Баланы түйүлдүк кезинен тарбиялоодогу кыргыздын салты

Акыркы жүз жыл ичинде кыргыздардын аң-сезими ѳзгѳрүп кеткен. Ички жан дүйнѳ жоголду. Адам баласы минтип ѳзүнүн ички жан дүйнѳсүн жоготуп койгонунун бир себеби – жылуу мамиленин жоктугу.

Илгери кыргыз балдары бала-бакча дегенге барышчу эмес, үйдѳн чоң ата, чоң эненин мээриминде, туура тарбиясында, жакшы мамиледе чоңоюшчу. Кичине кезинен ата-эненин мээримин кѳрбѳй чоңойгон адам таш боор болуп калат. Кыргыз элинин 20-25 пайыз эли таш боор болуп калганынын себеби – сүйүү мээриминен кур калып ѳскѳнүнѳн. Байыркы кыргыздын дүйнѳгѳ, ааламга, элге, мекенине, бири-бирине болгон сүйүүсү күчтүү, намысы бекем болчу. Намыс – ѳлүмдѳн да жогору турган. Бир кыргызды да жоого алдырып жибербей, намысты кармап турушкан. Кийинчерээк касиетибиздин баары кетип эле, каада-салтыбызды катуу кармабай калдык.

Биздин каада-салт эмне үчүн күчтүү деп айтылат. Анткени анда касиет бар. Каада-салт касиетин бекем кармаганы үчүн байыркы кыргыздар улуу эл болгон. Мисалы үчүн, азыркы учурда деле тибеттик кыргыздарда жакшы, ыйык адам тѳрѳлүш үчүн баланы бойго бүтүрүү мезгилинен тарта эле каада-салтты катуу кармашат. Аялдын жатынын уруктандыруу алдында алар түнкү 11де чогулушат, бул маалда ушул дүйнѳ менен тигил дүйнѳнүн ортосундагы таасир берчү бир убакыт-саат болот экен. Анан алар ошол маалда от жагып, жыттуу чѳптѳрдү күйгүзүп, эч ким сүйлѳбѳй мемиреген тынчтыкты сакташат да, жубайлардын ата-энелери, урук-тууганы жакшы адам жаралсын деп тилек кылышат. Бул кѳрүнүш кыргыздарда байыртадан болгон, биз жоготуп алдык, тибеттик кыргыздар дале колдонууда.

Анан, бойго бүтүп эки ай болгондо курсактагы баланы тарбиялоо башталчу. Кош бойлуу келиндерди сѳзсүз түрдѳ элдик баяндарды, эпосторду угууга, Манас угууга чакырышчу. Себеби, аларда жѳн эле окуяларды сүрѳттѳѳ, айтып берүү эмес, жашоонун философиясы жатат. Эки айынан тарта курсактагы жан ѳзүн толук тааныйт, аң-сезими калыптанат, сырттагы жакшы-жаман нерселерди кабыл ала баштайт, угат, тогуз айына чейин энеси тарабынан айтылган каада-салт, ырым-жырымдар менен сугарыла берет. Аларга жомоктор, ата-теги, жети атасы тааныштырылып, чоң аталары кандай баатыр болгону, ким болгону айтылчу.  Кыскасы, курсактагы ымыркай тирүү адам катары кабыл алынат. Анан жанагынын баарын угуп, ата-эненин мээрими, сүйүүсү тѳгүлгѳн бала жеңил тѳрѳлѳт, бу дүйнѳгѳ кубанычта келет. Ал эми биздин турмушта кездешчү «мен бул баланы тѳрѳгүм келбейт!» деп энеси кыйкырган убакта, түйүлдүктү чанган кезде ичте жаткан бала тоголоктошо түшѳт, ѳзүнүн ѳгѳйлѳнүп жатканын сезет, бу дүйнѳгѳ тѳрѳлгѳндѳн коркот. Ошондуктан, курсактагы балага энеси да, атасы да, чоң ата-чоң энеси да «биз сени жакшы кѳрѳбүз, күтүп атабыз» деп сүйүп, эркелетип турушу зарыл.

Тѳрѳлгѳндѳн кийин кырк күн эне менен бала эч кимге кѳргѳзүлбѳй багылышы керек. Себеби, тѳрѳт учурунда аялдын аурасы айрылат, анын аурасында тѳрѳлгѳн бала экѳѳ тең сырткы дүйнѳдѳн коргонууга алсыз болушат. Кырк күндѳ ауралары калыбына келмейинче кѳп кѳздѳн, сѳздѳн сактануу зарыл.

Ошентип, 2 айлык түйүлдүк кезинен тартып сүйүү мээримин алган, туура тарбияланган бала тентек болбойт экен. Тибет кыргыздарынын арасында бир жыл жашап, мен андай бир да баланы кѳргѳнүм жок. Бизде эмне үчүн ашкере тентек болушат, мунун себеби, инь же янь энергиясы кѳп болуп кеткенде балдар тентек болот. Эркектин мамилеси кѳп болуп кеткенде же аялдын мээрими ѳтпѳй чоңойгондо бала тентек болуп кетет. Ошон үчүн наристеге ымыркайынан тарта мээрим тѳгүп, тең салмактуу тарбия берип чоңойтуш керек.

Кыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору,
шаман жана дарыгер Жолдошбек Султановдун маегинен,
“Көк асаба”, 2013-жыл, 6-ноябрь

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *