Салижан Жигитовдун сабактары

(Уландысы. Башталышы)

jigitov_s

СООДАДА УРУУ БОЛБОЙТ

-Бул жерде регион амбициясы жөнүндө сөз чыгып кетти. Жер-жерге бөлүнүү кыргызда мурда эле бар болчу, азыр да бар. Болгону мурда жашыруун, “подпольеде” жүрчү, азыр ачыкка чыкты. Аны коомдук пикир байкап атат, гезиттер ачык айтып, жазып жатат. Бул маселеге кандай карайсыз?
-Мен баягыда “КДК жаңы башталганда көпчүлүгүн ысык-көлдүктөр түзгөн деп эл айтып жүрөт” деп койсом, Казат Акматов силердин гезит аркылуу мага аябай жинденбедиби. Мен айтсам жинденет, андан кийин эле Сатыбалды Жээнбеков орусча гезитке жазып, мисалы, “баланча партия бастанча жердин партиясы, “Кыргыз руху” оштуктардын, “Асаба” нарындыктардын гезити” деп чогулушта бакырып чыкса, укмаксанга салат. Эми кеп анда эмес.

Илгери мен Чыңгыз Айтматов Жазуучулар союзунда төрага болуп турганда бир сунуш айттым эле: кыргыз баары бир жер-жерге бөлүнгөнүн койбойт экен, мындай болгондон кийин бардыгын ачыкка эле чыгаралы, б.а. регионализмди легалдаштыралы, жалпы бир идея боюнча бириге албаса, арга жок, азырынча ушу регион, регион болуп талаша берсин, анан бир күнү көңүлү калат, чоң иштерде жалаң эле жердештери менен туугандары арка-бел болбой турганына көзү жетет, анан барып идеялык ишеним, ой-пикирдин, максат-мүдөөнүн, адамгерчилик жалпылыктын өйдө турарын түшүнөт, ушунун баарын басып өткөндөн кийин гана интеллигенция улутту ойлонот, өлкөнү ойлонот. Чындыгында эле дүйнөдөгү эч бир көрүнүшкө тыюу салбаш керек, ошол тыйып атып ушуга жеткирдик, болбосо кыргыздын жердешчилиги жоголо турган учур небак келген. Эми мейли, регионализм менен да ооруп көрсүн, ал өзүнөн өзү эле жоголот, мисалы, мына шаар көбөйсө, бизнес, соода-сатык деген өнүгөт, алар болсо урууңду, улутуңду, оштук, көлдүк экениңди билбейт, ылгабайт, ким менен ким жакшы болуп,  эки жак тең пайдага тунуп турса, ошону менен иштей берет. Анүчүн оштук демократтын Ысык-Көлдү Оштон артык көрөрү же ысык-көлдүк демократтар Ошту  Ысык-Көлдөн артык көрөрү (ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир экенине карабай) эч мааниге  ээ эмес. Анан муну чоң маселе кылып, кыргызды урууга бөлүнүп күрөшмөй, регионализм күчтүү деп негизинен орус тилиндеги гезиттер жазып жатат, мындай карай келсең жаат-жаат болуп күрөшүп жаткан деле эч ким жок. Анткени кыргыз кадрлары азыр чыгып, азыр кыргыздашып баратпайбы...

ЗАМБИРЕКТИН АТПАСЫН БИЛИП...

-Чынын айтсам, ойдо жок эле, бирок бир суроонун ыңгайы келип атат: Казат Акматович “КМга” берген интервьюсунда (26-май, 93) Молдо Кылыч менен Тыныстановду актоого сиздин катышпай койгонуңузду айтат. Бул кандайча болуп калды, канткен менен сиз 20-жылдардагы адабият боюнча бирден бир адис элеңиз?
-Ооба, мен революциядан мурдагы кыргыз адабияты, фольклору боюнча адис эмесмин, совет адабиятынын адисимин. 20-жылдардагы кыргыз адабиятын да бир топ жыл изилдедим. 1981-жылы бардыгын жазып бүтүп, 82-жылы басмага тапшырдым. Бирок изилдөө объектимин көпчүлүгү саясий актала электигине байланыштуу китебим чыкпай калды. Ошондо, кыргыздын революционерлери, анда партократ, азыр “демократпыз” дегендер качып турганда орустар окуп, КГБ төрагасы Ломов уруксат берип, 1984-жылы эки тилде чыкты. Анда Акматов КП БКда иштечү, китеп чыкканда атайын окуган, оозеки мактаган, бирок басма жүзүндө, коомчулук алдында колдоо көрсөткөн жок. Аны айтып атканым, андан кийин Алматы окуясы болуп кетип, ошонун негизинде чыккан “Кыргызстанда улутчулдуктун баш көтөрүшү” деген токтомдун справкасына менин китебим да кирип калды. А кезде токтомго кирип калыш эмне экенин башынан өткөргөн билет. Мындай алганда, мен изилдеп, мен жазып, мен китеп кылып чыгарып, согулуп бүткөндө ачык-айкындык башталып, Горбачевдун өзүн сөксөң да эч ким эч нерсе болбой калгандан кийин Казат Акматовичге окшогондор “күрөшүп” атпайбы. Бул эми баягы, замбиректин атпасын билип алып, ДЗОТко боюн таштаган “Матросов” дегендей эле кеп да. Мен эч убакта өзүмдү баатырмын деп эсептебейм, китептеримдин көбү эле саясий айып тагылып кармалып, көбүнесе тонолуп-буталып чыгып атты. Ошондо деле башкаларга да, өкмөткө да нааразы болгон эмесмин. Себеби, шарт ошондой эле, чыкса чыгар, чыкпаса он жылдан кийин чыгат, эң негизгиси китеп жазыш кыйын деп койгом. Касым Тыныстанов өзүнөн өзү эле акталып аткан, К.Акматов күрөшсө деле, күрөшпөй койсо деле акталмак.

Эми “мага кошулуп чыкпай койдуң” деп Андрей Дмитревич Сахаров мени айыптаса чын эле жүйөлүү болмок, а бирок Казат Акматовичтин ошол убакта  Жигитов революционер болбой койду, биздин адабий мурасты изилдөөгө, актоого катышпады, Жигитов туруп алып, ушу мен эле чыгардым дегени кичине калпыс сөз.

Айтып атпайымбы, К.Акматов тиги кылымды да, бу кылымды да билсе, мен совет доору боюнча гана адисмин, ошону жазып бердим. К.Тыныстановду мен актап ийдим деп айталбайм, болгону таптым, изилдедим, китепте анча-мынча саясатка такалган жерлер, албетте, бар, бирок ошондогу берген баам, көз карашым, пикирим негизинен өзгөргөн жок. Баса, К.Акматов “күрөшүп” жаткан кезде Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун мурастары боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия аларды түп-тамырынан бери актаган. ЦК коркконунан коё тур дегенине карабай анын жыйынтыгы ушу силердин гезитке чыгып кеткен (“КМ” 11-август, 88-ж.). Казат Акматович ошо кезде өзү багыт берип турган ушул гезитти барактап койсо, мүмкүн Москвадан келген жана республиканын белгилүү илимпоз адабиятчыларынан, жазуучуларынан түзүлгөн ошол комиссиянын ичинде К.Акматов эмес, тилекке каршы, С.Жигитов бардыгын оңой эле баамдамак.

Эми мунун баары майда сөз.

(Уландысы бар)

Алым Токтомушев, «Эркин Тоо», 11.12.2012-ж.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *