Мар Байжиев: ааламдашуу алкагында да кыргыз эли бир болушу керек

m_bayjiev

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев 23-мартта 80 жашка чыкты. Sputnik малымат сайты юбиляр менен жолугуп, адабият, маданият, мамлекеттүүлүк жана бир катар маселелердин тегерегинде маек курду.

80 жашка чыгып жаткан Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев ааламдашуу алкагында да мамлекеттин биримдүүлүгү башкы орунда экендигин, жаштарга улуттук баалуулуктарды дал ошол жаштарга жакын болгон техниканын тили менен түшүндүрүү зарылдыгы туурасында ой-толгоолору менен бөлүштү.

— Алгач, сизди 80 жылдык юбилейиңиз менен куттуктайбыз! Жакында эле "Алтынчы күнү кечинде" пьесаңыз Абхазиянын сахна сүйүүчүлөрүнө тартууланыптыр. Бизди мындай байланыштардын болгону кубандырып жатат. Бул туурасында айтып берсеңиз?

— "Алтынчы күнү кечинде" пьесамды жазганыма бир канча убакыт болуп кетти. Биринчи ирет 80-жылдары Токтоболот Абдымомунов атындагы Академиялык кыргыз драма театрында койгонбуз. Анда бизге өтө мүнөздүү трагедия, күлкү-тамаша көп, боорду эзет. Бирок чоң трагедия да бар, той-топурда, үйлөнүү тоюнда жаштардын тагдыры биякта калат да, "сен мага бер, мен сага берем, баланча сом менен келем" деген көрүнүшкө кабылабыз. Эмне үчүн ушунча чыгым болушу керек деп, муну шылдың менен карап жазгам. Кийин биздин театрлардан сырткары, Өзбекстанда, Казакстандагы Уйгур театрында коюлду. Комедияны кээде юмордун тили менен ойлойсуң да. Былтыр жаштар "аксакал, ушул чыгарманы оңдоп бербейсизби, азыркы шартка туура келип жатат, сахнага алып чыгалы дедик эле. Мыркымбайчылык ого бетер күчөдү", — деп айтып калышты. Жаштар биякта калып эле, ысырапкерчилик, ким кандай той берди, канча конверт келди, устукандарды баштыкка толтурмай,… иши кылып ушундай көрүнүш көбөйбөдүбү. Бул азыркынын тереңдеп кеткен трагедиясы. Ошентип пьесаны жаңыртып туруп өткөн сезондо театрда койдук. Азыр бул чыгарма боюнча кино тартылып бүтө жаздап калды. Башка элге биздин аскиябыз, куудул сөздөрүбүз жетпейт, түшүнбөйт деп ойлогонбуз. Анан силер комедияны Абхазияда койду десеңер, сүйүнүп кеттим, абдан ыраазы болдум. Бул бир кызык нерсе да, балдар. Филолог катары айтарым, абхаз тили түрк тилдерине кирбейт, бирок алар теманы абдан актуалдуу дешиптир.

— Көркөм адабияттын коомчулукка таасири күчтүү эмеспи. Азыр элди, өсүп келе жаткан муунду улуттук баалуулуктарга тарбиялай турган деңгээлдеги чыгармалар жаралып жатабы?

— Ар кайсы доордо ар кандай болот, мисалы, совет доору жаңы башталганда биздин профессионалдуу адабият ошого туш келип калды да. Аны Сыдык Карачев, Касым Тыныстановдор баштап келген. Кийин бара-бара большевиктер партиясы чыгармачылыкты да өзүнүн, өкмөт менен партиянын саясатына тарта баштады. Бул деле жаман болгон жок. Ал мезгил өттү. Эмнеси болсо да, ал кезде чындык көрсөтүлүп, адамдын трагедиясы, тагдыры жазылып, эл-журтка тарап, окулчу. Анын баары саясатка керек экен да. Эми ал өзүнчө кеп… Чыгармачылыктын таасири өтө зор эмеспи, бирок азыр теңирден-тескери, аны ойлогон да киши жок. Жаштар китеп окубайт, телевизор көрбөйт, анан жалаң эле мыйтыңдатып колундагысы менен (кол телефон, интернет – ред.) иштейт экен. Азыр жаштардын сүйлөшүү, пикир алышуу жолу башкача болуп калды, алар билиши үчүн руханий баалуулуктарды техниканын тилине салып, ошого ылайыкташтыруу керек.

— Бул жаатта деги эле мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн атайын иш алып баруу зарылдыгы кандай?

— Азыркы шартка жараша, илимдин, техниканын жетишкендигин пайдалануу менен биримдиктин барк-баасын айтуу, кулагына куюп туруу зарыл. Мурда, маселен, "Манас" айтканда да өзүнчө үгүт, идеология кошо жүрүп турган. Менин атам бул боюнча иштегендиктен (окумуштуу, Манас таануучу Ташым Байжиев – ред.), илгерки залкарларды Шапак Рысмендеевди, Саякбай Каралаевди бир аз көрүп калган шартым бар. Эл аралап "Манас" айтуу адегенде "Эмесе, урматтуу туугандар, кыргыздар чар-жайыт болуп, тентип Алтайга кеткенде, ал жактан да бириге албай турган кез болгон, аны угуп койгула", — деп башталар эле. Бул жерде биригүүгө ээрчиткен идеологиялык үгүт жатат да.

"Демек, кыргыздар биримдиги жок болуп, бул жерден качып Алтайга кетип, ал жактан да бириге албай, аябай азап тартып, анан Манас жаралып, аны хан көтөрүптүр", — деп ийине жеткире, кырааты менен айтып киргенде, ыйлабаган киши калбайт эле. Мындайды бала кезимде Саякбай менен чогуу жүрүп көп көрүп калдым.

"Манастын" залкарлыгы ушунда, анда "эй, кыргыздар, бирдиктүү болгула, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүптүр кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет", — деп айтылып турбайбы. Анысы азыркынын мисалында айтканда, бугу, сарбагыш, ичкилик, тышкылык, саяк деп кагышпагыла, азыркынын мисалынан алганда партияларга, башкаларга бөлүнбөгүлө деген кеп. Эми айланып учкан жорулар жүрөт, кылчактап, баш бактап карап турушат, анын ичинде Америкасы бар, башкасы бар. Учурда бизди биримдикке чакырып, ошону айтканың барбы? Эл ишенген депутаттар бийлик талашкандан башка пайдасы жок. Элибиздин, журтубуздун бирдиктүү саясаты жок болуп турат.

— Азыр кыргыз коому, эли бардык жактан алып караганда орто жолдо, ааламдашуу (глобализация) алкагында дагы деле өз багытын тандоо жолунда тургандай.

— Глобализация апендинин жомогу, ал болуп эле келе жатат. Ошол ааламдашуу алкагында да кыргыз эли биригип турушу керек. Мамлекеттин биримдүүлүгү болбосо, жанагы мен айткан бөрүлөр жеп кетет. Чоң улуттардын биримдикке зак кетиргенге кызыкчылыгы бар. Эмне үчүн Россия менен Украинаны Америка кагыштырып жатат? Себеби, андан пайда табат да. Украин менен орус кыргыз менен казактай бипбир тууган, славян эли, бири-бирин котормочусуз түшүнөт. Аягы эмне менен бүтөрүн алар ойлоп жатабы? Тарых мындайды мурун да көргөн. Эми ошону баалап, баамдап караш керек эле…

— Бизде ошол сиз айтып жаткандай, бөлүп-жаруучулукка аракет жасалган жокпу?

— Мындай көрүнүш ичибизде да кездешет, абысынга окшоп, башкалардын күнүлүгөнү бар, ошону пайдаланып жатышпайбы. Аны айтайын десең, бизди уккан киши жок. Азыр бизге идеологиянын үстүндө иштей турган мамлекеттик катчы деген керек. Эмнеге аны жоюп салды? Ал массалык маалымат каражаттары менен, башкасы менен да, андан сырткары, идеологиялык багытта да иш алып барчу. Мамлекеттик саясат дегенди жүргүзүш керек. Бир эле мисал айтайын, Бажы биримдиги боюнча көрүнгөнү көрүнгөндөй айтып жатат. Аны мамлекеттик телеканал, басылмалар аркылуу олуттуу түрдө берип, ага кирбесек, алака түзбөсөк иштин жагдайы кандай болорун кылтыңдатпай, ачык айтып, түшүндүрүшү керек. Эл арасында ар кыл сөздөр жүрүп атат. Бул учурдун талабы, зарылдыгы.

— Кыргыздардын эл катары артыкчылыгы эмнеде?

— Кыргыздар өтө ишенчээк, бала мүнөз келет. Ошондуктан Манас Алмамбет досуна ишенип, анан биринин артынан бири Чоң казатка барып кырылып калбадыбы. "Манастан Чубак кем бекен" деген жамандын сөзү. Бул куру намыска алдыргандыгы жана ичи тардыгы. Манастан Чубак, албетте, кем. Манастай залкарлык, кең пейилдик деген анда жок. Мисалы, президенттик шайлоого элүүдөй талапкер чыгат, алардын дээринде барбы, жокпу, кудай билет. Мындай кылганыбыз бизди жакшылыкка алып келбейт. Анан атаңдын көрү, дагы бир жери бар да, турмуштагы көрүнүштү, келе жаткан нерсени бат эле өзүнө сиңирип алат да, анан андан ары кандай жашаш керектиги боюнча өзүнүн эрежесин түзөт. Кыргыздардын дагы бир укмуштуудай сапаты — адегенде баладай ишенип, анан эгер ишеними ордунан чыкпай калса, алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Бул да кыргыз элинин залкарлыгы.

Sputnik Кыргызстан, 25.03.2015-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *