Жаңы тасма. “Мезгил жана Алыкул”

Алыкул Осмоновдун ролунда - Чыӊгыз Мамаев.

Түндөр жаман…кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыӊды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу Ата Журт!

Жаз да башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.

Бүт дартыӊды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!

Алыкул Осмонов

«Тоолор көчүп, асман кулап, дайралар ташкындап селге айланып, нөшөрлөп төккөн жамгыр карга айланып,  бир заматта жаз кыш болуп, алыстан ачуу дабыш угулгансыйт. Ал дабыш жан дүйнө кыйкырыгым экен» дейт жан дүйнөсү акын, таланттуу режиссёр айым  Айдай ЧОТУЕВА өзүнүн «Кеп казына» аттуу китебиндеги бир шилтемдеринде. Жүз жылда бир жаралчу чыгаан акын Алыкул Осмоновду тасмага тартууга батынганы да бекеринен эмес экени көрүнөт.  Айдайдын кесиби журналист. Ч.Айтматов фонду уюштурган «Дебют-2007» мастер классынын, режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун «Мастер класс-2010» семинарларынын угуучусу. Ушул учурда Бишкектеги «Манас» кинотеатрында 18-марттан тарта көрсөтүлө баштаган анын «Мезгил жана Алыкул» тасмасын көрүүгө ашыккандар өтө арбын.

- Айдай, Алыкул Осмоновго кайрылуу идеясы сенде бир күндө эле пайда боло калбаса керек…
- Ооба, көӊүлүмө  көптөгөн жылдар бою багып өстүрүп келдим. Алыкул жөнүндө  жазылган булактарды ийне-жибине чейин окуп чыктым. Кыска метраждуу үч тасма тарткам. Ошонун бирөөсү «Сүйүү жана Алыкул» деген он беш минуталык  тасма болчу. Ал тасмада да Алыкулдун ролун Чыӊгыз Мамаев ойногон. «Мезгил жана Алыкул» тасмасында негизинен 30-50-жылдардагы акындын замандаштары, Алыкулдун алгачкы сүйүүсү Айдай жана Зейнеп менен акындын жашоосу чагылдырылды.

- Тасманы жаратуудагы курамда кимдер бар экенин атай кетсеӊ.
- Тасманын көркөм жетекчиси – Акылбек Мураталиев, оператору – Санжар Абдыжапаров, сүрөтчүсү Орозбай Абсатаров, аткаруучу продюсер Нишанбай Топчубаев, ал эми Алыкулдун ролун Чыӊгыз Мамаев, Айдай Жигиталиеваны Назира Бердигулова, Зейнепти болсо Гүлнур Асанова ойноду.

Режиссер Айдай Чотуева (солдон биринчи) тасма тартуу учурунда эмгек жамааты менен.

- Колдоочулар кимдер?
- Жазуучулар союзу, «Алыкул үй музейи», «Кыргызфильмкиностудиясы» колдоду. Көптөгөн адамдар биригип жараттык десем болот. Теледен кетип аткан жарнамалар да бекер.

- Кинороликтен көрүп атабыз, Ысык-Көлдүн жээги бирде толукшуган жай болсо, бирде бурганактаган кыш. Төрт мезгил теӊ чагылдырылгандай?
- Ооба, бир жылга жакын тарттык. Көлдүн жээгине кар жатпайт экен. Кар издеп Жети-Өгүзгө чейин бардык.

Акындын алгачкы сүйүүсү Айдай Жигиталиеванын ролунда - Назира Бердигулова.

- Акындын кичинекей Жыпар аттуу  кызына кимдин наристесин тарттыӊар?
- Биз тартып аткан жерде бир айлык эркек бала бар экен. Ата-энеси сурамжылатпай эле «балабыз киного тартылсын» деп көтөрүп келип беришти, өмүрүн берсин. Тасмада эмизгенде, баланын өз энеси эмизет.

- Алыкул «бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс, бир килем соксом деймин» деп, поэзияны өтө жогору койгон акын эле да. Алыкул – бир эле Алыкул. Ал кайталанбайт. Улуу акынды ошондой деӊгээлде ача алдым деп ойлойсунбу?
- Ачып бере алдым деп ойлойм. Жеӊил-желпи тасма эмес. Тасма тартуунун бардык жолун басып өттүк. Ысык-Атадан эки мүнөттүк эпизод тартылган. Ошол эки мүнөт үчүн биз эринбей эки күн бардык. 60-70 кишини массовка үчүн эки жолу чакырдык. Жетимиш кишини ошол жылдарга ылайыктап  чачтарын узартып, тырмактарын кыскартып, кийинтип, гримдедик. Гримдеген жагынан Гүлмира Давлетбекованын, ал эми эски үй, эски көчөлөрдү тартууда художнигибиз .... эмгегин баса белгилеп айтып коюшум керек.

Гүлнур Асанова, Зейнептин ролун аткаруучу

Акындын жубайы Зейнептин ролунда - Гүлнур Асанова.

- Гүлнур, Зейнептин ролуна кандайча келип калдыӊ?
- 100дөн ашык кызга кастинг болду. Ошолордун ичинен тандап алышты.

- Кино тартылып жатканда кандай кызыктуу окуялар эсиӊде калды?
- Алыкулдун кызы деп кичинекей жаӊы эле төрөлгөн алдейди алып келишкен. Сюжет боюнча ал чарчап калат эмеспи. Чарчап калган учурунда мага жасалма эле бала карматып коюшту. Баягы баланын кебетесин карап алып эле күлкүм келет, ыйлаш керек болчу.  Шайтан күлкү деп коёт го, күлкүм тыйылбай койду. Акыры, ыйлата турган каражаттарды колдонобуз дегенде намыстанып, анан ыйладым.

- Өзүӊ турмушка чыга элексиӊ, балалуу болуп көрбөгондүктөн, ымыркайды кантип кармап эне боло алдыӊ?
- Кыйын болду. Кичинекей алдейдин башы-мойну да шылкылдап турат экен, кармай албай атып араӊ көндүм.

Чыӊгыз Мамаев, Алыкулдун ролун аткаруучу

- Чыӊгыз мырза, улуу акын Алыкулдун ролун аткаруу оор болгон жокпу?
- Ушуга чейин «Учур» телетеатры Медетбек Сейталиевдин «Алыкулга гүлдесте» спектаклин койгонбуз. Мен Алыкулдун ролун жараткам. Айдай Чотуева ошол спектаклди көрүптүр. Өзүнүн кино тартсам деген оюн айтты.  Макулдашып эле тартылып калдык. Алыкул атабыздын эле ролу эмес,  ар бир роль актёрго түйшүк алып келет. Бардык роль өзүбүздүн балабыздай эле.  Алыкулдун ролу мага чоӊ ийгиликтерди алып келди. Спектаклден кийин маданияттын мыкты кызматкери болдум. Ардак грамоталарды алдым.

- Өзүӊ дагы бир караганда Алыкулга түспөлдөшүп кетет экенсиӊ?
- Буга чейин телекөрсөтүүлөрдү, спектаклдерди көрүп алышып,  кээ бирлер мени  «Алыке, Алыкул» деп таанып калышкан. Бирок, сырткы окшоштук эле болбосо, жан дүйнөӊөн чыгармачылык менен бирдемени жаратпасаӊ, кайдан окшошосуң.

- Поэзияга кандайсыӊ?
- Аракет жасадым. Ар жакта угуш жок окшойт. Бирок, төрт саптын башын кошуп шилтейм. Изденип калам.

- Актерлук окууну бүтүргөнсүӊбү?
- 17 жашымда Нарын театрына окубай туруп эле кирип кеткем. Кийин Кыргыз драма театрынын окуу жайын бүтүргөм. Азыркы учурда Б.Бейшеналиева атындагы институтун сырттан окуп бүтүрүп атам.

- Алыкул өзүнүн оор тагдырын гүлдөгөн гүлгө айланта алды. Тагдыр жөнүндө эмне айта аласыӊ?
- Жүз жыл жашасаӊ да, миӊ жил жашасаӊ да өлүм үчүн баарыбыздын  катарыбыз бирдей экен. Бир келген өмүрдө элиӊ үчүн, жериӊ үчүн эмгек жасаш керек. Алыкул өзүнүн 35 жылдык кыска өмүрүндө эли үчүн зор эмгек жасады.

- Акынды ойноп атканда ал тууралуу түшүӊө кирген жокпу?
- Түшүмө кирген жок, бирок, спектаклде ойноп атканымда желкем тырышып, кыйналгам. Куран окутуп, бата сурап тилек кылгандан кийин жакшы болуп калдым. Кино тартаардын алдында да акынга багыштап кой союп куран окутулган.

Динара Бейшеналиева, “Көк асаба”, 21.03-04.04.2012-ж.

Читайте также:

комментария 4

  1. На днях сходила с родителями на этот фильм. Мама смотрела ролики и долго ждала премьеры. В итоге: разочарование, непонимание, злость и обида. Обида за то, что такого великого человека, который написал сотни красивых, полных эмоции и жизни строк показали сухим, черствым человеком. В сцене, где он прощается со своей любимой Айдай он не то, что не проронил ни одной слезинки, даже брови не нахмурил. было чувство. что Айдай ему далеко равнодушно и только она крепко и горячо любила его. А как вообще можно было так снять сцену смерти дочери??????
    Вечер. Зейнеп и Алыкул выбирают имя для своей малышки. Алыкул мечтательно смотрит на улицу, на небо, звезды. Думает какое бы имя дать дочери и вдруг Зейнеп начинает кричать: "Алыкул, кызыбыз дем албай калды! Алыкул!" Алыкул берет ее на руки, смотрит и не верит глазам. Жена там кричит, плачет. И все, дочка умерла. Разве смерть так показывают. Я понимаю, что она приходит негаданно. Но любой здравомыслящий человек попытается спасти дочку, не знаю, хотя бы искусственное дыхание,массаж сердца, позвать на помощь, но не смотреть же глупо на нее. И на этом сцена обрывается. Как я понимаю фильм - это действие. Это в первую очередь картина. Все что можно показать, лучше не проговаривать. Потом в дальнейшей сцене становится ясно из уст его жены, о том, что Алыкул в тот вечер взял ребенка и ушел вместе с ней и никто не знает где он ее похоронил. неужели нельзя было это показать. Как Алыкул плачет от горя, роет землю руками от отчаяния. В фильме вообще нет чувств, эмоций. Нет игры. только слова (и то ооочень много ненужных диалогов).

    Фильм называется "Алыкул жана мезгил". Все что режиссерам удалось сделать это на самом деле показать Алыкула и четыре времени года. Алыкул гуляет по полю осенью, на джайлоо - весной, по берегу Ысы-Куля летом и еще где-то зимой. И что? Разве это раскрывает весь смысл фильма? Но если вашей главной задачей было именно это, то поздравляю все у вас получилось. Потому как сцены на самом деле, надо отдать честь оператору, получились красивые, что ни кадр - художественная фотография (ну это я как любитель говорю).

    Но где фильм? где рассказ? Вы дали общую информацию об Алыкуле Осмонове, которую мы и так получаем в школе. Вы дали нам послушать его стихи, но мы сами можем прочитать. Мы хотели увидеть историю, жизнь, время и Алыкула.

    Ужасна сыграна роль Зейнеп, жены Алыкула. Актриса сама толком не понимает кого она играет. Где характер, где сила, где эгоизм, где жесткость? нифига нет. одна истерика и смазливые взгляды.

    Словом, ужасна разочарована фильмом. Нужно иметь не только деньги, идею, но и отличное знание и понимание режиссуры, чтобы замахнуться на такую личность как Алыкул.

    • kmb3:

      Мен бул тасманы көрө элекмин. Ошону үчүн бир нерсе айтыш мага кыйын. Бир гана белгилей кетким келген нерсе, атактуу адамдарды ар-бир адам ар кандай кабылдайт жана алар тууралуу тасманы көргөндө алардын бул атактуу адам тууралуу анын элестеткени, режиссердун ал кишини "көргөнү" менен төп келе бербейт. Мындай элдик адамдарды кинотасмага алып чыгуу - өтө жоопкерчиликтүү иш.

  2. мээрим:

    Урааа "Мезгил жана Алыкул" быйыл сыйлыктардын баарын утту.Ичинер куйсо туз жалагыла.

  1. 07.12.2015

    […] «Мезгил жана Алыкул» тасмасынын эпизоду. Кыргыз маданият борбору сайтынан […]

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *