Тѳрѳкул Айтматов менен Нагима Айтматованын акыркы коштошуусу

7ya

«Тѳрѳкул балдарын улам бирден колго алып, акыркы жолу ѳѳп-жыттап коштошту: – Кош болгула, Нагый, кымбатым, жолдо балдарды абайла.

Ал үй-бүлѳсү түшүп кетип бараткан вагондон кѳзүн албай катып турду. Кѳмѳкѳйүн кѳз жашы муунтуп, аза боюн коркунуч сезими каптап, кара терге түштү…»

1935-жылдын январында Тѳрѳкул Айтматов Москвадагы тарыхый-партиялык Кызыл профессура институтуна окууга жиберилгенине байланыштуу ВКП (б) Киробкомунун экинчи катчысы кызматынан бошотулат.

Институттун жатаканасына жайгашкан соң, Тѳрѳкул Москвага үй-бүлѳсүн чакырат. Ал убакта Айтматовдордун үч баласы бар эле: Чыңгыз, Илгиз жана Люция. Москвадагы жашоо жакшы эле шартка түшѳт. Бирок, ошол мезгилде күн санап ѳлкѳдѳгү саясый абал курчуй берет. Айрыкча 1937-жылы ВКП(б) БКнын февраль-март Пленумунан кийин советтер ѳлкѳсүндѳгү, анын ичинде Кыргызстандагы абал ого бетер оорлошот. Мамлекеттин кѳрүнүктүү жетекчилерин, интеллигенциянын алдыңкы ѳкүлдѳрүнүн камакка алынганы тууралуу кабарлар улам-улам Фрунзеден келе баштайт.

Күндүз гезиттерден коомго «оңтойсуз» адамдардын тобу тууралуу маалыматтар бат-бат чыга баштаган. Түнүчүндѳ болсо кара кийимчен адамдар кара машине менен үйлѳрүнѳ келип, аларды салып кетип камашкан.

Так ушул тапта Айтматовдор дагы бир кыздуу болушат. Анын атын Роза, паспорту боюнча Розетта деп коюшат. Нагима Айтматова күйѳѳсүнүн, кичинекей балдарынын тагдыры үчүн кѳп ойлонуп, ичинен сызып жүргѳн. Ушунун баары анын ден соолугуна кедергисин тийгизди окшойт.

Нагима ооруканадан чыккандан кийин Тѳрѳкул аялына кѳптѳн берки айта албай жүргѳн оюн билдирүүнү чечет. Буга чейин ал кош бойлуу аялын аяп, кѳп нерсени ага айтпай жашырып жүргѳн. Аны капа кылгысы келген эмес. Нагима да мунун баарын ал айтпаса да билген. Жубайлар бири-бирин түйшүккѳ салгысы келбей, бири-бирин аяп бул темада сѳз козгобой жүрүшкѳн.

Адегенде сѳздү Нагима баштады:

- Күн санап камалгандардын саны кѳбѳйүп жатат. Алардын баары биз экѳѳбүз билгенден белгилүү, кадыр-барктуу адамдар. Алардын атылганы атылып, түрмѳдѳгүсү түрмѳдѳ… Менин таң калганым, ушул Совет бийлигин орнотом деп жанын үрѳгѳндѳрдү эмне үчүн эл душманы деп айыпташат? Менин коркконум сени да камап коюшпайбы?

- Мен да ушуну ойлоп жатам. Жакын досторум, санаалаштарым эл душмандары аталды. Эми пленумдан кийин мени да камап коюушу ыктымал. Бирок сен жѳн эле кабатыр болуп жатасың, Нагый, менин бийлик, Мекеним алдында эч кандай күнѳѳм жок. Камаган күндѳ да мен муну далилдей алам. Алар мени баарыбир бошотушат. Азыр болсо сен балдарды алып Шекерге токтоосуз кетишиң керек.

- Сен эмне деп жатасың, ушундай шартта сени кантип жалгыз таштайын? Кандай күнгѳ кабылсак да бирге болобуз, башка салганды бирге кѳрѳрбүз.

- Минтсек, экѳѳбүздү тең камап коюшу мүмкүн, мындайлар болуп жатпайбы. Кошуналардын эле эмне болуп жатканын кѳрүп жатпайсыңбы Нагима, сен балдарды калкалап калышың керек. «Эл душмандарынын» балдарын балдар үйүнѳ тапшырат, фамилияларын ѳзгѳртүшѳт, бир туугандарды бири-биринен ажыратышат. Экѳѳбүз тең камалып калсак балдардын кѳргѳн күнү не болот? Эч нерсе эмес, мен адилеттикке ишенем, айттым го, мени тез эле бошотушат.

- Сен ѳзүңдүн күнѳѳсүз экениңди далилдейм дейсиң, кантип, кана, айтчы?

- Советтер бийлигин орнотууга катышкан биздин муундун эң башкы жетишкендиги – мамлекеттүүлүгүбүздү кайрадан курганыбыз болду. Тагдыры ушундай экен, кѳп кылымдар бою кыргыздар мамлекети жок күн кечирди. Совет бийлиги болсо ушул жоготкон баалуулугубузду кайра кайтарып берди: күрѳшүп, талашып атып болсо да биз адегенде автономиялуу облус болдук, анан РСФСРдин курамындагы автономиялуу республикага айландык, 1936-жылы болсо биздин Кыргызстан СССРдин курамындагы союздук республика статусун алды. Бул биздин эл үчүн жасаган ѳтѳ маанилүү, тагдыр чечерлик маселе. Мыйзамдык негизде Кыргыз мамлекетин түзүп, биз чоң эрдик жасай алдык. Азыр биздин мамлекет катары Конституциябыз, чек арасы, мыйзамдуу аныкталган аймагыбыз, желегибиз, тилибиз бар. Биз кантип эле ѳз элибиздин душманы болот элек?! А элибиздин сабатын жойгонго кылган далалатыбызчы?! Биз артта калган ѳнѳр-жайды, маданиятты, айыл-чарбасын бутуна койдук. Жер-суу реформасын ишке ашырдык. Негизгиси, биз ѳз коомубузда адилеттикти орнотууга аракет кылдык.

- Мен мунун баарын түшүнѳм. Бирок эмне үчүн камалгандардын ичинен бири да ѳзүнүн күнѳѳсүз экенин далилдей албай жатат. Демек, силердин эл алдындагы эмгегиңерди кѳрѳйүн, билейин деген адам жок. Азыркы бийликтин максаты бирѳѳ гана – оозунда сѳзү, жеке пикири, кѳз карашы бар сабаттуулардын кѳзүн тазалоо. Кеч боло электе бир жакка кѳздѳн далдаа кетип калбайлыбы?

- Сен эмне деп жатасың? Совет бийлиги, Октябрь революциясы кыргыздарды биротоло жок болуу коркунучунан сактап калды. Мен баш-отум менен совет бийлигине берилгенмин, аны орнотууга канча мээнетимди жумшадым.

- Албетте, туура айтасың. Бирок азыркы бийликтин жасап жаткандарынан улам анын ѳзүнѳ берилген мыкты адамдарын жок шылтоо менен кырып жатканын кѳрүп жатпайбызбы.

- Мен деле ушинтип ойлоймун. Бирок мунун баары убактылуу гана нерсе деп эсептеймин. Туура эмес саясат жүрүп жатат. Бул бир каталык. Убакыт келет, ошондо биз акталабыз, ал эми азыр минтип билгенин жасап, элдин алдыңкыларын кырып жаткандар ѳздѳрү накта эл душманы деп айыпталат.

- Кызыксың, силерди ѳлтүрүп салгандан кийин акталганыңардын кимге кереги бар. Качып эле кетеличи бул жактан, заман оңолгончо жашына турганыбыз оң…

- Жок! Мен эч жакка кетпеймин! Мен эмне үчүн качышым керек! Биринчиден, менин эч кандай күнѳѳм жок, экинчиден, кандай болгондо да мен республикадагы белгилүү адаммын. Кандай сыноо болсо да, Кудай башыма эмнени салса да кѳтѳрѳм. Эгер чын эле менин эл үчүн кылган эмгегимди эл душманынын кылганы деп түшүнүшсѳ, адилеттик үчүн ѳлүмгѳ да башымды сайганга даярмын! Бирок эч жакка кара жанымды жашырып качпаймын. Ѳз элимдин, совет бийлигинин алдында жүзүм жарык. Акыры бир күнү мени акташат. Азыр болсо балдардын тагдырын ойлойлу.

- Макул, мен анда балдарды Шекерге алып кетейин. Розаны эмчектен чыгарып, Карагызга калтырайын да, ѳзүм кайра сенин жаныңа келейин.

- Сенин кайра келериң тууралуу да ойлоноорбуз. Азыр болсо жолго чыгышыңарга киришели.

Нагима жолго камына баштады. Чемоданга балдарынын буюм-тайымдарын салды. Даярданып жатып саамга ойлонуп турду да, Тѳрѳкул белекке берген дасторконду колуна алып салып жатып, кѳзүнѳ жаш толду…

Тѳрѳкул бала-чакасын узатканы Казань вокзалына келди. Вагонго жүктѳрүн жайгаштырып, балдарын ыңгайлата отургузду.

Поезд жѳнѳѳргѳ аз калды. Тѳрѳкул балдарын улам бирден колго алып, акыркы жолу ѳѳп-жыттап коштошту.

- Кош болгула, Нагый, кымбатым, жолдо балдарды абайла.

- Мен балдарды Шекерге жеткирип кайра келем. Эгер сени кармап кетишсе кайдан издеймин?

- Бул жакка кайра келип убара болбо. Мени кармашса Фрунзеге жеткиришет да. Мейли анда, кошкула, балдарды кара, ѳзүңдү этиятта!

- Тѳрѳкул, сени жалгыз калтыргым келбей жатат! – Нагима Тѳрѳкулду кучактап ыйлап жиберди. – Сени Кудайга тапшырдым, мындан башка арга жок!

Поезд ордунан козголду. Тѳрѳкул вагондун тепкичинен секирип түштү да, поезд менен тең жарышып , кол булгалаган бойдон чуркады:

- Нагый, кѳрүшкѳнчѳ! Балдарды жакшы кара!.. – Ал үй-бүлѳсү түшүп кетип бараткан вагондон кѳзүн албай катып турду. Кѳмѳкѳйүн кѳз жашы муунтуп, аза боюн коркунуч сезими каптап, кара терге түштү…

Нагима болсо вагондо наристесин бооруна кыскан тейде айнекке жабышып Тѳрѳкулдан кѳзүн албай, ал да катып турду. Качан гана Тѳрѳкулдун карааны кѳрүнбѳй калганда кѳзүнүн жашы кѳл болуп ыйлап жатканын сезди. Аны-муну түшүнүп калган улуу баласы Чыңгыз жүрѳгү бир нерсени сезгендей тескери бурулуп, боздоп ыйлады. Кийин ал минтип жазат: «Эмнеге экенимди билбейм, мен атам менен мындан ары кѳрүшпѳсүмдү сездим. Мен аны акыркы ирет кѳзүм тойбой карап жаттым. Адамдарга урунуп-беринип, бизден кѳзүн албай, поезддин артынан күйүгүп чуркап келатты… Кѳмѳкѳйүмдѳгү ый таштай катып, түбѳлүк кетпечүдѳй муунтту, мени жаналакетке түшүрдү…»

Нагима балдары менен түшкѳн поезд 1937-жылдын 30-августунда Маймак станциясына келди. Бул жерде поезд адатта 2-3 мүнѳткѳ гана аялдайт. Купеде чогуу келгендер Нагимага балдарды түшүрүүгѳ жардам беришти.

Стациянын бет маңдайындагы капкара Кара-Тоо адатынча кѳлѳкѳсүн тѳгүп, караңгы түндү ого бетер түнѳртүп турду. Ал мезгилде электр жарыгы али бул станцияга орнотула элек, бирок, вокзалдын имаратын куруп бүтүрүшкѳн эле. Уйкудан жаңы ойгонгон балдарды муздак шамал чыйрыктырып жиберди. Анан калса суук, караңгы, коркунучтуу түн балдардын жүрѳгүн дүкүлдѳттү. Алар энесинин этегине эки жагынан жабышып, заматта бозоро түшүштү. Ушул учурда Нагима эми балдары менен ѳзүнүн жапжалгыз калганын биринчи жолу туйду. Бир кызын бооруна кысып, экинчисин жетелеп, эки кичине уулу чоң чемоданды эптеп сүйрѳп, ээрчише вокзалдын имаратына жеткенге шашышты.

- Чемодан оор экен, кѳтѳрѳ албай чарчадым, – деди Илгиз.

- Макул, анда сен Люцияны жетеле, жүктѳрдү Чыңгыз экѳѳбүз кѳтѳрѳбүз.

Нагима тѳрѳттѳн соң сыркоолоп, анын айынан муундары да ооруйт, оор жүк кѳтѳрѳ албайт. Азыр эми жанын ойлой турган учурбу, оор чемоданды Чыңгыз экѳѳ биртике кѳтѳрүп, 10 метрдей баскан соң аны калтырып, артта калган сумкаларга жѳнѳшѳт. Сумкалар келгенден кийин кайра чемоданды дагы берирээк жылдырып, кайра сумкаларга барышат. Ушинтип олтуруп тѳрт кичинекейин жетелеген Нагима вокзалдын имаратына балдары менен жетти.

Жолдон чарчаганга отургучтарга жайгашаар замат уктап калышты. Бир маалда уйкудан ойгонгон Роза ыйлап калды. Анын үнүнѳн бир туугандары да ойгонуп, курсактары ачкангабы, кыңкыстай башташты. Нагима дежурныйга келди.

- Беш күндѳн бери жолдобуз. Эгер сизге кыйын болбосо бизге чай кайнатып бересизби?

Дежур киши примусун жагып ага чайнегин койду. Бул орус Нагиманын кѳзүнѳ боорукер, ыймандуу сезилди.

- Мен сизге дагы бир ѳтүнүч менен кайрылсам болобу? Маймакта биздин Кулжабай деген тууганыбыз бар, эртең жумушуңуз бүткѳн соң ага барып Айтматовдордун үй-бүлѳсү вокзалда күтүп жатканын айтып коёсузбу, ал бизди алып кетсин.

- Макул. Айтматов деген фамилия мага тааныштай, ал чоң кызматта иштесе керек эле?

- Ооба.

- Түшүнүктүү…

Кабар Шекердеги Тѳрѳкулдун аталаш агасы Алымкулга жетет. Ал Суванбек деген тууганын Маймакка жиберет да, шады-араба менен аларды алдырат.

…Тѳрѳкул Нагимага кат жазып турду. 1937-жылы 10-ноябрда болгон Кызыл Профессура институтунун партбюросу Т.Айтматовду партиянын катарынан чыгарат. Чогулуштан чыгып келатып Нагимага кат жазуу үчүн Тѳрѳкул почтага кирди. Болгон окуя тууралуу кыска, бирок түшүнүктүү кылып кат жазды. Каттын аягында аны жакын арада камашаарын, анан Кыргызстанга алып кетээрин эскертип койду.

Мындан соң Тѳрѳкул күнү-түнү түйшүккѳ толгон эки жуманы ѳткѳрдү. Кырдаал мурдагыдан да курчуйт. 26-ноябрда ал Нагимага акыркы катын жазат. (Ал катты Нагима ѳмүр бою кѳзүнүн карегиндей сактады. Бул кат үй-бүлѳ архивинде дагы эле сакталуу). 5 күндѳн кийин, 1937-жылдын 1-декабрында аны камакка алышат.

Биздин үй-бүлѳнүн башына оор кыйынчылык түшүп, кѳп мүшкүлдү кѳрѳт. 1941-жылы согуш башталып, жашоо дагы кескин оордойт. Согуш, ачарчылык, кыштын ызгаардуу суугу…

Таластагы Жийде айылында бир чабандын жалпак тамында жашачубуз. Ѳздѳрү малы менен тоодо эле. Үйдүн полу жок, терезеси кичинекей, эшиктин илгичи жок болчу. Түнүчүндѳ жип менен байлап койчубуз. Саман, куурай жагабыз, катуу суукка деп кичине отун менен тезек сактап койгонбуз. Адамдардын жашоосу, ой санаасы бүт бойдон фронттон келчү кабарга гана кадалып калган. Айылдагы жалгыз сабаттуу адам – бул биздин апабыз Нагима Айтматова эле. Ал орусча да, кыргызча да гезиттерди окучу. Согушта эмне болуп жатканы тууралуу маалымат уккусу келген кошуналар, айылдаш келиндер биздин үйгѳ кечкурун чогулушат. Кээ бирлери фронттон келген каттарды кѳтѳрүп келип апама окутушат. Апам ѳзү карапайым, жароокер, кайрылган адамга, чоң болобу, кичине болобу мээримдүү, сылык мамиле жасап, аларга колунан келишинче жакшылык кылайын деген адам эле. Баарынын каттарын окуп берген апама анан алар да кѳңүл бѳлүшүп, ден соолугун, ал-акыбалын сурашчу.

Атам камалгандан баштап абдан капаланып кайгыргандан болуш керек, апам катуу ооруларга чалдыккан эле. Сѳѳк-сагынын ооруганы кечке жуук күчѳп, колу-бутунун муундары кыпкызыл болуп ысып, шишип чыкчу.

1944-жылы апамдын бир тууган агасы Шарифти 56 жаш курагына карабай согушка чакыртышыптыр. Анын кеткенин угуп апам катуу кейиген. Агасы фронтко кетип жатканда аялы Зайнаб катуу ооруп жаткан экен, кѳп узабай каза болуп, ал эми Шариф ѳзү алты айдан кийин фронттон курман болот. Агасынын ѳлүмүн туугандарынын каты аркылуу уккан апам кѳпкѳ чейин боздоп, ѳксүп ыйлайт. Тоголок жетим калган үч баласына кейийт, жардам бере албасына каңырыгы түтѳйт.

- Нагима апа, ѳзүңүздүн абалыңыз мындай болуп турса кантмек элеңиз, башка туугандарыңыз жокпу? – деген эле куран окутуп келишкен келиндер.

- Ата-энем, эки эжем, жезделерим каза болгон, эки эркек бир тууганым согушта. Ар ким ѳз айласын таппай турган заман болуп кетти го, кантейин, – деп кѳз жашын тѳгүп-тѳгүп жиберди.

- Кайран эже, кандай кыйынчылыктар биринен сала бири башыңызга түшүп атыптыр. А биз болсо күнүгѳ келип ѳз кайгыбыз менен сиздин башыңызды оорутабыз.

- Жок, андай дебегиле. Силерге ыраазымын. Силер келип мени алаксытпасаңар жинди болуп кетпейминби. Тѳрѳкул келсе эле баары жакшы жакка ѳзгѳрѳр. Оору абдан эле кыйнайт. Сѳѳк-саагымдын ооруганы түнүчүндѳ чыдатпайт, таңга маал астма кармап, дем алдырбай кыйнайт. Кээде, кеч түндѳ уктап баратып Кудайга жалынам, «эртең менен ойгонбой кала тургандай кылып мени алып кетчи» деп. Анан мемиреп уктап жаткан балдарыма кѳз чаптырам да, кайра Кудайдан кечирим сурайм: «Ѳлѳйүн деген оюм үчүн, чыдабаганым үчүн кечир, Кудайым. Ѳлүп калыш баарынан жеңил. Бирок мен ѳлсѳм балдарымдын кѳргѳн күнү эмне болот? Кайда барат, кимдин босогосунда кор болот? Жок, Кудайым, Тѳрѳкул келмейинче мен ѳлбѳйүн, сактай кѳр мени. Башыма түшкѳн кыйынчылыктардын баарына чыдайын, бирок балдарым кор болбосун» деп.

Ошентип күндѳр ѳтѳ берди. Ал кезде балалык менен апамдын башына түшкѳн азапты, кайгы-муңду, апамдын биз үчүн жаш ѳмүрүн сайганын кѳп түшүнѳ бербептирмин…

***

1957-жылдын август айы эле. Күндѳрдүн биринде апам менен Чыңгыз акем жазган каттарга жооп катары НКВДдан «Т.Айтматов жѳнүндѳ келип кабарын алып кеткиле» деген кат келди. Апам ал кезде экинчи топтогу майып болуп калган. Басканда, ары-бери кыймылдаганда кыйналчу. Бул кабарды угуп, ал оорусун да унутуп койду. Кубанганынан эки бетине кызыл жүгүрүп, кѳздѳрү жайнап, жапжаш кѳрүнүп, чоң үмүт менен аялдаманы кѳздѳй буттарынын катуу ооруганына карабастан шашып, демейдегиден алда-канча тез басып баратты. Апам экѳѳбүз автобус күтүп туруп калдык.

- Атаң Сибирде болуш керек. Азыр ошояктан кѳп киши келип жатыптыр го. Мүмкүн үйлѳнүп, бала-чакалуу болуп да калса керек, эркек да, үй-бүлѳсүз ѳзүнчѳ жашай албайт да… Мейли эле, аман болсо болду. Силерди кѳрсѳ кандай сүйүнѳт. Кайран киши, балдарын ѳтѳ жакшы кѳрчү эле, кантип ѳскѳнүңѳрдү кѳрбѳй калбадыбы. Чыңгыз менен Илгиз үйлѳнүп, ѳзүлѳрүнчѳ адам катарына кошулуп калышты. А силер Люся экѳѳңѳр татынакай болуп, тирелип бой жетип калдыңар. А Сарымды кѳрсѳ кандай кубанат (Чыңгыз акемдин Санжар деген уулун – биринчи небересин апам ѳтѳ жакшы кѳрѳр эле).

Аңгыча автобус келип калды. Түштүк. Апам жолдо мага кобурап баратты.

- Кандай болуп калды экен атаң? Аман болсо экен. Кандай жигит эле. Акылдуу десе акылдуу, билимдүү десе билимдүү, маданияттуу, үй-бүлѳгѳ карамдуу, чынчыл, кайраттуу, иштерман. Мындай адам экинчи тѳрѳлбѳс…

- Апа, а кантип тааныштыңар эле? – дедим апамды сѳзгѳ алаксыта.

- Ой, ал бир Кудайдын буйругу го! Иште болчумун, иш кагаздарымды карап бир нерсе жазып отургам. Бир убакытта эшик шарт ачылып кетти да, укмуштай сулуу, узун бойлуу, эки кѳзүнѳн нур чачыраган жигит кирип келди. Мени ток ургандай эсим ооп калды, – деп күлүп койду.

- А атамчы, ал да сени бир кѳргѳндѳ эле сүйүп калдыбы? – дедим дагы эле апамдан калбай.

- Ооба, экѳѳбүз үйлѳнгѳндѳн кийин ал да мага «Мен жакшы эле ѳткүр, эч нерседен тайманбаган жигит элем, бирок сени кѳргѳндѳ тилим буулуп, эмне деп сүйлѳѳрүмдү билбей калдым» деп айтты. Ээ, экѳѳбүздүн табышканыбыз Кудайдын бир буйругу го. Эми азыр келген болсо… Азыр НКВДдан тосуп алсак экѳѳбүз… – апам кыялданып баратты.

НКВДга да келип жеттик (азыркы Коргоо министрлиги жайгашкан жерде бир кабат үйдѳ болчу). Кире бериштеги автоматчан солдатка апам баягы ѳзүнүн атына жазылган чакыруу кагазын кѳрсѳттү.

- Сиз ѳтүңүз, а сиз калыңыз, – деп мени ѳткѳрбѳй койду.

Бир аздан соң ѳңү күлдѳй бопбоз, кѳздѳрү ѳчкѳн апам тышка араң басып чыкты. Эмне болгонун дароо эле түшүндүм… Ыйласам катуу кейий турган. Унчукпадым. Колундагы бир барак кагазын мага сунду.

«Айтматов Тѳрѳкулга карата 1938-жылдын 5-ноябрындагы СССРдин Жогорку Сотунун Коллегиясынын ѳкүмү жаңыдан ачылган жагдайларга ылайык алынып ташталсын жана кылмыш курамынын жок экендигине байланыштуу ал жѳнүндѳгү иш токтотулсун. Айтматов Т. ѳлгѳндѳн кийин реабилитация болду».

Ѳлгѳндүгү жѳнүндѳ күбѳлүгүнѳн:
«Ѳлгѳн жери – белгисиз.
Ѳлгѳндүгүнүн себеби – белгисиз.
Ѳлгѳн убактысы – белгисиз».

Албетте, бул оор кабар баарыбыздан да апама катуу таасир этти.

- Эми силердин амандыгыңарды эле тилейин, кантейин, тагдырга баш ийбеске арга жок тура, – деп терең үшкүрүп, кѳз жашын тѳгүп-тѳгүп алган эле…

«Көк асаба», 02.12.2014-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *