен сүйлөшүп олтурдум.

–Болотуңуз менен Садыгыңыздын айырмасы эмнеде? – деп сурадым.

–Садык тыкан, акчаны акыл менен кармайт. Болот андай эмес, колуна тийселе чачып жиберет, – деди.

Анан мындай бир кызык окуяны айтып берди.

–Болот төрөлгөндө эле эки тиши менен төрөлгөн. Садык экөө удаа чоңоюшту. Чоң аталуу балдар өз атасын “аке” деп калат эмеспи. Ошол акеси бир күнү эле “ата” деп айтмайынча чыкпайсыңар” деп балдарды ороого салып таштады. Садык бат эле “ата” деп айтып чыгып кетти. Болот такыр айтпай койду. Күүгүм кирди.

Ороого келип, “ата” деп коюп чыгып кет, дейм, ал “дебейм” дейт.

–Бөөдө баланын жүрөгүн түшүрөсүң, – дедим. “Ата” дедиртип айттыралбай койгондо ороодон чыгарып алып да “ата” дейсиңби?” деп таяк менен сабап жүрөт. Таягы да сынды. Көк таштай көгөргөн баласын ошол бойдон “ата” дедирталбай койду, ошол Болот ушул, – деген эле.

 

* * *

Азыр ушулар оюма түшө калган сайын атактуу сатирик Райкан Шүкүрбеков “анткен менен Таластын эли жинди чалыш жакшы эл болот” деп айтчу эле” деген Эстекемдин сөзү жаркылдап мээме келе калып кайра жок болот.

 

КАСИЕТ

Кудай адамдарга акылды да, эсти да берет экен. Мен “акылы бар, эси жок” деген сөздүн маанисин мурда анча түшүнчү эмес элем, “эч болбосо кеч болсун” дегендей эми түшүнүп олтурам, көрсө “акыл” дегениң үй-бүлөнүн башындагы эки тизгин, бир чылбырды кармап турган кожоюнга окшош болсо, “эс” дегениң ошол кожоюндун “акылы” ашып-ташып ээ-жаа бербей бараткан маалында этегинен тартып, “э ботом, эмнеге эле алды-артыңды карабай аңыраңдап калгансың, абай салып, акыл калчасаң болбойбу?” деп тыйып турган, тизгинден тартып, акылга аптап, сабырга саптап турган жубайына окшош болот экен.

 

* * *

Энем айтчу эле, “акыл ашынып кеткенде жинге айланат” деп. Адамдын өзүнүн дартка чалдыкканына караганда, анын акыл-эсинин дартка чалдыкканы алда канча коркунучтуу болот экен.

 

* * *

Кудай бардык эле адамдарга акыл-эсти ченебей берген менен дээр дегенди баарына эле антип бере бербейт экен, көрсө акыл-эстин мээси – дээр болот экен, көрсө аны чегинен, ченинен ашырбай кармап турган жападан жалгыз касиет ошол дээр окшойбойбу. Акыл-эси болгон менен, барган сайын дээри жок адамдар көбөйүп баратат.

 

* * *

ХIX кылымдагы Голландиялык улуу художник Винсент Ван Гог досу Антон Ван Раппардга жазган каттарынын биринде: “Мен адамдардын арасында канчалык көбүрөөк болгон сайын өзүмдүн адам экендигимен ошончолук шек саначу болдум” деген экен.

 

* * *

Анын сыңарындай мен дагы галстукчан адамдардын бүтпөгөн жыйындарына катышкандан жаа бою каччу болдум. Жарышып чыгып, жалаң акылдуу сөздөрдү сүйлөп жаткан адамдарды карап олтуруп, өзүңдү ушунчалык бечара, эч кимге пайдасыз, бу дүйнөгө артыкбаш жаралып калган адам сыягындай сезгенден өткөн кордук болбосо керек.

 

* * *

Касиет демекчи, досум Нуралы айтып берди эле, мобу жетимишинчи эле жылдары Чүй боорунда Арли деген мыкты табып жашап өткөн деп. Өзү дунган, чоң энеси татар, узун бойлуу, өтө олбурлуу сары киши болчу дейт. Дунган болгон менен боору кыргызга жакын болуп, кыргызды жакшы көрүп, кыргыз да аны жакшы көрүп, кыргыздын каада-салты менен жашап, бээ байлатып кымыз ичип, согум союп, үзбөй эт жеп, ат минип тоо аралап, чөп жыйнап, элди чөп менен дарылачу экен. Ошол совет доорунун жабык жылдарында эле Арлиге көрүнөм деп, быягы Сибирь, тиягы Москвадан бери, алтургай космонавттар да келип-кетип турчу дейт. Ошондо жашыруун куралдарды чыгарган заводдун инженери го, генерал экен, радиациядан жабыркап, такыр айласы куруганда Арлиге келиптир.

–Оокат-дүнүйөң жетиштүү, жашоо-турмушуң армансыз, акчаң мол, ишиң мыкты болгон менен “түнкү жумушка” такыр эле жарабай калган турбайсыңбы. Келинчегиң ошого нааразы экен. Мынабул чөптү үйүңө барганда жумалап ич, бат эле тирилтип аласың, – деди дейт Арли котормочу аркылуу.

Ошол Арли, ага табыпчылык күчтүү касиет кайдан келгенин сураганда айтчу экен.

–Жетинчи бабам бүткүл Кытайга таанылган табып болуптур. Ошентип жети бабам тең бирден гана балалуу болуп, табыпчылык касиет улам бир баласына калып отуруп, укумдан тукумга улана бериптир. Жетинчиси менмин, эми менин уулум Паңшардын 11 баласы бар. Жети атамдан бери келаткан касиеттин күчү, табыпчылыктын энергиясы мурда жалгыз болсо эми он бирге бөлүнүп кетти. Эми биздин тукумдан мындан ары табып чыкпайт. Кудай азыр тукуму жалгыз бирөөн табыпчылыкка даярдап жатат. Аты-жөнүн, дайын-дареги кайда экенин билем, бирок айталбайм. Айтууга болбойт. Бирок мен өлгөндөн кийин табыпчылыкка ошол келет, – деген экен.

Нуралы мага ушуну айтты.

 

* * *

Анан мен дагы Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөнүн энергиясы атбашылыктардын баарына эле бирдей тийерин, бирок, бир үй-бүлөгө бир эле энергия тийерин, ошон үчүн көпкө бөлүнүп, чачырап кеткен энергиянын күчү анча болбой каларын, биздин коңшу айылдагы он үч бир туугандын балдары атасындай бололбай, чабал болуп калганын, анткени бир эле энергия он үчкө бөлүнүп кетип, майдаланып, куну качып, алсыз болуп каларын байкагам.

 

* * *

Баса, бир жолу, энемдин жанында ойноп олтуруп эмнегедир:

–Эне, кыямат кайым качан болот? – деп сурадым.

–Аа, балам, кыямат кайым арстандар итче кабышып, арстандар итче куйругун шыйпаңдатып калганда бир, арстандар итче тууп, итче күчүктөп калганда бир болот, – деди да, анан, “о, Кудай, алдыңа кетейин, өзүңдөн мурда озунуп тамтаңдап жиберген мендей пендеңди кечире көр” деп кобуранып алды.

 

* * *

Неберем Назик чоңоюп, Шоола деген аты бар, шооладай шоодураган татынакай сиңдилүү болду. Мен эми Шооланы жетелеп калдым. Беш жашар кези. Күздүн кышка алмашып бараткан асманын бир маалда эле кайдан-жайдан учуп келген каргалар каптап, биз турган тушту “көпүрө” кылып, “кар-р, кар-р” этип учуп өтө баштады.

–Шоола, карачы каргаларды? – дедим.

Карап туруп кайра мага:

–Каргалар эмне деп атат, таята? – деп суроо салды.

–“Кар, кар” деп атат, эми жакында кар жаайт,–дедим.

–Таята, каргалар да кыргызбы? – деди Шоола.

 

* * *

Анан бассам-турсам Шооланын:

–Таята, каргалар да кыргызбы?” дегени башымдан кетпей койду. “Бала деген периште” деп коет эмеспи, муну өзү сурабаса да, периштеси суратып жатат го, карга менен кыргыздын кандай байланышы болушу мүмкүн деп ойлодум. Ойлоп-ойлоп олтуруп, дүйнөдөгү канаттуулардын эң эле узак жашаганы карга болсо, дүйнөдөгү элдердин эң эле узак жашаганы кыргыз экенин ойлоп, эмне кыларымды билбей, бир ысып, бир муздап, беш жаштагы неберем менен ичимден сүйлөшүп: “Шоола, сенин Кыргыз Атаң бүркүт болгон... Мага ушинтип айтышкан... Азыр да бүркүтпүз деп мактанабыз... Биз дагы башкаларды туурап гербибизге бүркүттүн сүрөтүн тартып алганбыз. Бирок, бүркүттөр узак жашабайт... Булбулдун “булбулмун” деп бакта сайрап, жерге түшүп кык чокуп жүргөнүн далай жолу көргөм... Ошондуктан бүркүтмүн дейин десем, “анда эмне үчүн каргадай узак жашадың?” деп сурайсың, “каргамын” дейин десем... Билбейм, Шоолатай, айланайын алтын кызым, мени кыйнабачы, бүркүтмүнбү же каргамынбы, айталбайм, азыр буга жообум жок, балким мунун жообун бизден кийинки силер табарсыңар...”– дедим.

 

* * *

Шоола, баса, менин бүркүт тууралуу мына бул ырым бар. Азыр түшүнбөсөң, чоңойгондо түшүнөрсүң.

Бир бүркүт учуп келатып,
Чындыкты таппай өзүнөн.
Чырпыкта конуп олтурган,
Чымчыктын тапты көзүнөн.

Мен дагы ошол бүркүттөй,
Чындыкты издеп жер кездим.
Кызымды жолго узатып,
Уулумду колго “терметтим”.

Бийик бол дедим аларга,
Чокудан кузгун сайраган.
Чындыкты бирок көрдүм мен,
Кык чокуп жүргөн каргадан.

Көр-жерге толду Көк дагы,
Көгүчкөн ээлеп уямды.
Торгойлор баскан жумуртка,
“Учуруп” жатат жыланды...

 

* * *

Эми “Каргалар” тууралуу ырымды да угуп ал.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
Кандай сыр бар үнүңдө айтылбаган?
Таштандыдан дүйнөнү тазартчудай,
Таңдан кечке чарчабай салпылдаган.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
Каркылдаган үнүңдө айтылбаган,
Чындык бар ээ тажабай силер жүргөн
Чыла-кыктын ичинде жалтылдаган.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
Каркылдаган үнүңөр айкын маган.
Тааныйт белек өзүңөр болбогондо,
Талга конгон булбулду шаңкылдаган.

 

* * *

Айылдашым Айыптын эжеси Мария эжей менин “Кыргыз тил” сабагынан берген класс жетекчим болчу. Сабакты аябай сонун өтчү. Биз бой жетип, ар кимибиз туш тарапка чачылганда Мария эже да Айыпты окууга өткөзөм деп, айылдын эли суктанган кооз шырдагын таңып алып мединститутка кетиптир деп укканбыз. Бирок, Айып өтпөй келди. Эл “Мария шырдагын бергенге тааныш табалбай коюп Айып өтпөй калыптыр” деп айтып жүрүштү. Бирок, Айып келген менен шырдагы ошол бойдон келген жок.

 

* * *

Мария эженин “Кыргыз тил” сабагын жакшы көрөр элем. Билбейм, эмнегедир айыл ичинде:

“Шаркырап аккан дарыя,
Шамалдын кызы Мария” деген ыр бар болчу. Аны ким чыгарганын, эмне себептен чыгарганын ушул күнгө дейре билбейм.

 

* * *

Биздин Ат-Башылыктардын дымагындай дымакты Кыргызстандын ичинен Таластан эле таппасаң, башка бир да жерден табууга мүмкүн эмес. Өтмөктөн ылдый түшүп Таластын айылдарын аралап кетип баратып, жол боюнда көр-жерин сатынып олтурган, көк-сөгүн коюп алып көгөрүп олтурган бир дагы таластыкты көрбөйсүң. Ичиңден да, сыртыңдан да ыраазы болосуң, “мына дымагы чоң эл деген!” деп.

 

* * *

Ал эми Ат-Башылыктардын кимисин болбосун токтотуп туруп:

-Эй, Нарындын кай жериненсиң? - деп сурап көрчү, “нарындыкмын” деп айтар бекен?

Өмүрү бири дагы “нарындыкмын” деп айтпайт, алчыланып “атбашылыкмын” деп гана турат.

 

* * *

Алтургай биздин энелерибиз чочуганда да Нарындан баштап чочубай, “Ат-Башы-Нарын-Куланак!” деп чочуйт.

 

* * *

Ат-Башы деген кичиги болобу, чоңу болобу, жалаң дымагы чоң кишилерден турат.

–Силердин атбашылыктар нарындыктарга караганда такыр башкача болот экен,-деди мага ошол жакты бир сыйра кыдырып келген Нуралы досум бир ирет.

–Кандайча, Нуке?-дедим.

–Чеч-Дөбөгө бардым. Андан келатып Терек-Суу деген айылыңардагы бирөөгө жолуктум, өзү райондо мурда актив чалыш болуп жүргөн неме окшойт, деги эле билбегени жок экен, бажырап көп нерселерди айтып олтурду, аңгыча:

–Баса, силерден чыккан Шайлообек менин курсташым болот, биз баарыбыз Шаке менен сыймыктанабыз,– деп калдым, десем эле:

–Кайсы Шайлообек? –деп сурады.

–Шайлообек Дүйшеевчи, акынчы? –дедим.

–Ой, энесин урайын ошонун, илгери ушул жерде эле ичип жүргөн эме болчу,–дебеспи. Кудая тобо, биз жакта бирөөлөр жөнүндө сурамжыласаң эч качан жаман айтпайт, бу силерден деги эле оң айткан кишини көралбадым, “Ой, ошо да кишиби?” деп эле тебетейлери тескери айланып, сөгүнүп тура калмай адаттары бар экен ,–деп боору эзилди.

(Уландысы кийинки сандарда)

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 05.05.2015-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *