Аман САСПАЕВ, жазуучу: "Байбичемдин улуксаты менен Гүлирага үйлөнгөм"

a_saspaev_m

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана котормочу Аман Саспаев 86 жашка келсе да али чыгармачылык жигеринен тая элек. "Мен али күүлүү- күчтүүмүн, оюмда баптап- таптап жүргөн далай чыгармаларым бар. Жазуучулук тагдырга башымды сайып койгондон кийин калем шилтебеске аргам барбы?"деп калат кезиккенде. Чү дегенде эле: "Кытайдын кырма дарысы бар дешет го" десем, ал болбогон сөз экендигин, калган өмүрүн текке кетирбей чыгармачылык менен алектенип жатканын, "Дүйнөгө түркүк болгон ким бар дейсиң? Дагы канча жашоом калды, аны бир эле Кудай билет" деди.

- Аман аба, азыр кандай чыгарма менен алектенүүдөсүз?

- Учурда дүйнөлүк көөнө акын- жазуучулардын чыгармаларын которуудамын. 16- жылдагы Улуу Үркүндүн адам чыдагыс азап- тозогун жазып калтыргандар болуптур. Мага Кытайдагы кыргыздар араб тамгасында жазылган 14 барак казалды берип жиберишти. Казалды окуп, аны иретке келтирип бүтүп калдым. Казыбектин элге жетпей калган казалдарынын түп нускасын бузбай иретке келтирүүдөмүн. Анын ырлары баа жеткис тарых, жандуу архив деп түшүнсөк болот. Акындын ички туюму, жандүйнөсү чыгармачыл адам катары мени бир топ толгонтту, чынын айтсам, таасирлендим. Ошентип убакыт кантип тез өтүп жатканын сезбей да калчу болдум.

- Ошентсе да жаштык кезиңизди эскергенди кандай көрөсүз?

- Архивимди аңтарсам, 1945- жылы туңгуч ырым Кулжада чыгуучу казак тилиндеги "Төңкерис таңы" деген гезитке чыккан экен. Андан бери, албетте, жетимиш жылга жакындаса керек. Жаштык кез эске түшөт. Бирок "мен андай элем, мындай элем, тим эле тоону томкорчумун" деп айта бербейм.

- Бардык эле чыгармаларыңыз өзүңүзгө жагат чыгар...

- Чыгармаларымдын баары жаккан үчүн уялбай көпчүлүк окурмандарыма тартууладым да. Жазуучунун жазгандарына окурмандардын берген баасы маанилүү. Элдин тагдыры жөнүндө жазылган "Татым туз", "Каныкейдин алтын билериги", "Сарала ит", "Шашкедеги кара туман" ж.б. чыгармаларым купулума толот деп ойлойм.

- "Шашкедеги кара туман" аттуу романыңызды мактап же сындагандар болсо керек?

- Бу романымда өзүмдүн башымдан өткөргөндөрдү гана жаздым. Кытай мамлекетин, элин жамандайын деген ой жок. Окурмандардан катуу сын же мактоо уга элекмин. Азыр мурдагыдай адабий кечелер, "кызыл чеке" болуп талашып- тартышкандар жок эмеспи.

- Аталган романдын акыркы барагындагы сөздөр кимдин болбосун зээнин кейитет. Ымыркайыңызды дале унута элек окшойсуз?

- Кантип унутайын. Мекениме жетээримде бир күн калганда, миңдеген чакырым жолду артка калтыраарымда кызымдан ажырадым. Кытайда 30 жыл жашадым. Ачуубу, таттуубу тузун таттым, суусун ичтим, абасын жуттум. Илим- билимге ээ болдум. Чыгармачылыктын түйшүгүнүн алгачкы күндөрүн өткөрдүм. Ар нерсе өз учурунда тура. Дале көз алдыма билеригин кармалап, оозун чормойтуп ойноп жаткан Сыязкан кызым тартылат. Анын кичинекей мүрзөсү кар жамынган мейкин талаада жападан- жалгыз калды. Кандай өкүнүчтүү, эстесем азыр да көзүмдөн жаш куюлат...

- Жапон, уйгур, казак, кытай жазуучуларынын аңгемелерин кыргыз тилине оодарган мыкты котормочу деген окурмандарыңыз арбын. Котормочулук кыйынбы же жазуубу?

- Котормочулук чыгарма жазуу менен бирдей. Айталык, дүйнөдөгү ар бир элде көптөгөн жазуучулар бар, ошол жазуучулардын аз сандагысы гана чегарадан өтө алат. Мында котормочунун табити, эрки чоң роль ойногонун көрөбүз. Өзүм билген тилдерде жарыяланган чыгармаларды окусам, "ушуну кыргыз окурмандарына тартууласам жакшы болбойбу" деген ойго келем да, асыресе өз табиятыма жакын дүйнө адабиятында жаралган мыкты аңгемелерди которуп басылмаларга сунуштайм. Алар да жактырып калса жарыялашат. Башка тилдерге которулган мыкты чыгармалар биздин тилде жок болуп турса зээним кейийт, намысым козголот. Мисалга алсам, 13- кылымда жазылган белгисиз автордун "Моңголдордун купуя тарыхы" деген китеп, Батыш тилдерин мындай кой, уйгур, казак тилдерине которулган. Кайсыл бир жылы Кытай Эл республикасынын Үрүмчү шаарына конференцияга барып калдым. Ошол мүмкүнчүлүктү текке кетирбей "Монголдордун купуя тарыхы" деген китепти таап, Караколго келээрим менен эле "Жаңы Ала- Тоо" журналынын редактору жазуучу Айдарбек Сармамбетов менен кеңештим. Ал китепти которсом, андан журналга үзүндү берип тураарын айтты. Убактымды сарптап которуп бердим. А.Сармамбетов берген убадасы боюнча журналына жарыялады. Ошондой түркий тилдеги улуттарга теңелгенсип кыбым канып калды. Биз тарых окусак эле, Рим империясынан баштап Александр Македонский, Наполеон, Суворов жана башкаларды билүүгө умтулабыз. Бирок биз жашаган Азия чөлкөмүндө кандай тарыхий окуялар болуп өткөнүнөн анча кабардар эмеспиз. Эң мурда Гунндар империясын курган Маодун Шанүй, анын тукумдары Европада империя курган Аттила, андан кийин Евроазияда империя курган Чыңгыз Хан жөнүндө өз тилинде кыргыздар окуса жаман болмок беле?! Эми, өмүрүм болсо, 14- кылымдын акырында эски Хорезим (Чагатай) тилинде жазылган Өтемиш Хаджи ибн Маулана Мухаммад Достинин "Чыңгыз наама" деген китебин которсом дейм, андан кийин уйгур тарыхчысы Тургун Алмас Батыш изилдөөчүлөрү өңдүү эле Кытайдын байыркы булактарына таянып жазган "Гунндардын кыскача тарыхы" деген китебин которсом деген ниетим бар. Менин чыгармам деле, котормом деле элим үчүн да. Айрым котормочулар сөзмө сөз которуп жарыялай берет. Котормочунун милдети тигил, же автордун жандүйнөсүн, айта турган оюн, берейин деген максатын кыргыз окурмандарына жеткирүү да. Улуу Гете: "Жакшы котормочу авторду өз элине алып келет, начар котормочу өз элин авторго сүйрөйт" деп айткан экен.

- Аман аба, Кытай- Кыргыз сөздүгүн түздүңүз, анын тагдыры кандай болду?

- Менин оюмча, жакшы иш болду. Тил адамдын дүйнө тануусун, психологиясын, көнгөн салтын, мамилесин, оюн билдирүүдөгү биринчи курал. Неси болсо да коңшубуздун тилин билүүгө далалат кылганыбыз пайда гана бериши мүмкүн. Бээжинде окуп жүргөнүмдө эле Кытай- Кыргыз сөздүгүн түзсөм деп кыялданчумун. Жаш кездеги кыялым эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийин гана ишке ашты. 7- 8 жыл кара суу, катырма нан менен сазара отуруп иштеп чыктым. Азыр ал сөздүгүмдүн бири да жок. Кытай тилине кызыккандар эмес, Кытайда жашаган кыргыздар да таппай жатышат. Бээжиндеги бир басмаканадан мага кат келди. "Сиз түзгөн сөздүктүн сапаты жогору экен, биз чыгарсак макул болосузбу?"деген маанидеги катты окуп аябай толкундандым. Албетте, кыргызстандык автордун түзгөн сөздүгү Кытайдагы түзүлгөн сөздүктөн жогору турса, мен макул болбоско чарам барбы? Кыязы, кыргыз тилин кырк жыл издеген профессор Ху Чженхуа тааныштырса керек деген ойдомун. Кудай буюрса, ал сөздүгүм Бээжинден чыгат.

- Байбичеңиздин кытай кызы экенин билебиз. Тамара апа кытай тилин унуткан жокпу?

- Байбичемдин атасы кытай, энеси украинка болчу. Ошондон улам анын ысымы Тамара деп аталып калган экен. Кытай тилин унуткан жок, билет, бирок сүйлөбөйт. Кыргыз тилин, салт- санаасын мыкты өздөштүрдү.

- Ал кишинин улуксааты менен төшөк жаңырткан дешет…

- Ооба, байбичемдин улуксааты менен Гүлирага үйлөнгөм. Тамара айылда, мен көбүнчө Каракол шаарында болом. Айылдагы мал- жанды, короо- жайды ал тейлейт. Тамараны "айыл чарба министри" деп тамашалап коем.

- Жетимиштен ашканда Мэргүл аттуу кыздуу болдуңуз. Анын көркөм сүрөткө кызыгаарын айтышат.

- Мэргүлүм таланттуу кыз. Сүрөттү жакшы тартат. Кыргыздын улуттук буюм- тайымдарын жасасам деген тилеги бар. Кийизге оймо- чийме түшүрүп, сайма сайып жүрөт. Андан үмүтүм чоң.

Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, «Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.2015- ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *