Салижан Жигитовдун сабактары

(Уландысы. Башталышы)

jigitov_s-Сөз болуп аткан макала кошоматчы көңүлүңүздө дагы кандай пи-кирлерди ойгондурду?
-Ушу макаланы окуганда менин эсиме Касымалы Баялиновдун билдирүүсү кылт этти дебедимби. Мен да бейиши болгур Касыкеме окшоп ойлонуп отурсам, бир топ саясый чекилик кетирген экемин. Оо, баягы жылдары, совет доорунда Дооронбек Садырбаев «Акбаранын көз жашы» деген фильм тартып, ошону жууйм деп Чыңгыз Төрөкуловичти жаңы келинчеги менен, Бексултан Жакиевди, Сүймөнкул Чокморовду, Казат Акматовду, Эркин Борбиевди үйүнө чакырыптыр. Алар менен кошо мени да чакырган экен, аргасыз баргам. Былтыр бекен, күндүзгү саат он экиге бирөөгө бата кылганы ресторанга бардым эле, андан чыкканда жөө эле кете бербей, «түшүңүз, жеткирип коёюн» дегенинен Жыпар Жекшеевдин машинеси менен ишке жетип алгам. Топчубек Тургуналиев соңку жолу түрмөдөн бошогондо алдыман чыга калып, айласыз кол алышып учурашкам. Кудай сактаган экен дагы, кучакташкан да, өбүшкөн да эмесмин. Өзүнүн мени менен кучакташып көрүшкүсү бар болчу.

Асанбек Стамовичтин макаласынан кийин мен балакеттүү оппозиционерлерден жаа бою качайын деген бүтүмгө келип, кача да баштадым. Ошо макала жарыялангандан кийин эки-үч күн өтпөй каршы алдыман Топчубек Тургуналиев шыпылдай басып келатат. Мен жалт бурулуп, жолдун наркы өйүзүн карай салдым. «Салижан мырза, мени көрбөй калдыңызбы, токтосоңуз, кеп бар», - деп үн катты оңбогур оппозиционер. Мен укмаксанга салып койсом, ал артыман : «Салижан мырза, Салижан мырза», - деп тарпылдап чуркап калды. Мен кайрыла берип: «Мен сизди тааныбайт экемин, жолдош-ш!»-деп кесе айттым. «Мен жолдош эмесмин, мырзамын»,-деди Топчубек. «Мырза болсоңуз деле сизди тааныбайт экемин» , - деп шарт басып кеттим. Топчубек: «Асанбек Стамовдой ак көңүл да, адамгерчиликтүү да эмес турбайсыңбы!»-деп сөгүнүп кала берди.

-Асанбек Стамовичтин Дооронбек Садырбаевичтен сот аркылуу 150 миң америка долларын өндүрүп алам дегенине кандай мүнөздөмө бересиз?
-Дооронбек юбилейинин көркүн чыгарайын деп саясатка түк аралашпаган жазуучуну Ноокенге зордоп алып барган окшобойбу. Топчубек мырза да кадыр-баркын арттырайын деп аны мажбурлап машинасына отургузуптур. Анан да мактаган машинасын аварияга учуратыптыр. Анын айынан Асанбек Стамовичтин эки омурткасы сыныптыр, башы жарылыптыр. Баарысынан да мээсинин чайкалып калганы жаман болуптур. Анысы ушу жазган макаласынан билинип турат. Демек, бөөдө тарткылык тарттырганы үчүн Дооронбек менен Топчубек мырза ага 150 миң болбосо да 15 миңдей доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттүү. Жабыр тарткан жазуучубуз сынган омурткасын, жарылган башын, козголгон мээсин, бүлүнгөн көңүлүн жайына келтирип алсын. Андай кылбаса, ал жунгар-калмак жапырыгы жөнүндө жазып аткан романынын баш жагын макаласынын баш жагындай, аягын аяк жагындай жазып салып, кыргыз адабиятын бир жакшы чыгармадан өксүтүп коюшу мүмкүн.

Ал эми анын Дооронбектин тоюна жазып-тайып, атүгүл айласыз барып калганы, Топчубектин машинасына мажбурланып отурганы жөнүндөгү сигналын биздин азыркы чоңдор эске алууга тийиш.

«Агым» гезити,
29-октябрь, 2004-ж.

 

«ТАГДЫР ТАРТУУСУН ДАГЫ ПАЙДАЛАНА АЛБАСАК, ТАМАНГОГО АЙЛАНАБЫЗ»

-Салижан Жигитович, эгемендик башталышында, алакушту атынан айтсак, Россия кам-чомсуз Кыргызстанды итере түртүп салганда Сиз менен маек уюштургам. Беймаал олуялык сыяктуу көрүнгөн себептүү интервью жарыяланбай калган. Ошол мезгилдеги республикадагы кырдаалды Сиз Проспер Мерименин «Таманго» аттуу аңгемесине салыштыргансыз. Аңгеменин чоо-жайы кыскартып айтканда, мындай болучу: Африкадан кул сатып келаткан француз кемесинде негр кулдар Таманго деген эргулдун көкүтүүсүндө көтөрүлуш чыгарып, ак адамдарды моряк-соряктары менен кырып салат. Кулдар эсине келип, эми Атамекенге кайталы десе, кашайып кеме башкарганды эч кими билбейт, компас дегенден биринин да кабары жок. Ошентип катуу бороон, тоодой толкун ары-бери урган кемеде бүт кырылып, жалгыз Таманго аман калат. Аны Англия кемеси жарым өлүк бойдон жолдон таап алып, киши катарына кошот.

Сиз бул икаяны бага берип жадаган Россия таштап кеткен Орто Азия республикаларын башкаргандар «коллективдүү Тамангого» айланып, өз элин улуттук катастрофага алып келбегей эле деген мааниде айткансыз. Оозго сала бергендей болуп, кечээ президент Акаев эл-жерин таштай качаар алдында өз бийлигин чөгүп бараткан кемеге салыштырды. Акаев режими, ал башында турган Кыргызстан жетекчилери «коллективдүү Таманго» болду деп айтууга негиз барбы?
-Кыргыз эли уруу же улут башчыларынын дөдөйлүгүнөн жүз жылдан бери эле үч чоң улуттук кырсыкты башынан кечирди. Биринчиси, албетте, 16-жыл. Анда деле немистер менен орустар согушуп аткан. Падыша бийлиги оорукта иштегенге 9 үй-бүлөдөн 1 киши бергиле десе, кыргыз өзүнүн кичинекей, чабал, куралсыз экендигин унутуп, опол тоодой орустарга каршы аттанам деп калктын 44 процентин кырдырып алды. Болбосо кыргыз азыр кур дегенде 5 миллонго жетмек. Кийинки экинчи дүйнөлүк согушта деле немис менен орус салгылашты.

(уландысы бар)

А.Токтомушев, “Эркин Тоо”, 01.02.2013-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *