Алыкул Осмоновдун ырлары толукталды

a_osmonov_m

Алыкул Осмоновдун блогубуздагы баракчасы төмөндөгү дагы 45 ыры менен толукталды:

МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ

Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез... бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.

Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

КЕЧИРЕГӨР

Окуу - намыс, окуу - көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты эң жакшыга, бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын, -
Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым,
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АЙЧҮРӨКТҮН АКШУМКАР

Арпанын кара тоосунда
Акшумкар жаткан уя бар,
Бар экени чын экен
Барып көрдүм бир сапар.

Семетей кушун качырып,
Айчүрөк кармап алган дейт.
Ошол шумкар бул күнгө
Өлбөс болуп калган дейт.

Элдин сөзү чын экен,
Акшумкардай замана
Аппак канат самолёт
Айланып жүрөт асманда.

Аны айдаган ким десең
Айчүрөктүн балдары.
Самолёт биздин акшумкар,
Социализм заманы.
12/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КӨЛ АТА

Айланайын, көлүм ай,
Асмандай көп-көк өңүң ай.
Жайытың ай, түзүң ай,
Жайлооң ай, түрүң ай!

Шамалың ай, желиң ай,
Шайыр өскөн элиң ай,
Тоолоруң ай, жакаң ай,
Жайкалган жашыл жериң ай.

Толкунуң ай, шарың ай,
Толкунду тоскон жарың ай.
Токоюң, ай, талың ай,
Толуп турган чагың ай!

Эгиниң ай, малың ай,
Алмалуу калың багың ай,
Тарууң ай, майың, ай,
Кашка булак сайың ай.

Колхозуң ай, фермаң ай,
Кыштагың ай, айлың ай!
Эмгекке алган энчиң ай,
Совхозуңдун байын ай!

Айланайын, көл ата ай,
Өрүктөй гүлдөп өн, ата, ай,
Жыргалыңды көр, ата ай,
Кууралыңды көм ата ай.
12/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БААТЫР ЭНЕ

Күн болбосо Жер да болбос, Ай болбос,
Ай болбосо турмуш көркү шай болбос.
Июль түнү бешик жасап өрүктөн,
Баатыр эне жылдыз тууган айга окшош.

Көл болбосо, жел да болбос, жер оңбос
Жер болбосо жемиш болбос, эл болбос,
Күз болгондо: арча бешик жасаткан,
Баатыр эне өмүр берген жерге окшош.

Биздин заман - баатырлардын заманы.
Баатыр эмет эне берген маманы,
Оңой эмес ойдогудай өстүрмөк,
Он бир бала - он бир баатыр кабланды.

Чакыр эне, балдарыңды, көрөйүн,
Мен да балаң, мен эмесмин өгөйүң.
Чын энелик эрдигиңе багынып
Келчи энеке маңдайыңан өбөйүн.
13/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КҮЙГӨН

Эжеңизге келгеним,
Ал менин
Сизди көрсөм дегеним,
Окууң канча дегеним,
Ал менин
Жашыңды билсем дегеним.

Жигиттен жигит иргейсиң,
Жылмая карап күлбөйсүң,
Ферманын кызы Күкүшжан,
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.

Чачыңды сылап көргөнүм:
Ал менин -
Акылың бар дегеним,
Топчуңду кармап көргөнүм,
Ал менин -
Жүрөгүң асыл дегеним.

Ак, кызыл алма бергеним:
Ал менин -
Сүйсөң да сүйгүн дегеним.
Тор атка минип желгеним:
Ал менин -
Той жасаймын дегеним.

Уландан, улан иргейсиң,
Уяла карап күлбөйсүң,
Ударник кызы Күкүшжан
Сен менин
Убалымды билбейсиң.

Баладан бала иргейсиң,
Кашкая карап күлбөйсүң,
Койчунун кызы Күкүшжан
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.
14/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АЙ, ЖАМИЙЛА, ЖАМИЙЛА

Миң центнерчил Жамийла,
Ааламды бузган дайныңа,
Кусадар болуп өзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Камчым калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!

Бир гектарчыл Жамийла,
Бүткүл эл билген дайныңа,
Ынтызар болуп жүзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Күрмөм калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!

Атактуу кыз Жамийла,
Биздин эл билген дайныңа,
Ашык болуп өзүңдү,
Күндө көрөм деп жүрүп,
Калп эле таштап камчымды,
Калп эле таштап күрмөмдү,
Эми өзүм калдым айлыңда
Алып бербе катып кой,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
14/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЖЕҢИШ ЫРЫ

Башка күндөн майрамы көп ушул ай,
Баарыбызга бакыт ачкан сулуу май.
Тоодой токсон Тогузунчу май күнү
Жүрөгүмдөн жаратылган уулумдай.

Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Жеңгендердин атасы -
Сталинге салтанат!

Башка күндөн күлкүсү көп ушул май,
Баарыбызга өмүр берген улуу ай,
Жердей жети,
Тогузунчу май күнү -
Мага кымбат аба менен суумдай.

Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Жеңгендердин атасы -
Сталинге салтанат!

Башка күндөн гүлдөрү көп ушул май,
Баарыбызга жыргал берген улуу ай.
Күндөй сексен
Тогузунчу май күнү -
Мага кымбат, мүлдө ааламдын күнүндөй.

Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Жеңгендердин атасы -
Сталинге салтанат!
15/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БЕКБЕКЕЙ

Түнөргөн айсыз түн экен эй!
Түгөнгөн ууру күнү экен эй!
Карарган айсыз түн экен, эй!
Кан жуткан бөрү күнү экен, эй!
Малыбыз колхоз малы экен, эй!
Мал баккан элдин жаны экен, эй!
Бул малдын ээси ким экен,эй!
Бекбекей айткан биз экен, эй!
Бөрү келсе уштайбыз, эй!
Бөйрөгүн жара муштайбыз, эй!
Ууру келсе уштайбыз, эй!
Ууртун айра муштайбыз, эй!
Адырдан ашса табабыз, эй!
Алганын сууруп алабыз, эй!
19/XI 1946.

 

ЖЕТИМ КОЗУ

Жетим козу, жетим козу,
Сөз сурайын токточу:
Кайда барасың?
- Отунга.
- Отунду не кыласың?
- Камыр жууруп нан кылам.
- Нанды не кыласың?
- Мейман болуп кетсин деп,
Үйүмө сотту чакырам.
- Сотту чакырып не кыласың?
- Атам менен энемди
Союп жеген беренди -
Соттобогон немени
Уят кылып кызартам.
1946.

 

ӨМҮРГӨ

Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.

Мива бактай жемишимен күбүлбөй
Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй,
Ай балалык, асыл нерсе экен го
Учкан куунун канатынын күчүндөй.

Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей,
Кери тарткан кербестикке жеңилбей,
Ай балалык, жыргал нерсе экен го
Карлыгачтын канатынын желиндей.

Жарым саат, кабак чытып кайгырбай,
Арамдыкка абийиримди алдырбай,
Өмүр деген - сергек нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.

Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген - дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.

Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын.
20/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

АТА ЖУРТУМ

Ата Журтум, тууган элим, Мекеним,
Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим.
Тоо-ташыңдын, турпагыңдын, сууңдун
Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин.

Тууган жерим ата журтум - бир боорум,
Мен өзүңдүн гүл багыңда төрөлдүм.
Заманыңдын мен ырыстуу акыны,
Дарбыз, коон, жүзүмү бар корооңдун.

Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.
Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.

Мендеги өмүр, меники эмес сеники,
Менин ырым, сеники эмес, элдики,
Ар бир демим, ар бир соккон секунтум -
Өзүңдүкү, алар эмес желдики.
21/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

ЖОГОТТУМ

Кең Фрунзе шаарынан
Балыкчыга келатсам,
Он беш тоонун орду жок.

Кең Фрунзе шаарынан
Тянь-Шанга баратсам,
Отуз тоонун орду жок.

Айткылачы жолдоштор,
Ачык айткан сөз калппы?
Тоо жоготтум ким тапты?

Түшүрбөдүм колумдан,
Алдырбадым жолумдан,
Уурдатпадым жанымдан,
Жулдурбадым жонумдан.

Ошол тоонун ордунда,
Орто-Токой көлү бар,
Кардуу Боом ичинен,
Жол жыргалын көрүп ал.

Күм-жам кылып майдалап,
Түзгө айлантты биздин эл,
Мен жоготкон тоолорду
Билгиң келсе мага кел.
28/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

БИР ЧАКА СУУ

Бир чака суу мөлтүр кашка тунук суу,
Кайнар суусу, эмес бул суу кудук суу,
Канатка окшоп, бир жак колу делбиреп
Суудай таза кыз көтөргөн шумдук суу.

Бир чака суу, суу экенин байкагам,
Жаным сергип, кангандыгын айта алам,
Биздин күндөй анын таза күчүнө
Толкун урган кораблдей чайпалам.
28/ХI 1946, Чолпон-Ата.

 

КӨЛДҮН КЕЧКИ КӨРҮНҮШҮ

Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум,
Токсон ирет, көргөнүмө тойбодум,
Кызгылт көйнөк кийгендиги эсимде,
Уурдап алып күндүн батар боёгун.

Билбейм неге... эң жароокер ысыгым,
Кайрат, кубат, оюн-күлкү кызыгым.
Кыз баладай уялганы эсимде,
Уурдап алып күндүн батар кызылын.

Көргүм келет, көргүм келет миң ирет,
Айткым келет, сүйөм көлүм, сүйөм деп,
Элесимде көл жатпаса шарпылдап,
Ырларымда анда кайсы касиет!
28/XI 1946 Чолпон-Ата.

 

МЕН КӨЛҮМӨ КЕЛГЕНДЕ

Мен келгенде, токтоно элек баладай,
Бирок өзүн балалыкка санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм күрпүлдөп,
Толкуп алган толкунунан жаналбай.

Мен келгенде, албуут акын баладай,
Бирок өзүн акынмын деп санабай,
Жаткан экен, Ысык-Көлүм шарпылдап,
Ташып алган ташкынынан жаналбай.

Бүттү бороон. Улан жели токтоду,
Түптү түрө Санташ шамал сокподу.
Бул мезгилде мемиреген Ысык-Көл
Өз элиндей күчтүү, сулуу окшоду.
1946, Чолпон-Ата.

 

СЕКИДЕГИ ЖАПЫЗ ТАМ

Келгин куштай, улам жазга кайткандай,
Мен да өмүргө улам кайра кайта алам.
Бирок мени, сүйбөгөнгө уялбай,
Өзүм аны сүйгөндүгүм айта алам.

Эч сөз айтпай, жактырбастай карашың,
Жанды үшүткөн күзгү түнгө барабар
Бийлиги зор, сүйбөгөндүн кубатын
Кулдук кылып сүйгөн гана биле алар.

Сен жашаган секидеги жапыз там,
Миң катарлуу алтын үйдөн жаркырак,
Кайраты жок жүзүңдөгү нуруңдан,
Коркуу билбес баатыр жүрөк калтырак.
29/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы,
Алыс сапар, кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы!
Жолтоо кылып, кош дегенди угузбай
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел!» деп ата мекен чакырса,
«Аманбы» дан «кош» деп айткан сөз жакшы.
29/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

АККАН СУУ

Ай, аккан суу, аккан суу,
Ар адамга жаккан суу,
Алтын аяк ичинде
Абийир, ынсап тапкан суу,

Ай, аккан суу, аккан суу,
Мүлдө ааламга жаккан суу,
Каухар идиш ичинде
Кадыр-урмат тапкан суу.

Ай, аккан суу, аккан суу
Шылдыр мончок таккан суу,
Турмушта канча түйшүктүн
Баарына жетип арткан суу.

Ай, аккан суу, аккан суу
Алыска канат каккан суу,
Айдалган жерге жан берип
Апаппак болуп жаткан суу.
29/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

КУРБУМА КАТ

Келдим курбум, келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай,
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.

Мен бул жакта тирүү бармын, аманмын,
Боюндамын сулуу Чолпон-Атанын,
Атымды айтып, атын сурап таанышып,
Сыйын көрүп мындагы ини, аганын.

Мен келбедим байлык издеп бул жакка,
Байлык - колхоз, кайсы жерде турсак да,
Келдим, мында, баатыр жигит, ыр үчүн,
Кыш мезгилде жаздай кызмат кылмакка.

Поэзия - бул адамдын жаны экен,
Күн өтсө да, өчпөй турган шамы экен,
Өмүр, турмуш картайса да аргасыз
Поэзия - улам кайра жаңы экен.

Ал жаңылык кубатынан акындын,
Жаза билсек биздин күндүн баатырын.
Колхоз нанын, жумушчунун өнөрүн
Улуу акылман кеменгердин акылын.

Келдим курбум келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай.
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.
2/XII 1946, Чолпон-Ата.

 

ЧОЛПОН-АТА

Чолпон-Ата көл жээгинде көрктүү жер,
Алмасы көп ак кыштактар орногон,
Менде болду далай ысык сүйүүлөр
Мындай жерге, бирок ашык болбогом.
Бир жай жүрсөм, жашым кайра жангандай
Жашаргандай, жаштыгындай жүрөгүм,
Тагдырымдан кайра сурап алгандай
Ушунда өттү эң бир таттуу күндөрүм.
9/I 1947, Чолпон-Ата.

 

КЫШКЫ БОРООН

Кышкы бороон жаныма дос, жаш борон
Өмүрүмө ынтымактуу бурганак...
Чырак жанган, бала ыйлаган короодон
Бүркүт шаңшып учарына суранат.

Алдуу бороон, алгыр бүркүт эркинен,
Жаз жаралат, ошол бала түшүндөй...
Күндөр келет, күндөр келет кепкенен,

Күзгү бышкан ак буудайдын күчүндөй.
3/I 1947, Чолпон-Ата.

 

КОШ АЙДОО

Жан сергитип, жаңы өмүрдү ойлотот,
Күн күркүрөп жарк-журк эткен чагылган.
Жазга салам, жазга урмат, суук жок,
Жарык дүйнө сапарынан табылган.

Келди мезгил, өлбөгөн жан көгөрөр,

Жашоо баркы, кош айдоого уруксат.
Быйыл көрбөс жүз жыл мурун көргөндөр,
Тирүүлүк күн жаңы ырлардай жыттанат.
3/I 1947, Чолпон-Ата.

 

МЕНИН КҮНҮМ

Менин күнүм кирген суудай күрүлдөйт,
Күзүн күтүп мөмөсүнөн күбүлбөйт.
Ыза кылып жарыкчылык дүйнөнү
Карыганда жаш уландай бир гүлдөйт.

Менин күнүм, өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса, тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар,
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
13/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖАЗЫМА

Кош бол жазым,
Көк көпөлөк, ак казым,
Ыр жаза албай, мендей жүдөп - азбасым.
Антсем мейли, бирок өзүң айта жүр:
Азгын көңүл, тилегимдин тазасын.

Кош бол жазым, сени алыска узатам,
Сенден кымбат калк ичинде мен калам.
Кыйын жолдо - канча жабыр көрсөм да,
Өз доорума актыгыма мактанам!

Кош бол жазым, сен кетсең да биз аман,
Биздин балдар, биздей болсун билерман.
Жер үстүндө - ыраазылык күнүмдү,
Жердин жети түпкүрүнөн дей алам!

Кош бол жазым,
Көк көгүчкөн, ак казым,
Кенен сайда дайым толо акпасым,
Көз ачкандан ынак болгон жаныма
Картайбаган кулун жаштуу жашташым.
13/X 1948, Чолпон-Ата.

 

БИЗГЕ ТҮНӨЙ КЕТ

Көңүлүм капа, башым туман кеңгиреп,
Үч күн болду бизге мейман келе элек.
Жолоочунун бул кандайча шылдыңы,
Даамы жоктой,
Жеген токоч, жеген эт.
Сыйлап берер, белен кыргыз даамы бар.
Эй, жолдош,
Биздикине коно кет.

Мейман келбейт, келбегени жаман кеп,
Үйүм капа, эмне болуп кетти деп.
Ууру болсоң, торатымды уурдап ал,
Касым болсоң каргап өткүн, тамак жеп.
Чаалыкканга соопчулук даамым бар,
Эй, жолдош,
Биздикине түнөй кет!

Биздин үйдө көптөн жүргөн жалгыз шерт.
Кымбат ашты мейман бекер жесе деп,
Ачкөз болсоң өз башымды сурап ал
Кегиң болсо: сабап өткүн, тамак жеп.

Жолоочуга нечен түркүн даамым бар,
Эй, жолдош,
Биздикине түнөй кет!
13/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

БАЙКА, ЖИГИТТЕР

Калк мүлкүнө карышкырдай кол салган,
Жүз тармактуу каргашалуу жол салган.
Мөөрүн басып акты менен толтурган,
Оң чөнтөгү ону бирдей бүт жалган.

Эмки куну
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер!
Жорго минген Шермат келет
Кара, жигиттер!

Мойну калың кашкулактай буржуйган,
Тердеп тапкан бир күнү жок бир урган.
Ошентсе да арак көрсө арсаңдап,
Алтын сомдун жүз сомдугун суурган.

Жат адамды
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер?
Күлүк минген Шермат келет
Кара, жигиттер!

Арамдыкка мас болгондой энтелеп,
Мен келатсам акырайып жалт карап,
Ыркты бузган мына мобул «жазгыч» деп,
Үтүрөңдөп «бир чапсам ээ» деп алат.

Бузукуну
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер!
Анын бири ушул Шермат
Ана, жигиттер!
14/Х. 1948, Чолпон-Ата.

 

КӨҢҮЛ АЙТАЛЫК

Кетменчинин ак эмгегин азайткан,
Кесепеттүү наамат деген бир шайтан,
Момунду алдап, элди жазгап, эбин таап,
«Ичиш керек, жеш керек!» - деп көп айткан
Бүгүн өлдү.
Барып көңүл айталык,
Жылаан салып мүрзөсүнө,
Ыйлап кайталык!

Журттан тапкан күн көрбөгөн мүлкү бар,
Бирөө барса кашык сууга ичи тар,
Алгыч, жегич, азган-тозгон уурулар,
Буга курдаш, буга жолдош, буга жар.
Наамат өлдү,
Жүргүлө көңүл айталык,
Мүрзөсүнө бака ыргытып,
Ыйлап кайталык!

Ажал күчтүү, кимдер андан талашат,
Жолу туура, кантип анан адашат?
Ушакчынын, кытмыр арам неменин
Бул дүйнөдөн жок болгону жарашат!
Наамат өлдү,
Жүргүлө көңүл айталык,
Таш ыргытып мүрзөсүнө,
Ыйлап кайталык!
14/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

КӨЗҮМ ӨТКҮР

Көзүм өткүр, өрттү өчүрө караган,
Өз жанымдын жамандыгын көрө алам.
Колум ачык, журтка маалым марттыгым,
Бир чыны уудан,
Бир чака бал бөлө алам.

Көңүлүм жарык, музда көктөп өнө алам.
Өз жанымдын арамдыгын көрө алам.
Пейлим таза, чаккын десем чага албайт,
Жылан кызын колдон кармап өбө алам.

Сырдаш болсоң ачык сөзгө келе алам,
Мен өзүмдүн тардыгымды жеңе алам.
Керек болсо чебердигим жетишет,
Дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алам.
15/ Х 1948, Чолпон-Ата.

 

БУЛ КАНДАЙЧА?

Баары өзгөрөт, баары өчөт дейт турмушта,
Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот?
Өчөр күнүм үйгө бара жатканда,
Токмок жактан келбей койсом не болот?

Токмок жөнөйм,
Таттуу коонун тандап жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карызы бар?

Баары агат дейт, баары өтөт дейт өмүрдөн,
Мен элге окшоп өтпөй койсом не болот?
Баратканда тааный коюп өңүнөн,
Аксуу жактан келбей койсом не болот?

Аксуу жөнөйм,
Жүзүмүнөн үзүп жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карызы бар?

Баары сынат, баары өлөт дейт турмушта,
Мен тил албай өлбөй койсом не болот?
Башка коюп, тумшукка тээп, урушса,
Нарын жакка качып кетсем не болот?

Нарын жөнөйм,
Айран ичип, майын жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карызы бар?
15/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

* * *

Жакшы ыр жазсам:
Бутунан өөп жөнөтөм,
Жаза албасам: көз жашымды көлдөтөм,
Ыр жараткан, шам чырактын алдында
Бактылуу мен,
Бактылуу менин көлөкөм.
17/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

МЕН КЕМЕ

Мен кеме, келчү жерге эрте жеткен,
Кебелбей эки жагым кычыр эткен,
Көз жеткис бул деңиздин аркы учуна,
Жыңайлак жаштыгымды таштап кеткем.

Мен бир куш, учар жерге учуп жеткен,
Жем алган жалама зоо жайдак беттен.
Кайдадыр бийик тоолор арасына,
Таарынчаак жаштыгымды таштап кеткем.

Ал кездин алтындыгын эсиме албай,
Жаштыктын ар жагында жаштык бардай,
Ыйлатып уруп-сабап кете бергем,
Бир өппөй, маңдайынан бир сылабай.

Картайып азайтууга кезек келет,
Бир жүргөн жакшы күндө жакшы эл элек.
Бирок да, ошол тоолор арасында,
Жаштыгым ойноп-күлүп жүрө берет.
17/X 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖАКТЫРДЫМ

Кайдан таптым, билбейм мындай мүнөздү?
Дос, туугандар күнөкөр деп күлбөспү?
Тирүүлүккө ирегелеш салынган -
Жаман көрөм, калың мүрзө, күмбөздү.

Бирок сүйдүм, бир күмбөздү жактырдым,
Кубангандан күлүп ийдим, каткырдым.
Көргөн кезде койчу Жапар күмбөзүн
Жарык күндөн, кайткан ал бир асылдын.

Кымбат эле кой кайтарган убагы,
Жакшы адамдын жакшысы эле бул дагы.
Күмбөзүнүн күн жагына керилип,
Уктап жатат төрт карала улагы.

Муну көрүп эске түшөт ак тилек,
Колдон кармап, айтпаса да асыл кеп,
Күлө карап мен бармын деп тургандай
Баягы эле тирүүсүндөй сезилет.

Мейли түндө, мейли бешим, күүгүмдө,
Жапар күнү башка түшкөн күнүмдө,
Мен өзүмчө - өлбөс күн деп эсептейм
Бир тирүү жан тепсеп турса үстүмдө.
17/X 1948, Чолпон-Ата.

 

БУЛ ТУРМУШТА

Бул турмушта нечен сонун издер бар
Бороон уруп, кар жааса да кетпеген.
Не бир укмуш, чебер, уста адамдар -
Миң тепкичтүү шаты коюп жетпеген.

Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир нечен не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.

Бул турмушта нечен чоң-чоң издер бар,
Өрттөймүн деп, күн сынса да кетпеген.
Не бир баатыр, не бир канкор адамдар
Балта урса да, ордунан былк этпеген.

Мен да адаммын, мен дагы бир акынмын,
Билинбеген көп майданын бириндей.
Бул турмушка мен да изимди калтырдым,
Кичинекей, кудум шайтан1 изиндей.
17/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ПРАГАДА

Прагада ушул өткөн майданда
Бир азамат чексиз эрдик кылган дейт.
Жоону кырып, алдан чарчап тайганда,
Танка астына жата калып тынган дейт.

Бул дүйнөгө бир келгени чын болчу,
Бирок үйгө дайнын жазган каты жок.
Эл жыйналып ат бергени чын болчу,
Атагы бар, мүрзөсүнүн аты жок.

Шол мүрзөгө барар элем жөө басып,
Турпагынан бир ууч алып келүүгө.
Арстандын жүрөк канын канатып,
Ага кошуп балдарыма берүүгө.
18/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

КУБАНАМ

Силерге окшоп, мен да күлөм, кубанам.
Орой сүйлөйм, арак ичем, бууланам...
Калк башына кайгы түшсө, кайгырып,
Калкым үчүн таштай катуу тура алам.

Силерге окшоп мен да гүлдөйм, уланам,
Күнөөм болсо кечиргин деп суранам.
Сокур байкуш көздүү бала төрөсө:
Чын пейлимден ушунда бир кубанам.

Силерге окшоп менин да бар убадам,
Мен да аяйм, мен да корком убалдан.
Дудук уулу сүйлөп турса жанымда,
Чын пейлимден ушунда бир кубанам.

Силерге окшоп, мен да жүдөйм, кубарам,
Мен да жыргайм, мен да түтөйм, куралам.
Ырымды укпай, жазганымды көрбөсө:
Ыйлабасам, эмнесине кубанам?
17/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ДАГЫ АЯЛ ЖӨНҮНДӨ

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,
Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим,
Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим.

Анткен менен:
Колум ачык, мен кенен,
Жүз кайталап дагы аялга баа берем:
Аял деген:
Чаалыккан көсөм -
Сайдырган берен –
Бактыдан тайган жигитке,
Кемибеген, кебелбеген бир мекен!
21/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

СӨЗҮ БАР

Түк кайгырбайм, алсыз-чабал түрүмө,
Уу тамса да алтын сабак бүрүмө,
Тирүү кезде мындай элек деп айтып...
Сүйлөшүүгө жер табылбас күнүмө...
Мен кетсем да, тирүүлүктүн көзү бар,
Мен бүтсөм да, тирүүлүктүн өзү бар,
Бирок мага табылбачу эч качан,
Тирүүлүктүн: Эң бир, эң бир
Жанды ысыткан сөзү бар.
22/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ФРУНЗЕНИН ТҮНҮ

Бир мен эмес, чын сүйөрүң баарыңдын:
Түндөрү алтын... Түндөрү алтын, шаардын.
Анда калган күзгү сонун түндөрдү
Мени өлтүрбөс эмгегимдей сагындым.

Жылт-жылт этип, жылдыз көлү аккандай,
Куттуу бүлө кубанчына баткандай.
Көк мунарык, жашыл шоокум ичинде,
Ырыс көлбөп, фонтан болуп аткандай.

Угулса экен, түнкү бөбөк күлгөнү,
Кубанса экен, жаш бөбөктүн жүрөгү...
Неге десең:
Колун жайган, колун каткан бооруна,
Менин шаарым, акылмандар түнөгү.
23/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

КЫЗЫЛ ЖҮК

Дан беребиз, берген данды эл алат,
Алган элдин өмүрүнө саламат.
Берген белек жокко сиңип кетпестен
Кайра айылга ырыс болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, жигиттер, ылдамдат,
Атадан калган насаат бар:
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, жигиттер, ылдамдат.

Эгин төкмөк өзүнчө бир салтанат,
Эмгек менен көтөрүлмөк биздин даңк,
Берген белек дөөлөтүнөн кемибей
Кайра айылга байлык болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Машинаны бери тарт!
Ашык бүтсүн пландан,
Берген март эмес
Алган март!
Бол , туугандар, ылдамдат!

Эгин бермек биздин урмат, биздин бак,
Сыйлоо керек ата журтту кадырлап.
Ушул буудай калк санаасын тындырып,
Кайра айылга тынчтык болуп таралат.

Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, туугандар, ылдамдат!
Бергениңе кубангын,
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, туугандар, ылдамдат!
24/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ЭМГЕГИҢ

Сентябрь ай, коон жыттуу сонун ай,
Бышыкчылык... Барлык элдин көңүлү жай.
Эмгек күнгө жаңы буудай бөлүнүп
Жакшы иштеген ударниктин баары бай.

Дал ушул ай, үстүдөгү сонун ай,
Мобул буудай сенин энчиң
- Бери кел ой, Курманбай!

Октябрь ай, жийде жыттуу сонун ай,
Жакшы иштеген колхозчунун баары бай.
Эне эмизген сүтүнөн ак мээнетиң,
Байлыгыңа туура кара уялбай.

Дал ушул ай ошол айткан сонун ай,
Отуз центнер сенин энчиң
- Көтөр, көтөр, Курманбай!

Кыйын күндүн кыйынына каржалбай,
Ак иштедиң, ала жүргөн балбандай.
Адалдыгың адал эне сүтүндөй,
Өз бактыңа туура кара жалтанбай.

Бүгүнкү ай, эмгек бөлгөн сонун ай,
Кырк беш центнер сенин энчиң
- Көтөр, көтөр, Курманбай!
25/Х. 1948, Чолпон-Ата.

 

КҮЗ

Калкка берген карыздарын кыя албай
Мүлкүн чачкан шок балдарын тыя албай,
Кабын алып айлыбызга күз келди
Жазгы айдаган картошкасын жыя албай.

Элге берген өз энчисин кыя албай,
Ээ-жаа бербес шок балдарын тыя албай
Кабын алып айлыбызга күз келди,
Жакшы чыккан капустасын жыя албай.

Бул күз өзү көптөн бери көпкөлөң
Таш боор болсом деген оюн көп көрөм.
Өрүк уулу быйыл каза тапканда
Боору жумшап бир тамчы жаш төкпөгөн.

Ай, ай балдар, атка минип чапкыла,
Күз кайда экен барып издеп тапкыла!
Көзүн ачсын, колхоз деген кыйын журт
Жакасынан катуу силкип тарткыла.

Урсаңар да, ал ак көңүл таарынбайт
Катуу сынып капалыкка багынбайт,
Эрки жетпейт бизди таштап кетүүгө,
Качам десе: качар жагы табылбайт.

Алды жакта жайдак атчан жай мырза,
Арткы жакта ач кыйкырык кыш мырза.
27/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖҮЗҮМ АЙЫ

Ойдогу оюм чыккан менен оңунан,
Аз кечиктим убакыттын жогунан.
Жылдагыдай эми айылга жөнөөрдө
Жүзүм айы кармап калды колуман.

Ичте санаам чыккан менен оюнан,
Аз кечиктим даярдыктын жогунан.
Машинага эми олтуруп жөнөөрдө
Жүзүм айы тосуп калды жолуман.

Мына ошентип мен айылга барарда,
Кымыз ичип чын суусунум канарда,
Жүзүм айы бир өпкөн соң кучактап,
Жаным жыргап калып калдым калаада.

Мен жүзүмдү капа кылып ар дайым,
Жалгыз таштап, кетип жүргөм жыл сайын.
Сагыныпмын келчи жакын жаныма,
Жаным айым, ширин айым, бал айым.
28/Х. 1948, Чолпон-Ата.

 

ЖАЗ

Жаздын таттуу...
Эртеңкиси, күүгүмү,
Жаздай сүйсөм бардык жашаар күнүмү!
Ташка тийип сынган болот үнүндөй,
Кулагымда шыңгыр эткен бир үнү.

Жаздын алтын...
Эртеңкиси, күүгүмү!
Жаздай сүйсөм, барлык көрөөр күнүмү!
Чөнтөгүмдөн сууга түшкөн дүйнөмдөй
Кулагымда шылдырт эткен бир үнү...

Тил албассың, жакшылыкка жолдосо,
Оңолбоссуң, кемтигиңди оңдосо...
Ай, жаным жаз, кымбаттыгың эмнеде?
Жоголгонуң, сынгандыгың болбосо?..
28/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

СУУ КЕЛАТАТ

Суу келатат,
Суу келатат бир кулак,
Момун сууну мактап алчу жакшы убак,
Ураа, достор! Арык толо аккан суу
Колхозчуга табылбаган кадыр-барк.
Жер атасы, эл атасы мына ушул,
Өз колунан бере турган бекер даңк.
Ак, ак, суум, ак,
Эгиниме балдай жак!

Суу келатат,
Суу келатат бир кулак,
Арзан сууну кымбат алчу бул убак,
Көрүшө элек тууганымдай сүйүнттү
Турган кезде, кызылча өнбөй, жер кургап,
Ураа, достор! Сууга кулдук кылалы,
Мына дөөлөт, мына шекер, мына кант!
Ак, ак,
Шашпай ак,
Түшкөн эмдей жакшы жак.

Ак, ак,
Айланайын, суум, ак!
Эжем менен көрүшкөндөй көңүлүм шат.
Арпа, буудай, жүзүм, коон, дарбызга
Бир туугандай кенен уктап, коно жат.
Тиричиликке сенден кыйын табып жок
Тамырын бил, кетсин оору, кетсин дарт!
Ак, ак,
Суум, ак,
Калкты сыйла, калкты бак.
Шашпа, жаным, жайыла түш кең тарап,
Калк эккендин керегине тең тарап,
Жара түшөр биздин жарык өмүргө,
Бек турбасаң, так текшерип, так карап,
Ураа, достор! Кечеги ичип мас болгон
Мына - бозо,
Мына - вино, мына - арак!
Жок вино эмес, биздин дүйнө - биздин мүлк,
Биздин абийир,
Биздин сыймык, биздин даңк!
Ак, ак, ак,
Кенен ак,
Элди сыйла, элди бак!
Бат, бат, шашпай ак,
Жерди сыйла, бизди бак,
Ак, ак,
Эркин ак,
Элди сыйла, элди бак.
29/Х 1948, Чолпон-Ата.

 

 

Читайте также:

комментария 2

  1. Арзыбек:

    Алыкул Осмоновдун талантына таазим этем

  2. Алыкул Осмоновдун ырларын укканда жүрөгүмө башкача бир сезим келет

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *