Белек Солтоноев кыргыздын алгачкы этнографы

Тарыхый иликтөөлөрдө кыргыздар Азия мейкининде көөнө замандан бери жашоо кечирген, жоокер мүнөз эл экендиги аныкталганы менен уңгусуна уютку болгон өзөгү эпикалык чыгармалар менен санжыралык табышмактарга катылган элдин тарыхын илимий нукка түшүрүү бүгүнкү күнгө чейин түркүн жагдайда каралып келе жаткандыгын танууга болбойт. Жашоо тагдыры башкаларды кайталабаган алпейим элдин эртегисин эртеңкиге жеткирүү аракетинде бүгүнкү күндө далай кесипкөй адистер аракет жасап жаткандыгы чындык. Кыргыз профессионал тарыхчыларынын илим чыйырын түптөгөн Белек Солтоноевдин көзү менен элибиздин этнографиялык баалуулуктарын кароодон мурда тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаевдин 1) "Биздин заманга чейинки үчүнчү кылымдан тартып, кыргыздардын тарыхына, этнографиясына тиешелүү маалыматтар кытай, кыргыздар өздөрү калтырган жазма булактарында, тарыхый эстеликтерде сакталып келген. Ошондой эле маалыматтар орто кылымдардагы араб-фарси, түрк географтарынын, тарыхчыларынын эмгектеринде да чагылдырылат."(1) -деп келип, он тогузунчу кылымдын аягы жыйырманчы кылымдын биринчи чейрегинде илим айлампасында алектенген Белек Солтонгелди уулунун өзгөчө ордун белгилегендигин айтуу менен сөз баштасак.

Белек Солтоноев бөлөк эмгектерин айтпаганда да этнограф катары профессионалдык тарых илимине чыйыр салган адис. Башка калктарга окшобогон жан дүйнөсү, жашоо тиричилиги, руханый азыгы, табышмактуу тагдыры бар кыргыз элинин тарыхын иликтөөнү өзүнө багыт кылып алган тарыхчы: "Тарых жыйууга киришкен бир себебим: 1890-жылдан баштап тарыхка кулагымды сала баштап, көңүлүмдү койуп жүрсөм да 1895-жылдын айагына жакын бир күнү Прунза калаасындагы бир дүкөнгө кирдим. Жыйылуу турган көп китеп бар экен, "Китептериңизди алып бериңизчи көрөйүн"-десем, дүкөнчү бир топ китепти алдыма койду, билүүмдө дүкөнчү өзүбек болуу керек эле, китептерди карасам Аптиек, Сополдийар сыяктуу китептер экен: жакшы сулуу тышталган 3-4 китепти кайта алганда, ал эмине китептер көрсөтүңүз дегенимде, "Булар тарых китептер, сизге ылайыгы жок"деп кайтадан алып койгондо, тарых китептер дегенинен кызыгып, тарых кабарын карыялардан угуп жүргөнүмдөн өтө кадаланып сурай баштадым, бербеди, "Сатыңыз"-десем," саган тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген иттен тараган, атаңар ит, энеңер кырк кыз"-деди; бир аз карап туруп, жаш башым ызалыктан ыйлай жаздап, жанымдагы жолдошумдан уялганымдан араң басып кеттим. Кыргыз анык эле иттен таралганбы, -деп көбүрөөк ойдо калдым; ошондон баштап кыргыздын анык кайдан таралып чыкканын билмекке орусча, мусулманча тарых китептерин издеп таап ала баштадым..." (2) -деп өзүнүн иликтөөгө киришкенин айтат. Кырк жылдан ашык илим түйшүгүн тарткан Белек Солтонгелди уулу негизги дитин ошол өз учурунда дүйнөгө аты таанылып калган "Бичурин (Ийаканф), Бартольд, Радлов, Аристов, Миллер, Катанов, Фишер, Григориев, Махмуд Кашкари, Абулгазы жана башка изилдөөчү, аалымдардын жараткан эмгектеринен маалымат алууга багыттап, бири-бирине салыштыруу аркылуу кыргыз тарыхын жазгандыгы тарых сыйлоочуларга шам чыракка айланган. Илимпоз кыргыздын тарыхка илингенинен баштап, 1917-жылга чейинки маалыматын тактоо аракетин жасоо менен алардын көөнө журт ээси катары кандай этнографиялык өзгөчөлүктөргө эгедер экендигин изилдөөнү максат кылган.(3) Бул учурда чиелүү маселе болбой калгандыгы менен эгер улутка күйгөн Б.Солтоноевдей тубаса адистер тактап, жазып калтырбаса жыйырманчы кылымдын башатында профессионалдык тарых илимине маани бербеген кыргыз эли улуттун улуулугун, өзгөчөлүгүн тастыктаган далай баалуулуктардан куру жалак калаары дайын болчу.

Ансыз да элдин ынтмакчылыгын бекемдеген өзгөчө нарк болгон уруктан урууга, уруудан үч канатка, үч канаттан улутка баш койгон философиялык түркүктү 150 жылдан ашуун башка элдердин, улуттардын шовиниситтери кыйратуунун аракетинде болду. Ошонун натыйжасында элибиздин тууганчылыкты туу туткан биримдигине доо кетип, жакшыдан жаманды, адалдан арамды, өздөн жатты ажырата албаган, амал менен акчанын кулуна айланган манкуртчулуктун туткуну болдук. Белек Солтонгелди уулу: "Кыргыздын оозеки тарыхын жазууга ар урук элдин өзүнүн жети атасына жете билгендиги зор жардам берет. Кыргыз жети атасын билбегенди " жети атасын билбеген жетесиз" деп кул катары санайт. жети атасын билүү ал аркылуу тарых түзүшкө өтө зарыл болот. Ушундай себептер менен кыргыздын бир далай эски карыяларынан сөз билген чечендеринен , көптү көргөн көсөмдөрүнөн, үйдө жаткан карыялардан тарых сөзгө 1890-жылдан баштап кулак салып, 1895-96-жылдардан баштап тарых сөзүн ташпиштөөгө киришип, сөздүн чынын ылгап, дал туура чыккандарын терип жүрүп, азыраак "оң, сол" аталган кыргыздын түп тарыхы жазылды." -деп, (4) ал эми көөнө кыргыз тарыхын башка элдердин илим аалымдарынын өзүнө чейин жазган эмгектеринен алынгандыгын белгилейт. Кыргызмын деген ата уулу өз санжырасын билүү аракеттерин жасоосу, анын тарых-таржымалын тактоону максат кылгандыгы бабалардан келаткан нарк-насилдин көөдөн сезиминен өчпөй тургандыгын билдирет. Кыргыздын өзөгүн түзгөн уруулардын ар биринин купуя мыйзамына мүнөздөрү, өзгөчөлүктөрү, жашоо тиричилигиндеги айрымачылыктар, нарк-насили катылган. Муну этнограф дыкаттык менен чечмелеп берген.

Кыргыздын уруулук бөлүнүштөрү гана эмес жашаган географиялык шарты, ээлик кылган аймактары, башка элдер менен карым-катышы, мамилеси, жоокерчилик абалы тууралуу да маалыматтарды калтырып, Белек Солтонгелди уулу Энесайдын башатынан Тянь-Шань, Памир, Котон тоолорунун жылга жыбыттарына чейин кыргыз ээлигинде болгондугун (5) тарых далилдерине таянып белгилеп кеткен. Ушуга байланыштуу бир окуяга кайрылалы. 2003-жылы июнь айында Кыргыз-Россия тарыхчы-аалымдарынын катышуусунда уюштурулган эл аралык экспедициянын курамында жүрүп Хакасиянын Шира аймагындагы Аргыстар айылында кыргыз (хакас) тууралуу маалымат алуу үчүн 80 жаштагы Мака апа жана 76 жаштагы Саматок атага жолукканбыз. Алар хакастардын "ак сөөк" жана "көк сөөк" деген урууларынан (тукумунан) экен. Муну мисал келтирип жатканым, ошолор кыргыз (хакас) тилин унутуп бара жатышканы менен өздөрүнүн уруусунун тарамы (схемасы) тартылган кагазды тумардай сактап жүргөнү, үй бүлөсү тууралуу сураган сурообузга куюлуштуруп, жамактап, бир топко чейин ыр аркылуу жооп бергени, бизге ыйык туткан темирден жасалган эн-тамга белгисин алып чыгып көрсөткөнү болду. Башатын төбөйлөр түзгөн деген санжыралык маалыматы бар, бүгүнкү Тыва республикасынын аймагында жашаган кыргыз насилиндеги (кыргыз сөөктөр) атуулдар өздөрүнө Кыргыз деген фамилияны ыйгарышкандыгына күбө болдук. Көгмөн (Саян) ашуусунун этегиндеги карагайлуу токой арасында көккашка тунук өзөндүн жээгин конуштаган, салтты сактап, эр жагы менен эпчи жагын алмаштырбай төрү ыйык делген боз үйүнөн түтүнүн булаткан, акка абайлай мамиле кылган, меймандоостук менен өтүнүчүбүздү четке какпай, тартынбастан ооз комузун сыбызгытып кагып берген кандашыбызга учурадык.(6) Буларды белгилеп жатканым биз канчалык эскирген уруучулдукту (улутчулдук) калдык катары эстен чыгарууга аракеттенгенибиз менен эртеңки күнгө эстелик болуп улана берчү сыр жаткандыгын биле жүрсөк. Тил унутулушу, кебете-кешпир өзгөрүшү мүмкүн бирок, көкүрөктөгү дилге, эс тутумду эч ким өзгөртүп, ээлик кыла албастыгы тирүүлүк чындыгы.

Эми этнографтын кыргыздын байыркы улуттук эр оюндарынын бири ордого кандай чечмелөө жасагандыгын карап көрсөк. Көчмөнчүлүк жашоонун негизги өзөгү болгон жоокерчилик духту кармап туруу кыргыздын жашоо тиричилигинде көнүмүш адат болгон.

Кыздары үй тиричилигинен сырткары, энесинин кол ишин улантып сайма саюудан, эр кийимдерин даярдоого чейинки чеберчиликти өздөштүрүү аракетин жасаса, эркек бала төрөлө электе эле ага арнап атасы атайын баштык даярдатып, абалак, чүкөлөрдү чогултуп топтогон. Бул адат жоокер элдин тукуму катары бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткандыгы кызык көрүнүш. Көпчүлүк кыргыздын үйүндө азыр да согуш өнөрүнүн философиялык ыкмалары катылган, тактикалык эрежелерин тастыктаган ордо оюнуна жетээрлик чүкөлөр чогултулган. Кыргыздар байыртадан киндик каны тамган жерди мисир тутуп, түтүнүн булаткан боз үйүн ордолуу шаар эсептеген. Тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңкилдек, уюм тууду, селкинчек жана башка оюн-зооктору тууралуу айтып келип, Белек Солтоноев: "Эски кыргыз балдарына тажрыйбалуу, өрнөктүү иштерди оюн менен көрсөтүп, ырчы, комузчу, кыякчы, темир комузчу, чоорчу, сыбызгы, сурнайчылары "күү" аркылуу көп тажрыйбалуу сөздөрдү илгертен улам кийинкиге ала келген, ушулардын бири ордо оюну болуп, бул башка элде болбостон, жалгыз кыргызда болуп, эски замандагы согуш жөнүн көрсөткөн, маселен:
1. Тегерете чийин-камал, чеп, коргон, шаар сыяктуу.
2. Дал ортосу-борбор жаки жыйырма кадейт(туу түбү).
3. Калың чүкөнү тигип, ортосуна абыдан бир чоң чүкөнү жаки ордодон оңой менен атып чыгара албай турган кылып чүкөнүн сыныгын коюп, аны "хан" деген; бул аныгында "хан" жаки туу түбү.
4. Ханды тегерете коюлган көп чүкө- хандын аскери.
5. Ордо атуучулар эки бет болуп чүкө калчашып, кимисинин чүкөсү консо, ошол жак биринчи кезекте атат. Бул күчтүү жоо, мисалы күчтүү жоо калаага чабуул кылганы.
6. Ар бир ордо атуучу кишиге беш чүкө тийиштүү болуп, үч аткан оюнга ээ болот, мисалы беш аскердин үчөө согушка киргени.
7. Чийинден өтпөстөн атат-коргон, сепилден өтпөстөн атышканы.
8. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыкпай калса, ал аткан оюну өлөт, согушка киргендин өлгөнү.
9. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыгып турса, оюнчу өлбөстөн ата берет. Мисалы беттешкен жоосун өлтүрө берген сыяктуу.
10. Чийинге жакын келген чүкөнү кадайт (кадамак)-жекече чыккан же кароолго чыгып келген жоону өлтүргөнү.
11. Атылган чүкө чийинден чыгып, чийиндин эки кадам томпою чүкөгө жакын жатып калса, бир бутун тизелеп,бир бутун тамандап чүкөнү олтуруп чертет-мисалы, аты өлүп жоо менен жөө согушуу, жаа менен эмес, колмо-кол согушуу... -деп, ордо оюнуна өзгөчө токтолгон. (7)

Этнограф элибиздин көчмөчүлүк жашоо тиричилигинде өзгөчө жоокерчилик, согуш өнөрүнө айрыкча маани бергендигин тастыктап, ордо оюнун жыйырма экиге бөлүп, согуш амалдарын чыпчыргасын калтырбай чечмелейт. Мунун өзү тарых тереңиндеги жоо бөрүсү атанган ата-бабалардын, "баш тоголотуу" ыкмасынын бир көрүнүшү жаткан сыяктуу.

Кыргыз элинин руханый дүйнөсүнүн туу чокусу катары эсептелген "Манас" эпосунун айланасындагы жомок, легенда, ойдон чыгарылган көркөм образ дегенден, тарыхый инсан катары каралган маалыматтарга чейинки талаш тартышка тарыхый аспектиде кароого Белек Солтонгелди уулу да аракет жасаган. Сегиз элдин башын бириктирген кан Манас доорун кайсыл мерчемден издесе болоорун тарыхчы: " Манас өлгөн соң каракытай, кытай, калмактын бул сегиз урук элге үстөмдүк кылып жана ал сегиз урук эл өз араларынан бузулганына караганда жана да сегиз элдин бирленип баш кошуп, бир мамлекет качан болгонун тарых боюнча таптыштаганда менин көбүнчө пикирим Манасты төмөндө жазылган доорлордон тигилип алып издегенде табылуу мүмкүн.

Кыргыз(Гийан-гун) мамлекетин биздин эрадан 210 жыл мурун гундардан жеңилип тараганы.
Гундардын мамлекети бузулган (биздин замандын I кылымында) доору.
Көбүнчө Алтайдагы огуз түрктөрүн (Тугю,Тюкю) VI кылымдан VIII кылымдын ортосуна жете өкмөт кылган доору.
VIII кылымда араптын Орто Азийага каптаган доору.
Караханийлердин Синц Яндан чыгып Орто Азийаны караткан доору.
Көбүнчө кыргыздын улуу мамлекет курап, кайтып жыгылган доору.
Каракытайдын Орто Азийага чабуул кылган доору.
Темир заманынын доору.
Ойроттордун Орто Азийага каптап келген доору."- (8) деп үмүт байлаган угут таштаган.

Албетте, уңгулуу улутту ааламга тааныткан Кыргыз руханый дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Манас эпосунун Манас баш болгон каармандарын жомок деп төгүнгө чыгарууга эч кимдин акысы жок. Анын учу кыйырсыз тарых бүктөмдөрүнүн кайсы бир өңүрүнөн издеп- иликтөө тарыхчылардын жана тарых изилдөөчүлөрдүн ыйык парзы.

Манас тууралуу иликтөөгө улай Белек Солтонгелди уулунун : " баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз" деген эски макалды мисал келтирүү менен баарынан кул, кедей көп, анан баатыр, анан бай, анан бий деп аны чечмелегендигине токтололу. "Кыргыз кандайды баатыр деген? Кыргызда баатыр алты даражага айрылат.

1.Октон-чоктон качпаган, алды-арты, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан тоодон кулаган таштай чимирилип жалгыз качырып, күндүз, мейли түн болсун, тоо улуусу аң-кемерди көзгө илбестен жоого тийип, жоону кайта-кайта аралап салышып, быт чытын чыгарып качырат, же өзү талкаланат. Мындайды кыргызда "Адам шери" деп атаган.

2.Жоодо жаралуу болуп калса, маселен, колу сынса мойнуна тагып асып коюп, буту сынса канжыгага байлап коюп урушкан. Жарага өтө чыдамдуу болуп көтөргөн, башынан аккан кан көзүн көрсөтпөй каптаса шыпырып коюп, согуша берген. Суусап кетсе атынын терин жалап жүргөн. Мындай баатырды "Кара көк, же көк жал" деген.

3. Жоонун ыгына жараша урушуп, ыгы келген жерде жалгандан качымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып бириндеп калган кезде кайтадан качырып сайып алган, жолдошун жоого таштабаган, жөө калтырбаган баатырларды "Илекор баатыр" деген.

4. Жанына жолдош албастан, алыс-жакынга жеке өзү жүрүп, жылкы алат. Жоосун жоолойт. Мындайларды "Жеке баатыр" деген.

5. Өзүнөн башка жолдоштору баатыр жана теңтуш болсо алар менен бирге жүрүп, өзү жоодон коркуп качайын десе да жолдошторунан уялып качпастан урушуп жүрүп, ошого дагдыланып, кийин баатырдыкка чыгат. Мындайларды "Ээрчиме баатыр" дейт.

6. "Мен дагы элдей эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн" деп анык баатырларды туурап жоону качырып дайым жоого түшөт. "Айласыз баатыр чочкого чабат" деген макал ушундан калган. (9)

Этнограф Белек Солтоноевдин калтырган мурастарынан манасчылык, ырчы-комузчулук, уруулардын бөлүнүштөрү, саяпкерлик, саятчылык, мүнөшкөрдүк, сынчылык жана башка багыттагы табылгаларынын ар бирин өзүнчө иликтөө бутасына алууга болот.

Тиркеме:
1. О.Каратаев, С.Эралиев Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.
2005-жыл, 5-бет.
2. Б.Солтоноев "Кыргыз тарыхы" 2003-жыл, 98-99-беттер
3. Ошол китептен 9-бет.
4. Ошол китептен 19-20-бет.
5. Ошол китептен 9-бет.
6. Материалы международной археолого-этнологической экспедиции... (Бишкек-Хакасия-Тува-Алтай-Бишкек) 2003-ж.
7. Б.Солтоноев "Кыргыз тарыхы" 2003-жыл, 13-15-беттер.
8. Ошол китептен 208-209-беттер.
9. Ошол китептен 297-298-беттер.

Султан Абдыракманов, “Тарыхый мурас”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.01.2010-ж.

Читайте также:

1 комментарий

  1. назар:

    маалымат аябай жакшы экен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *